БАРАҢ
Энциклопедия "Манас". ч.1.БАРАҢ (арабча-иранча — ференг, паранги) — этноним. Орто кылымдарда мусулман чыгышында элдер европалыктарды ушундай аташкан (байыркы европалык этноним «франктын» өзгөртүлүп айтылышы). Эпосто кыргыздардан алыста жашаган эпикалык эл катары айтылат. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Манас бараң каны Балтаматты жеңгени өзүнчө чакан эпизод катары сүрөттөлөт. «Көкөтөйдүн ашында» бараңдын канына да башка элдер менен катар кабар айтылат. Молдобасан Мусулманкуловдун вариантынын «Семетей» бөлүмүндө Семетей менен араздашып, андан өч алууну ойлогон Чынкожо бараңдын каны Балтаматка жөө тентип барып, кызматын кылып, ишеничине кирип, алты жылдан кийин канаттуу кара атын, алты атар мылтыгын уурдап качканы айтылат. Саякбай Каралаевдин вариантында «маңдайында бараң бар, балталашчу душман далай бар» — делип кыргыздын жоосу катары эскерилет.