этиш. Толуу, көбүү, томпоюу. Барсайып тоюу.
вздуваться, надуваться; пухнуть.
барсай-, барсаюу, барсаят
Толуп көөп чыгуу, торсоюп бадырайып туруу, бартайган көрүнуштө болуу. Тыттың баригине кана тойгон курттар барсайып-барсайып калыптыр (Касымбеков).
Байыркы түрк тилинде барс сөзү «чымын-чиркейдин чакканынан кийин пайда болгон шишик» маанисин берген (ДТС, 84). Биздин оюбузча, мына ушул сөзгө этиш жасоочу -ай мүчөсү жалгануудан барсай сөзү келип чыккан. Барсайып шишип же көөп кстуү чымын-чиркейдин чакканынан кийин пайда болору белгилүү. Бирок кыргыз тилинде барсай сөзүнүн үндүүлөрүн өзгөртүп коюу аркылуу ага маанилери жакын болгон борсой, бөрсөй, бырсый деген сөздөрдү да жасоого болот. Эгерде үндүүлөрдү өзгөртүп коюу аркылуу жасалган сөздөрдүн эң алгачкысы барсай деген түрү деп эсептесек, анда кыргыз тилиндеги тууранды этиштердин келип чыгышын түшүндүрүп бере турган «ачкычты» да тапкан болобуз.
барсай этишинин аркылуу мамилеси.
барсай этишинин аркылуу мамилеси.