Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Эпсиз чоң көрүнүү, барбагай тартуу. Кол куушуруп барбайып, Сарыбайдын үстүнө Элеман кирип барды («Эр Төштүк»). [Дмитрий].. барбайган шадылары менен көк ала тарткан.. мурутун жанып-жанып алып, кайраттуу айтты (Сыдыкбеков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
иметь вид вздувшегося, распухшего, толстого;
буту барбайып калыптыр у него нога опухла;
мурду барбайган у него нос картошкой;
каарданып дардабып, чаначтай мурду барбайып фольк. верзила (богатырь) рассвирепел, нос у него вздулся, как бурдюк.