Краткий этимологический словарь кыргызского языка
«Бары, бардыгы» деген мааниде барча сөзү да кыргыз тилинде сейрек колдонулат. Мындай сөз өзбек, татар тилдеринде активдүү айтылат. Бул сөз баары (<--бар+ы), бардыгы (<--бар+дык+ы) сөздөрү сыяктуу эле бар деген сөздөн жана -ча мүчөсүнөн турат. Алтай тилинде ончо деген сөз он+чо дегенден туруп, «бардыгы» деген маани берет. Мындагы -ча мүчөсү канча деген сурама ат атоочтун аягында келген -ча мүчөсү менен тектеш жана ошол канча деген суроого ылайык жооп катарында айтылган мынча, анча, ушунча, ошончо деген сөздөр сыяктанып жасалып, тактоочтук мааниге ээ болгон.