Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Китеп, дептердин же кагаздын бөлөк-бөлөк тилкеси. Жүз барактан турган китеп. Эки барак кагаз.
БАРАК II зат. Убактылуу туруу үчүн жеңил-желпи тургузула койгон жыгач үй. Токтогулдар жаткан баракка орус революционерлери да келишти (Бөкөнбаев).
БАРАК III сын. Узун тармал жүндүү; апсайган. Барак ит. Барак жүндүү.