БАРАЙЫЗ
Энциклопедия "Манас". ч.1.БАРАЙЫЗ (арабча бе — айиз — акындардын ырларынан бириктирилген жыйнак) — жай ташты сууга салып күн жайлоо учурунда айтыла турган дубанын түрү. Негизги варианттарда Алмамбет күн жайлаганда айтылат:
Касыйдадан кат окуп,
Калмакча кара дуба жат окуп,
Барайыздан бат окуп,
Бачымыраак жат окуп (Сагымбай Орозбаков, 3. 150).
Эпостогу бул сүрөттөө касиеттүү эсептелген ар кайсы диний китептердеги дубалардан окуса жаан-чачын болуп, борошо түшөт деген элдик магиялык ишенимге ылайык айтылып жатат.