Киргизско-русский словарь Юдахина
подражание звуку отрывистому и на низких нотах;
барт кекир- громко рыгать;
барт-барт күл- громко и самодовольно смеяться;
барт-барт чайна- жевать с хрустом;
"жургөндөр кимсиңер?" деп жылкычылардын бири барт этти "кто там ходит?" - рявкнул один из табунщиков.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Морт нерсенин сынганынан, кекиргенден, бир нерсени чайноодон чыккан сыяктуу дабышты билдирүүдө колдонулат. Бадыраңды барт-барт чайнашты (Сасыкбаев). Барт кекирип коюшуп, Акман, Дмитрий да ичкен (Сыдыкбеков). || Коңур же жоон үндө кыска-кыска чыккан дабышты билдирүүдө колдонулат. Токуш тигиге угуза барт-барт сүйлөдү (Таштемиров).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БАРТАЛ АТ (иранча жүк жүктөөчү ат) — Сагымбай Орозбаковдун вариантында Манас кырк чоросу менен ууга аттанганда, казатка жөнөгөндө, «Токсон баштуу жолум үй, Баарын чечип бүктөтүп, Бартал атка жүктөтүп» (Сагымбай Орозбаков, 4. 263),— деп эскерилет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БАРТЕРДИК БҮТҮМ – тышкы соодага байланыштуу алмашуу келишиминин аталышы. Б. б-гө баасы бирдей товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү, акыл эмгегинин натыйжаларын алмашуу каралган бүтүмдөр кирет.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БАРТЕРДИК БҮТҮМ – тышкы соодага байланыштуу алмашуу келишиминин аталышы. Б. б-гө баасы бирдей товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү, акыл эмгегинин натыйжаларын алмашуу каралган бүтүмдөр кирет.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Барт-барт этүү. Ачка болгон аттардын оозунда аптыга сугунган тоо чөбү бартылдайт. || Кыска-кыска жоон үнү чыгуу. – Коркпо садагаң! – Алда кимдин бартылдаган жоон үнү Динарга туура жактан угулду (Сыдыкбеков)