Киргизско-русский словарь Юдахина
барак I
1. лохматый, косматый, с длинной шерстью;
барак ит длинношёрстная собака;
барак кулак ат лошадь с лохматыми ушами (т.е. непородистая лошадь);
барак эл миф. волосатый народ;
илгери барак эл болот дечү эле, туда боюн түк баскан фольк. в прежние времена, говорят, был народ барак, всё тело его покрыто волосами;
2. южн. тучная земля;
барак челек деревянное ведро, бадья.
барак II
ар.
1. лист (бумаги);
2. перен. страница;
тарыхка эң сонун жаңы барактарды жазды он вписал в историю новые славные страницы;
аткаруу барагы юр. исполнительный лист.
барак III
барак.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Китеп, дептердин же кагаздын бөлөк-бөлөк тилкеси. Жүз барактан турган китеп. Эки барак кагаз.
БАРАК II зат. Убактылуу туруу үчүн жеңил-желпи тургузула койгон жыгач үй. Токтогулдар жаткан баракка орус революционерлери да келишти (Бөкөнбаев).
БАРАК III сын. Узун тармал жүндүү; апсайган. Барак ит. Барак жүндүү.

Киргизско-русский словарь Юдахина
ар.
(или жай баракат или жайбаракат)
спокойно, в полное своё удовольствие; благодушно; в блаженстве;
үйүндө ыракаты жоктун, талаада кош баракаты бар погов. кому дома покоя нет (напр. жена сварлива), тому в поле двойное блаженство;
аны жай баракат, шашпай мээледи он нацелился в него спокойно, не спеша;
баракатта жат- пребывать в покое, блаженствовать.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сырд. Кубаттоодо, мактоодо, ыраазы болууда же кекээрлеп какшыктоодо айтылат. —Баракелде, балам!— деди жашын кылгыртып унчукпай олтурган узун кара киши (Аалы). —Бах! Баракелде совет элинин күчүнө!деди Жапар (Баялинов). Калпыңа баракелде! (Сыдыкбеков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
баракелде, баракелди
ар.
1. хвала!, ловко!;
макташты - "баракелде!" дешти баары стих. все похвалили, сказали "ловко!";
баракелде эбиңе! ловко это у тебя вышло!;
бактысын жоодон коргогон, баракелде уул, кызга! стих. хвала сынам в дочерям, охраняющим счастье (родины) от врагов!;
туруктуулугуңарга баракелде хвала вашей стойкости;
калыстыгыңызга баракелди хвала вашей беспристрастности;
2. вот тебе на! (выражение удивления).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кубаттоо, мактоо маанисинде колдонулат. Баракелде, техниканын күчүнө! (Сасыкбаев). Баракелде, кырк жигит, Маашыр болдум эрдикке («Эр Төштүк»).|| Кекээрлеп какшыктоодо колдонулат. Калпыңа баракелде! Жок шумдукту табасың! (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Кичинекей барак. Баракча кагазды колуна жаза кармап, Сеитов алдыга өттү (Сыдыкбеков).
2. саяс. Көбунчө саясий мазмундагы кичине брошюра, китепче же барак кагаз.
Күжүрмөн баракча — мыкты иштегендердин жана начар иштегендердин күндөлүк ишин чагылдырып көрсөтүүчү дубал газетасынын бир түрү. Колхоздун баштапкы партиялык уюму.. күжүрмөн баракчаларды чыгарып турат («Коммунист»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кичинекей барак. Баракча кагазды колуна жаза кармап Сеитова алдыга өттү (Сыдыкбеков). 2. Басмага басылган же кол жазма түрүндөгү көбүнчө өз учурунун жетилген саясий маселелерине арналган барак. Марфа кайсы бир учурларда бетинде басма жазуусу бар баракчаларды Ашырга жашырып берип туруучу (Сасыкбаев). Андрей баракчалар таңгагын ортого таштады (Сасыкбаев).