БАРМАГЫН ТИШТөө
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Иштин оңунан чыкпаганына, өтүп кеткен ишке, өкүттө калуу, өкүнүү, арман кылуу. – Кеп бул жакта турбайбы,– деп Мамбеткул бармагын тиштеди. Тирүүсүндө сыйлап жүрө албагандыгына өкүнүп, ошондо бармагын тиштеди (Абдукаимов). Барпы жаштыгын, аял ала электигин эстеп бармагын тиштеди (Байтемиров). В.: Бармагын кесе тиштөө. Бармагын кесе тиштеп, тим болбоско арга жок (Осмоналиев).