Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сырд. Кубаттоодо, мактоодо, ыраазы болууда же кекээрлеп какшыктоодо айтылат. —Баракелде, балам!— деди жашын кылгыртып унчукпай олтурган узун кара киши (Аалы). —Бах! Баракелде совет элинин күчүнө!деди Жапар (Баялинов). Калпыңа баракелде! (Сыдыкбеков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
баракелде, баракелди
ар.
1. хвала!, ловко!;
макташты - "баракелде!" дешти баары стих. все похвалили, сказали "ловко!";
баракелде эбиңе! ловко это у тебя вышло!;
бактысын жоодон коргогон, баракелде уул, кызга! стих. хвала сынам в дочерям, охраняющим счастье (родины) от врагов!;
туруктуулугуңарга баракелде хвала вашей стойкости;
калыстыгыңызга баракелди хвала вашей беспристрастности;
2. вот тебе на! (выражение удивления).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кубаттоо, мактоо маанисинде колдонулат. Баракелде, техниканын күчүнө! (Сасыкбаев). Баракелде, кырк жигит, Маашыр болдум эрдикке («Эр Төштүк»).|| Кекээрлеп какшыктоодо колдонулат. Калпыңа баракелде! Жок шумдукту табасың! (Сыдыкбеков).