Киргизско-русский словарь Юдахина
барс I
год барса (см. жыл I 2).
барс II
барс-барс звукоподражание сильному хрусту, сильным ударам и т.п.;
уурттарын булчуңдатып, барс-барс ышкынды чайнай баштаган раздувая щёки, он с сильным хрустом начал жевать ревень.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Мышык түркүмүнө кирүүчү жолборстон кичирээк келген жырткыч айбан.
  1. 2.                  эс. Эскиче жыл эсебикдеги үчүнчү жылдын аты.

БАРС II туур. Чорт сынып кегкенде, жарылганда чыккан дабыш. Билектей ышкынды ортосунан барс сындырды.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Мышык түркүмүнө кирүүчү илбирске окшош ири жырткыч айбан. Барс, илбирс, бакма малга көп тийбейт («Айыл чарба»). – Жолборс, барс да аткандырсың Куке, (Абакиров). 2. Жыл эсеби боюнча үчүнчү жылдын аты.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Солкулдак өсүмдүк чарт сынганда же толуп турган нерсе жарылганда тарс деп чыккан үнгө окшош дабышты билдирүүдө колдонулат. Аскар билектей ышкынды ортосунан барс сындырып алды (Сыдыкбеков). Отко бышырылып жаткан жүгөрүнүн даны барс-барс жарылып жатты. Барс-барс эткен кайдан чыккан дабыш?

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Байыркы түрк тилинде барс сөзү «чымын-чиркейдин чакканынан кийин пайда болгон шишик» маанисин берген (ДТС, 84). Биздин оюбузча, мына ушул сөзгө этиш жасоочу -ай мүчөсү жалгануудан барсай сөзү келип чыккан. Барсайып шишип же көөп кстуү чымын-чиркейдин чакканынан кийин пайда болору белгилүү. Бирок кыргыз тилинде барсай сөзүнүн үндүүлөрүн өзгөртүп коюу аркылуу ага маанилери жакын болгон борсой, бөрсөй, бырсый деген сөздөрдү да жасоого болот. Эгерде үндүүлөрдү өзгөртүп коюу аркылуу жасалган сөздөрдүн эң алгачкысы барсай деген түрү деп эсептесек, анда кыргыз тилиндеги тууранды этиштердин келип чыгышын түшүндүрүп бере турган «ачкычты» да тапкан болобуз.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БАРСА-КЕЛБЕС, Барса келбес — топоним. Түрк тилдүү элдердин фольклорунда көп кездешет, барган кишини өлүмгө дуушар кылуучу шумдуктуу жандыктардын, сыйкырдуу күчтөрдүн мекени катары айтылат. «Манас» эпосундагы Б. -К. эки мааниге ээ: биринчи — жалпы түрк мифологиясына таандык мифотопоним маанисинде, экинчи — өтмө, каймана түрдө, мисалы, адам өлгөндө баруучу тиги дүйнө маанисинде («Барса келбес чын жайдан»), Айрым түрк элдеринин фольклорунда алдына барган адам өлмөйүнчө келбеген залим падыша катары да айтылат. Мисалы, татар дастандарындагы Барса Килмас падыша (Татар халык ижаты: Дастанлар. — Казан, 1984, 73-б.).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. кузнечный молот (которым работает молотобоец);
2. ист. булава (оружие);
барскандары бир үйдөй балбандары жөнөлдү фольк. двинулись богатыри, булавы у них с юрту;
барскан чапкан усталар фольк. мастера, кующие булавы.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БАРСКАН — топоним. Жакып агасы Байдан Нескара алты миң кол менен Манас аттуу баланы издеп келе жатканын угуп, Балта карыяны Жети-Суу, Ала-Тоого кабарга жөнөтөт. Балта тынымсыз алты күн жүрүп, Иле суусун кесип Б., дарканда жашагандарга болгон окуяны кабарлайт (Сагымбай Орозбаков, 1. 192). Манас кан шайланганда кандыктын ээлигине кирген аймак катары айтылат (Сагымбай Орозбаков, 1. 263). Бул эпизоддордогу Б. — жердин жана шаардын аты. 9—10-кылымдан баштап араб-перс авторлорунун эмгектеринде кездешкен маалымат боюнча Б. шаары Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде, Тоңго жакын жерден орун алган, карамагында төрт чоң жана беш кичине кыштак болгон. 9—11-кылымда бул жерлерде чигилдер жашаган. Б-дын башкаруучусунун «манак», «жетебин» аттуу титулу болгон. Ал керек учурда алты миң аскер чогулта алган. Батышынан Талас, Чүй өрөөнү, Боом капчыгайы, түштүгүнөн Фергана, Ош, Өзгөн, Арпа, Нарын аркылуу келген соода жолдору Б. шаарына келип кошулган.
Түрк элиндеги уламыштарда Яфеттин эки баласы болуптур. Анын бири Түрктүн Тутель, Барсхан жана Илак аттуу перзенттери болгон экен. Алардын акыркы үчөөнөн чигил, барскан жана илактар (Ангрен өрөөнүндө жашагандар) тараптыр. Бул уламышта Б-дын жана анын аймагын мекендеген чигилдердин эскертилиши бекеринен эмес.
Ө. Караев

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БАРСКАН — чоюн баш, башына темир бекитилген чокмор. Эпосто көбүнчө калмак-кытай жоокерлеринин куралы катары айтылат:
Күрсүлөрү өгүздөй
Күчтүүнүн баары ошондо
Барскандары өгүздөй
Балбандын баары ошондо (Сагымбай Орозбаков, 4. 216).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Мындай сөз казак, кара калпак, түркмөн тилдеринде жок, уйгурча базган (УйРС, 187), өзбекче боскон (УРС, 83) түрүндө айтылат. Уйгур тилинде сөз ортосунда р тыбышы түшүп калары белгилүү, өзбек тилинде ал тыбыш түшпөө керек эле. Кыргыз тилиндеги барскан деген сөздү уңгу жана мүчөгө ажыратуу мүмкүн эмес. Өзбек тилиндегисин эң алгачкы формасына жакыны деп алсак, анда ал бас+кан деген бөлүктөрдөн туруп, бас этишинен чыгат. Байыркы түрк эстеликтеринде басгук сөзү «чоң, оор» маанисинде болгон (ДТС, 85). Ошондой маанини кыргызча баскан сөзү туюнтууга өтүшү мүмкүн. Ал үчүн кыргыз тилинде с тыбышынын алдына ашыкча р тыбышы кошулган.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Темир устанын өтө оор салмактагы балкасы. Чокчо сакал барсканчы оор барскандын сабын таянып тура калып, Салмоорбекти эркелетти (Сыдыкбеков). Барскан тийген сайын дулдуйган темир кадимки камырдай болуп ийлене берет (Байтемиров). 2. Чоюн башка жакын, бирок андан формасы жана оордугу жактан айырмаланган согуштук курал. Барскандарын көтөргөн, Балбандарды эми көр. («Манас» С. О.).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. громкий треск, трескотня; резкие и отрывистые звуки;
айкайлаган барсылдак, асман жарган тарсылдак фольк. неистовые крики, оглушительная пальба;
барсылдакка ал- или барсылдактын алдына ал-
1) подвергать обстрелу;
2) бить, дубасить, колошматить;
2. (в эпосе) холостой выстрел из пушки (указывает время); название болезни;
күлапса менен барсылдак күйгүзүп неге чыкпады? стих. почему не вскочили (у тебя) жгучие барсылдак и күлапса? (см.).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Барс эткен, барсылдаган дабыш, үстү-үстүнө барсылдаган, күрсүлдөгөн дабыш. Кулак тунган барсылдак Тынчыбастан уруштук (Каралаев). 2. Барсайып, ыйлаактанып чыгуучу жарасы бар оору. Күлапса менен барсылдак Күйгүзүп неге чыкпады (Жантөшев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
взаимн. от барсылда-
1. с треском бить, колотить, дубасить, лупцевать друг друга;
2. перен. оживлённо и громко разговаривать;
чал, кемпирлер барсылдашып, кубанычта балача стих. старики и старухи оживлённо и громко разговаривают, радостные, как дети.