Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Күңүрт туюк барт-барт чыккан дабышты, көбүнчө чыктуу нерселерди кырча-кырча чайноодон, ургулап майдалап жанчуудан, бөлүүдөн чыккандагыдай дабышты билдирүүдө колдонулат. Ашым үч сарымсакты бирдей тиштеп, барч-барч чайнады (Сыдыкбеков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
барча I
весь, все, всё;
барча журт весь народ, всё население;
ат айдатты барчасы, чоң жол менен чубатып стих. все они погнали коней гуськом по большой дороге.
барча II
ир.
кусок; отрезок; отрывок; осколок;
барча--барча кыл- разбить, раздробить; разорвать на куски;
сен өзүңдүн сөзуң менен жүрөгүмдү барча-барча кылдың ты своими словами мое сердце на части разорвал;
барча-барча или барча-бурч разбитый вдребезги;
барча--бурч сындыр- разбить вдребезги; расколотить на мелкие кусочки;
барча-барат то же, что майда-барат (см. майда).
барча III
ир.
парча;
оң колуна кайчы алган, сол колуна барча алган стих. в правой руке у нёё ножницы, в левой руке парча.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. эс. Алтын же күмүш менен кештелген калың жибек кездеме.
БАРЧА II сын. Майда, кичине; майдамайда бөлүкчөлөр. Барча-барча тууроо. Бүткүл элди карап аксакалдар тизмени майда-майда барчаларга бөлүп жатты (Абдукаримов).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
«Бары, бардыгы» деген мааниде барча сөзү да кыргыз тилинде сейрек колдонулат. Мындай сөз өзбек, татар тилдеринде активдүү айтылат. Бул сөз баары (<--бар+ы), бардыгы (<--бар+дык+ы) сөздөрү сыяктуу эле бар деген сөздөн жана -ча мүчөсүнөн турат. Алтай тилинде ончо деген сөз он+чо дегенден туруп, «бардыгы» деген маани берет. Мындагы -ча мүчөсү канча деген сурама ат атоочтун аягында келген -ча мүчөсү менен тектеш жана ошол канча деген суроого ылайык жооп катарында айтылган мынча, анча, ушунча, ошончо деген сөздөр сыяктанып жасалып, тактоочтук мааниге ээ болгон.

Киргизско-русский словарь Юдахина
~: барчылап посчитав как бы имеющимся; как если бы, как будто бы;
жаш жүрөгү неге жанат, бир арманы барчылап стих. почему так горит его сердце молодое, как если бы заветное желание было неисполненным;
күн батар замат жатасың, жатканда пайда барчылап стих. с заходом солнца ты ложишься, как будто в лежании есть польза;
бетинде бир кара жылан барчылап, аны тике карай албайт жан чыдап стих. на него никто не может смотреть прямо, как будто на его лице гадюка.