БАРМАГЫН ТИШТӨӨ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Өткөн ишке өкүнүү, арман кылуу, өкүттө калуу (көбүнчө ойлогон ою орундалбай, иши оңунан чыкпай калган учурда). Көбүрөөк чыгат го деген үмүтү ойрондогондо Айылчы бармагын тиштей мыкыйды (Бейшеналиев). Тирүүсүндө сыйлап жүрө албагандыгына өкүнүп, ошондо бармагын тиштеди (Абдукаимов). Барпы жаштыгын, аял ала электигин эстеп бармагын тиштеди (Байтемиров). Үйүжок, жайы жок тентиген неме да! Мейли, өз убалы өзүнө тим кой өкүнүп бармагын тиштесин (Айтматов). Кетирилген чекилигимди эстеп, бармагымды тиштедим (Айтматов).