Киргизско-русский словарь Юдахина
кыл I
1. волос хвоста, гривы;
чочко кылы щетина;
2. волосок, шерстинка; волос вообще (упавший с тела);
3. струна;
кыл мая (или кылмая) тоненький, хиленький (гл. обр. о стеблях проса и мака);
кыл курт южн. болезнь языка у жеребят;
кыл жылан зоол. волосатик;
кыл алды самый первый; самый лучший;
кыл чоку самая верхушка;
кылдын учунда турат висит на волоске;
кылыма да зыян келтире албас он мне и на волос (букв. даже моему волоску) вреда не сможет причинить;
кылдай или кара кылдай или кылча чуточку, немножечко;
кылдай совершенно одинаковый;
сексен кылдай кара ат восемьдесят совершенно одинаковых вороных коней;
кылдай тең абсолютно равный;
кылдай или кылча в отриц. обороте ничуть, ни на волос;
кылдай жаңылышпайбыз мы ничуть не ошибёмся;
кылча с последующим отрицанием ни на волосок, ничуть, даже чуточку не...;
кылча кшянаты болгон жок он не совершил ни малейшего преступления;
кылча жанын аябай ничуть не жалея жизни своей;
кыл аябай ничего не жалея;
кыл эмеси калбасын пусть ничего и никого не остаётся (всё должно быть уничтожено или взято);
кыл таштабай сплошь, всех до единого;
кара кылды как жар вынести мудрое решение (букв. расщепить волос как раз пополам);
кара кылды как жарган мудрейший (напр. о судье, арбитре);
кыл чыгарбас или колунан кыл чыгарбас скряга;
кыл чыгарбас Элеман мал менен жандын баарынан такыр кечип таштады фольк. скряга Элеман (стал) не рад скоту и жизни;
кыл кыркпай калган пришедший в полную негодность (о предмете); вышедший из строя (о живом существе);
кыл кыркпай калган бычак совершенно тупой и негодный нож;
кыл кыркпай калган бээ вышедшая из строя кобыла;
кыл кыркма ист. перерезание волоса (при разводе конский волос перерезался пополам, одна половина отдавалась разведённой жене, а другая - мужу; то же делалось и при расторжении сватовства);
көтүнө кыл сыйбай калды груб. его положение отчаянное;
кыл тамак см. тамак 2;
кылдан кыйкым тап- см. кыйкым;
кыл башында- или кылды башында см. кылды;
кыл куйрук см. куйрук;
кыл мурут см. мурут II;
жанды кылга байлап см. жан II;
кылча жан см. жан II 6.
кыл II
ир.
1. сорт, вид;
ар кыл (или аркыл) разных сортов, разносортный, разнообразный;
ар кыл милдетти аткарат он выполняет различные обязанности;
бир кыл
1) одного сорта;
2) в некотором роде;
2. отменный, отличный;
кыл тамырчы отличный, знающий лекарь (см. тамырчы);
кыл аттар отменные кони;
кыл баатыр знаменитый богатырь;
кыл баатырдын бири деп, адамдын артык алпы деп фольк. он, мол, один из знаменитых богатырей, он, мол, лучший из богатырей.
кыл- III
1. делать, совершать действие;
эмне кылып жүрөсүң? ты что делаешь? что поделываешь?
соода кыл- заниматься торговлей; торговать;
муну эмне кыламын? что я буду с этим делать? для чего мне это?
аздык кылат мало, недостаточно будет;
көптүк кылат много, излишне будет;
бул үй мага кеңдик кылат эта комната для меня слишком просторна;
жакшылык кыл- делать добро;
жамандык кыл- делать зло, причинять зло;
2. южн. возделывать, сеять (выращивать);
буудай, таруу, нокот кылат он сеет пшеницу, просо, горох;
эгин кылып жүрүп, бай болуп калат занимаясь земледелием (букв. посевами), он разбогатеет;
3. южн. резать, забивать (животное);
кой кылдыңбы, эчки кылдыңбы? ты овцу зарезал или козу?
кылбаганын кылды он учинил гнусность; он сделал пакость;
кылбаганы жок неме видавший виды, бесшабашный;
сенин кылып жүргөнүң это твои проделки;
акмак кыл- одурачивать;
чоңдук кыл- изображать из себя начальника; зазнаваться;
качып кетти (алып кетти, уурдап кетти и т.п.) кылып изобразив дело так, будто он убежал (унёс, украл и т.п.);
сага кылбасам! см. сен I.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Жалдын, куйруктун ж. б. жоонураак келген айрым талы жана алардын жалпы аты. Кыл чайнап, балбан Тиштээк кайраттанган (Маликов). Кыл аркан. Кыл чылбыр.
  1. 2.           Жалпы эле жүн; териден түшкөн жүн. Кийим илгичтеги макентошунун суусун силкип, кыл-сылын тазалап кайрадан илип койдум (Каимов). Султаның Табыл унчукпайт, оң колун карап ыргытып, Бир тутам буурул кыл таштайт («Эр Табылды»).
  2. 3.           Музыкалык инструментте (комуз, балалайка ж. б.) тагылуучу ичегиден, сымдан жасалган жипче. Үч буроо, жалгыз тээк, үч кыл комуз (Осмонов). Асан карыя комузунун.. кылын саал чыңап,.. тээгин.. жогору жылдырып койду (Аалы).

Кыл жуугуч — кылдан тоголоктоштуруп жасалган казан жуугуч. [Күлүкан] жерде жаткан кыл жуугучту керегенин башына кыстарды (Жантөшев). Кыл курт — жип сыяктуу жумуру узун курт. Кара кылды как жарган (бөлгөн) — адил, калыс, бардык нерсеге тең караган. [Сатаров] кара кылды как жарган калыс адам (Байтемиров). Ичине кара кыл айланбаган — ичи тар, көрө албаган. Кылдан кыйкым табуу — болбогон жерден эле күнөөлөө, жок жерден шылтоо таап урушуу, жок жерден кемчилик табуу. Кыл жылдырбоо — зыкымдык, сараңдык кылуу, колунан эч нерсе чыгарбоо. Кыл торко — жүндөн токулган жакшы сапаттагы кездеме. Кыл торко юбка, ак жибектен кофта (Сыдыкбеков). Кыл кыркпоо — эч нерсе жебөө, тамактанбоо, наар албоо. Ала кылды аттабоо — ак, таза жүрүү, арамдык кылбоо. Кыл жукпоо — таза кармоо. Тасторконуна кыл жукпайт, идиштери жеткиле (Сыдыкбеков). Кыл үстүндө — өтө оор, кыйын абалда, кейиштүү . Арасынан кыл өтпөйт — өтө ысык, өтө ынак, ажырагыс дос. Кыл тамак к. тамак II. Кылың кыйшайбайт — эч нерсе болбойсуң, эч зыянга учурабайсың деген мааниде.
 КЫЛ II бөл. Эң, өңчөй. Биздин заман учкул заманЗамандардын кыл алды (Бөкөнбаев). Кырк жигитин карачы, Кыл баатырдан кураган («Курманбек»).
Ар кыл — ар түрдүү, ар кандай. Ар башка ар адамда ар кыл кыял (Осмонов). Аалы Токомбаевдин жазуучулук өнөрү ар кыл («Жаш ленинчи»). Бир кыл — бир түрдүү, бир катар; бирдей, текши, тегиз.
КЫЛ III этиш. Бир нерсени иштөө, жасоо. Кылганың киши үчүн болсо, үйрөнгөнүң өзүң үчүн (макал). Эгин айдап мал багып, Эмгек кылчу жай келди (Осмонкул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жээк, көлдүн жака-бели, чети. Ысык-Көл кыргыз көлү кылкылдаган, Кыз-келин кылаасында шыңкылдаган (Осмонов). Кылаасында кызыл алма жайнаган, Колотунда дары суулар кайнаган (Токомбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. КЫЛГЫЛЫКТЫ КЫЛЫП, КЫЛ ЖИП МЕНЕН БУУП КОЮУ Мына кылаарын кылып, кыл жип менен бууп, билмексендикке салып, четке суурулуп чыга беришти («Советтик Кыргызстан»). Кылаарын кылып, кыл жип менен бууп таштап, сар санаа басып отурат (Егиналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кын, майда буюм салган булгаары калта, баштык. Боз кисенин жанында, Булгаарыдан кылабдан. Анын ичи толтура, Тырмак алчу чырабжал (Чоробаев). Экинчи көзүнө – түбүнө, өтүгүмдү, анын үстүнө аңчылыкка алып жүргөн булгаары кылабданымды үйдө пайдаланган чарапжалымды сал, анын чаарчыктын толубу бар го, ошого толтура көмөч нанды бастырып үстүнө коюп кой (Абакиров). Булгаарыдан кылабдан Анын ичи толтура («Эл адабияты»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
~: кылагар көз чуть приоткрытые глаза с блуждающим взглядом (напр. у умирающего);
кылагар көзү кылайып, кыл муруту шыйпайып, баатырдын кыйноо тарткан табы экен фольк. едва приоткрытые глаза его чуть видны, усы его ровно лежат (по сторонам), вот (предсмертное) мучение богатыря (Манаса);
кылагар караш взгляд искоса с лёгким ехидством;
анын кылагар карашы, жөө тумандай жыбылжып жүрүшү өзүн башкалардан айырмалап турат чуть ехидный взгляд и тихая кошачья походка отличают его от других.

Киргизско-русский словарь Юдахина
чуть высовываться, чуть виднеться;
ай кылайып чыгып келе атат луна только-только всходит;
таң кылайды рассвет забрезжил;
таң кылайып атканда когда забрезжит рассвет;
асманда кылайган булут жок на небе ни тучки;
кылайып өңү солбогон или кылайып өңү оңбогон цвет его ничуть не поблёк;
кылая карап күлбөгөн, күлгөндүн сырын билбеген фольк. он совсем (даже чуть) не улыбался, что такое смех - он не знал;
кылайган жакшылыгы жок добра от него ни на волос;
кылайган пайда келбейт не будет даже и чуточки пользы.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от кылай-;
кылкандай найза кылайтып фольк. высовывая пики как ости;
ак тамагын кылайтып выставив своё белое горло (см. тамак 2);
баш кылайтпайт кырк баатыр, баш бакканын мээге атат фольк. сорок богатырей не позволяют (врагу) даже чуть высунуть голову, кто высовывает голову, тому стреляют в мозг;
сырынын четин кылайтпайт он даже и не намекает на свою тайну;
кыш чилдесине кылайтып жандык алдырбаган он не допустил, чтобы зимние морозы хотя бы чуть тронули мелкий скот;
күн кылайтпай сана-с нетерпением считать дни (в ожидании);
ай кылайтпай сана- с нетерпением считать месяцы;
скызык тойду көрсөк" - деп, кылайтпай күнүн санашып фольк. они с нетерпением ожидали, мол, посмотреть бы нам весёлую свадьбу;
аргымак жалын тарашып, ай кылайтпай санашып, күн айланды күзүнө фольк. (богатыри) расчёсывали гривы коней, с нетерпением считая месяцы, (так) дни стали осенними (т.е. наступила осень).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. ужимки;
2. увёртки, быстрые и ловкие движения;
түлкү, кылак этип, өтүп кетти лиса промелькнула, пробежав мимо;
асканын арасынан бир жылаңач бала, кылак эте түшүп, жок болуп калды голый мальчик мелькнул между скал и исчез.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
: кылак этүү — булактоо, булак-булак эткен көрүнүштө болуу; кылаңдоо. Шарип Иранын кылак этип бурулуп кеткенин гана көрүп калды (Бейшеналиев). Кылак-кылак этип ак жибек көйнөгүнүн.. эшеги делбирттейт (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Кылаңдоо, кылак-кылак эткен көрүнүштө болуу. Кылактап качкан түлкүнү, Кылт эттирбей жайладың (Токтогул). Бир маалда бели кындай ак көйнөк кийип, кылактаган кыздын карааны көрүндү (Каимов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. делать ужимки, кокетливые движения;
кыздын баары кылактап, такыясы булактап, алар да чыкты астына фольк. девушки тоже вышли к нему с кокетливыми ужимками, тюбетейки их (см. такыя) колебались;
2. производить быстрые, вёрткие движения;
кылактап көчөдө жүргөнүн көрөсүң ты видишь, как она кокетливо прогуливается по улице.

Киргизско-русский словарь Юдахина
(или кыламык кар) первая пороша;
буламыкта тиш сынат, кыламыкта бут сынат погов. (если чёрт попутает) на болтушке зуб ломается, на первой пороше нога ломается;
жердин бети кыламык кар жамынып, терең сырга баткансып жатат земля, покрывшись тонким слоем снега, как бы погрузилась в глубокую тайну.

Киргизско-русский словарь Юдахина
то же, что кылчаң;
бийиң кылаң болсо, журтуң ылаң болор погов. если бий твой (см. бий II) вертляв (несамостоятелен, суетится), (значит) народ твой в беде;
кыбыр эткен жан, кылаң эткен караан көрүнгөн жок не было видно души шевелящейся, силуэта мелькающего (т.е. признака живой души);
бир элик кылаң-кылаң секирип, күнгөй жакка өттү косуля, мелькая, перебежала на солнечный склон.

Киргизско-русский словарь Юдахина
~: көк кылаңгыр сүт синеватое (снятое) молоко;
кылаңгыр көк сорпо жиденький суп;
кылаңгыр тамак малопитательная пища;
толукшуп турган өң кайда, кылаңгыр тамак татпаса! стих. где уж тут полное и свежее лицо, если не вкушаешь (даже) жиденькой (малопитательной) пищи!

Киргизско-русский словарь Юдахина
кылап I
ар. южн.
ножны;
кылычты кылабынан суурду он извлёк меч из ножен.
кылап II
то же, что кыяп I;
кароолго карап келтирип, кылабына жеткирип, машааны ирмеп ийгени фольк. на мушку точно взяв, доведя до (прицельной) нормы, он дёрнул спуск (ружья);
кылабына келгенде когда придётся к слову, к случаю, кстати; когда будет подходящий момент;
кылапка тол- то же, что көнүлгө тол- (см. көңүл).

Киргизско-русский словарь Юдахина
ар.
непочтение; опорочивание, хула;
кылапат айт- хулить, порочить (гл. обр. за глаза);
кылапат айтсам, оң боюн не видать мне добра, если опорочу (тебя);
артынан кылапат айтпагыла не порочьте его за глаза;
маа кылапат айтсынчы! пусть-ка попробует охаять меня!

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Жаманатты сөз. Эч кимиң мындай-андай деп артынан кылапат айтпагыла (Жантөшев). Балким бирөө «Батишиң мындай, Батишиң андай» деп кылапат айтса, намысы катуу Чаргын ызаланар беле (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жаманатты сөз. Эч кимиң мындай-андай деп артынан кылапат айтпагыла (Жантөшев). Балким бирөө «Батишиң мындай, Батишиң андай» деп кылапат айтса, намысы катуу Чаргын ызаланар беле (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Аябай кордоо, запкы көрсөтүү, маскаралоо. Каныбек Айдарбек даткага кылбаган санатты кылып, Ак жал деген күлүк атын минип качат (Жантөшев). В.: Кылбаганды кылуу. Аялы байкушка жаш кезинде кылбаганды кылды («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Этият, кылдат, ээн, кишиден жашырын. Алар өтө кылбат жерге орношкон, кызылдар аларды көрбөйт (Жантөшев). Өзүн өзү тарбиялай албаган, турмуш тарбиялай албаган адамды тарбиялайм деп убара болбо. Андай адамдардан кылбат бол (Сактанов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Дароо, тез токтотуу, болтурбай коюу. А чын-чынында паракорчулуктун алдын кыл буугандай кылууга болот. В.: Кыл буугандай тороо. Буга чейин эле эчен аттуу-баштуу таланттар, эчен ирет халтуранын алдын кыл буугандай торомок болушкан экен, бирок халтура келатат го, а түгүл гүлдөп атат го («Кыргызстан маданияты»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. КЫЛ БУУГАНДАЙ КЫЛУУ Буга чейин эле эчен аттуу-баштуу таланттар, эчен ирет халтуранын алдын кыл буугандай торомок болушкан экен, бирок халтура келатат го, а түгүл гүлдөп атат го («Кыргызстан маданияты»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
двигаться плавно, ровно;
Волга кылгып агат, Чүй шар агат Волга течёт спокойно, (горная река) Чуй течёт бурно;
сууну кечкенде, шар аккан жерден кечпейт, кылгыган жерден кечет реку переходят вброд не в месте бурного её течения, а в месте плавного течения;
кылгып калды (иноходец) бежит ровно, плавно, мелкой иноходью (будто ноги земли не задевают).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. проделка, выходка, предосудительный поступок;
кылгылыкты кылып коюп, кыл жип менен бууп коюп, унчукпай жүргөнүн кара! смотри-ка, натворил он дел и концы в воду, а теперь помалкивает!;
2. расправа;
ушул сага кылгылыкты кылар элем! я бы с тобой расправился!;
муну көрүп, Семетей кылгылыгын баштады фольк. увидев это, Семетей начал расправу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Астыртан, тымызын бирөөгө жамандык кылуу, кыянаттык кылып коюп билмексен болуп жүрө берүү. Ыя, кылгылыкты кылып коюп, кыл жип менен бууп коюп, эми ырсайып, мыскылдап, тиктеп турасыңбы?! (Касымбеков). – Ачуусун кара, жаман жооштун чакыраңдап! Кылгылыкты кылып коюп, кыл жип менен бууп коюп... (Акматов). В.: Кылаарын кылып, кыл жип менен буу. Мына кылаарын кылып, кыл жип менен бууп, билмексендикке салып, четке суурулуп чыга беришти. Кылаарын кылып, кыл жип менен бууп таштап, сарсанаа басып отурат (Егиналиев). Кылгылыкты кылуу. «Э! Ушу оңбогон боз маңка кылган экен кылгылыкты!...» деди ичинен Ныязалы (Касымбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Астыртан, тымызын бирөөгө жамандык кылуу, кыянаттык кылып коюп билмексен болуп жүрө берүү. Ыя, кылгылыкты кылып коюп, кыл жип менен бууп коюп, эми ырсайып, мыскылдап, тиктеп турасыңбы?! (Касымбеков). -Ачуусун кара, жаман жооштун чакыраңдап! Кылгылыкты кылып коюп, кыл жип менен бууп коюп... (Акматов).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Сорпонун же тамактын үстүнө аз гана жылтырап май чыгып туруу. Сорпонун майы кылгырып турат.
  1. 2.           Майлуу тамак жегенде май кекирүү, май кулгуу. Май кылгыра түштүм, Чаке (Сыдыкбеков).
  2. 3.           Көздөн тегеренип аз гана жаш чыгуу. Бекботонун көзүнөн жаш кылгыра түштү (Каимов). Чалдын оозун тиктеп, кейип олтурган Токтогулдун жашы кылгырып, солуп-солуп алды (Аалы).

Кылгырып кароо — көзүн жоодуратып, жашылдантып сүйкүмдүү тиктөө, кароо.

Киргизско-русский словарь Юдахина
(о жидкости, жире) поблёскивать, выступить на поверхность тонким слоем;
сорпонун майы кылгырып турат жир на поверхности бульона поблёскивает;
май кылгырып турат отрыгивается жиром;
көзүнөн жаш кылгырып турат на его глазах поблёскивают слёзы;
кылгырган көз
1) глаза, слегка увлажнённые слезой;
2) ласкающие глаза, ласковый взгляд;
кылгырып кара- ласково смотреть.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Сорпонун же тамактын үстүнө аз гана жылтырап май чыгып туруу. Сорпонун майы кылгырып турат. 2. Майлуу тамак жегенде май кекирүү, май кулгуу. Май кылгыра түштүм, Чаке (Сыдыкбеков). 3. Көздөн тегеренип аз гана жаш чыгуу. Бекботонун көзүнөн жаш кылгыра түштү (Каимов). Чалдын оозун тиктеп, кейип олтурган Токтогулдун жашы кылгырып, солуп-солуп алды (Токомбаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от кылгыр-;
көзүнөн кылгыртып жаш чыгарат на глазах его поблёскивают слёзы;
көзүн кылгыртып карайт он умильно смотрит;
көзүнүн жашын бир аз кылгырта карады он смотрел с навернувшимися на глаза слезами.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от кылгы-;
Кылжейренин кылгытып фольк. пустив своего (коня) Кылджейрена ровным и быстрым ходом;
кайык кылгыт- вести лодку плавно (когда её чуть покачивает);
найза кылгыт- направить пику прямо в цель.

Киргизско-русский словарь Юдахина
кылда I
кылда башында то же, что кылды башында (см. кылды).
кылда- II
выбирать волос (напр. из шерсти);
кийизин аппак кылдаган кошму его сделали из чистой шерсти (выбрав из неё волос);
кылдап кылган ак үзүк сделанный из чистой шерсти үзүк (см. үзүк I).
кылда- III
разделять на сорта, сортировать;
кылдап ал- брать разных сортов.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I: кылда башында (кылда учунда, кылда чокусунда) — эң башында, эң чокусунда. Уста газетанын.. кылда учундагы эң чоң тамгаларга көзүн жабыштырды (Бейшеналиев). Ак бараңдан, беш атардан аткан мененЭзелден кылда учуна ок жетпеген (Үмөталиев).
КЫЛДА II этиш. Жүндүн кылын терип таштоо. Тыбыт кылдап жаткандай, отоолорун чапканмын (Аалы). Кийизин аппак кылдаган.

Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев)
кылда башында (учунда)
кылдын кырында
кылдын учунда
кыл жегичтер (зоол.)
кыл жугузбоо
кыл жукпас
кыл жүн (а. ч.)
кыл жуугуч
кыл жылдырбоо
кыл көпүрө
кыл куйрук
кыл курт
кыл-кыбыр
кыл кыяк
кыл мая
кыл менен чечүү
кыл моюн
кыл мурут
кыл өтпөс (ок өтпөс соот
кийим)
кыл тамак
кыл торко
кыл үстүндө
кыл учунда
кыл чайнашуу
кыл чоку
кыл чыгарбас
кылы коробоо
кылы кыйшайбоо
кылына кара санабоо
кылына тийбөө

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
(кылда учунда, кылда чокусунда) Эң башында, эң чокусунда. Уста газетанын кылда учундагы эң чоң тамгаларга көзүн жабыштырды (Бейшеналиев). Ак бараңдан, беш атардан аткан менен – Эзелден кылда учуна ок жетпеген (Үмөталиев). Ай тоолордун үстүнө келди салаңдап, жарыгы муздак мунарыктап, мөңгүлүү чокунун кылда чокусунда турду (Айтматов). Тоо боорун түбөлүккө мекен кылган карагайлардын кылда учтары сакалдары самсаалаган булуттарды тешип өттү (Жангазиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөгө эч качан жамандык ойлобоо, жаманчылык кылбоо. – Ата-энемдин арбагын сыйлаган ак байбичеге кылдай кара санаба, катын! – дейт ал коркуп, үңкүйүп Зуураканга (Сыдыкбеков). В.: Кылына кара санабоо. Бирөөнүн кылына кара санабаган ал кишини мен билемин, – деди («Ала-Тоо»). Кылча кара санабоо. Бирөөгө кылча кара санабаган бечара, – деп ичинен аны аяды (Ашымбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Болбогон жерден күнөө коюу, жок жерден кемчилик табуу, эч негизсиз эле кине коюу, чыр чыгаруу, же айыптоо. Кийинчерээк кылдан кыйкым таап, «уйкучу» деп илылтоолоп, кышында жылаңайлак төркүнүнө жөнөтөт (Көчкөнов). Үйүнөн келини кеткенден бери Орозбай жылкычысына оң карабай, кылдан кыйкым таап кордогондун үстүндө (Өгөбаев). Кылдан кыйкым таап урушуп турсаң, үйдө кайсы береке болсун (Бердикеев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Болбогон жерден күнөө коюу, жок жерден кемчилик табуу, эч негизсиз эле күнөө коюу, чыр чыгаруу, же айыптоо. Кийинчерээк кылдан кыйкым таап, «уйкучу» деп шылтоолоп, кышында жылаңайлак төркүнүнө жөнөтөт (Көчкөнов). Үйүнөн келини кеткенден бери Орозбай жылкычысына оң карабай, кылдан кыйкым таап кордогондун үстүндө (Өгөбаев). Кылдан кыйкым таап урушуп турсаң, үйдө кайсы береке болсун (Бердикеев). В.: Кылдан кынтык табуу. Кийин кайненесинин катаалдыгы күчөгөндөн күчөп, «кылдан кынтык таап» дегендей, каран күн башына түшкөн учурда ага жан тартчу болду (Медетов). Кылдай жерден кыйкым табуу. Кылдай жерден кыйкым таап, обу жок корсулдаганына караганда эптеп эле Сылыйды кетирүү максатын көздөгөнсүйт (Исмаилов). Кылдан кыйкым чыгаруу. – Кылдан кыйкым чыгарып коңшу урууну барымталап талаганды оңой көрүшөт (Касымбеков). Кылдан кыйкым, жумурткадан кыр издөө. Эң жакшысы кылдан кыйкым, жумурткадан кыр издеген душмандарыңыздын ушак-айың кебинен калас болосуз – бул ушул тапта ашкере зарыл (Касымбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Эптеп айыптоонун, күнөө коюунун шылтоосун издөө. Кечээ бирөө үйүндөгү жигиттерге эски эт түгөнө элек деп, жаш мал соё албаган экен, кылдан кыйкым таппай араң турган жигиттер аны камчыга алып аябай сабашты (Үмөталиев). Кылдан кыйкым таппай ыйлаак болуп кетти (Өмүрбаев). Жанагы кылдан кыйкым таппаган немеси далайды иренжитпесе экен (Ашымбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жөнү жок жерден күнөө коюу, кылт эттирбей күнөөлөй берүү, эч мүмкүнчүлүк бербөө, кыңк дегизбөө. Кылдан кыя бастырбай күнүгө уруша берип жадатып жиберди («Ала-Тоо»). Бийиңердин өлгөн баласын биз өлтүргөнсүп кылдан кыя бастырбайсыңар («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жөнү жок жерден күнөө коюу, кылт эттирбей күнөөлөй берүү, эч мүмкүнчүлүк бербөө, кыңк дегизбөө. Кылдан кыя бастырбай күнүгө уруша берип жадатып жиберди («Ала-Тоо»). Бийиңердин өлгөн баласын биз өлтүргөнсүп кылдан кыя бастырбайсыңар («Ала-Тоо»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
кылдат I
ир.
1. (точнее кылдат уста) искусный мастер (гл. обр. по поделке мелких предметов);
2. (точнее кылдат киши) тактичный;
кылдат сүйлөгөн киши человек, говорящий степенно, тактично.
кылдат- II
понуд. от кылда- II;
ак кийиз басып кылдатып сваляв белую кошму из чистой шерсти.
кылдат- III
понуд. от кылда- III.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I сын. Чебер, этият. Өз ишине кылдат карап барк кылган, Кызылчанын мол түшүмүн арттырган (Осмонкул). Омордун ар кыймылын кылдат байкап шүк олтурган Нина Леонтьевна (Сыдыкбеков).
КЫЛДАТ II кылда этишинин аркылуу мамилеси.

Киргизско-русский словарь Юдахина
кирг.-ир.
то же, что кылдат I;
кылдаткерге көрдүргөн, кызматына миң нарды тартуусуна бердирген фольк. (боевой топор) он велел осмотреть искусному мастеру, за работу (мастеру) велел дать в дар тысячу одногорбых верблюдов.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өтө кыйын, кысталыш абалда, кейиштүү, кыйын учурда. Күрүчбекке жер тартып, кылдын кырында турат (Осмоналиев). В.: Кылдын учунда. Эл тагдыры кылдын учунда турганда жанбактылардын кесири тийеби деп чочулаган бий (Каимов). Сабынан мына-мына үзүлүп түшчү немедей илдиреген уулунун өмүрү кыл учунда экенин сезген (Кушбаков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
кылдыр I
кылдыр-кылдыр подражание негромкому грохоту, тарахтению (напр. жестянок, пустых консервных банок).
кылдыр- II
понуд. от кыл-III
заставить сделать;
жүк артпагын торпокко, иш кылдырба чоркокко фольк. не навьючивай поклажу на телёнка; не поручай дело растяпе.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I кыл этишинин аркылуу мамилеси.
КЫЛДЫР II: кылдыр-кылдыр туур. Арабанын же башка бир нерсенин акырын калдыраган дабышы. Бир кезде арт жактан кылдыр-кылдыр эткен арабанын үнү чыкты (Баялинов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. погромыхивать; постукивать; слегка тарахтеть (напр. о телеге по ровной дороге); шуршать;
кылдыраган араба тарахтящая телега;
кылдыраган жаргак шуршащие кожаные штаны (когда они заскорузнут);
2. катиться колесом.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от кылдыра-;
эшик кылдырат-постукивать в дверь;
арабалар дөңгөлөктөрүн кылдыратып, жай термелип, жолоочулар зериккен телеги скрипели колёсами, путники, тихо покачиваясь (на телегах), скучали;
арабаңды кылдырат! проваливай!; катись!;
кекиртекке кылдыратып жибер- слопать.

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
«Кыдырата карадым, Кылдыроочу кооз экен» (макал). Бул — боз үйдүн сыртына канат чийи менен керегесинин ортосу аркылуу тегерете жабылган буюм. Кылдырооч таардан да, кийизден да тартылат. Терме кылдырооч нарктуураак көрүнөт. Анын чети чачыкталат. Ал — тегиричтин бир түрү. Кылдырооч «эр жак», «эпчи жак» деген эки бөлүктөн турат. Көчкөндө бул кооз Зуюмду шаан-шөкөт үчүн жүктүү төөнүн мойнуна салаңдата ороп же жаап коюшкан.
      Тегирич, шалча, кереге таңуу өңдүү согулган терме үлгүлөрү кылдыроочко жарай берет. Кылдырооч үчүн да түймөчүлөр жипти бышык чыйратып, жакшылап челдеп, түрдүү түстө боеп алат. Түймөчүнүн аракети аны мыктылап ийрип, чыйратып, челдеп, анан чебердеп түйүшүнө байланышат.
      Же мунун четине «Чагармак» аттуу көчөт түшүрүлүп, ага кара-актан жети кош жип эриш келип, андан кийинки көчөткө тогуз көк-кызыл жип керек. Андан кийин «Тай туяк» көчөтүн түшүрөт уз. Мында уздук касиет элдик көчөттөрдү жат билүү, аны өрмөккө ойдогудай түшүрүүсү менен эле өлчөнбөйт, эң негизгиси, ошол көркөм көчөттөрдү буюм четине, ортосуна айкалыштыра берүүнү билүү керек. Ошентип, «тай туяк» көчөтүнүн чети жарым тумарча болуп чыгат. Ага жуп үч тал жип керектелет. «Тай туяк» көчөтүнө жуп 15 тал жип сарпталат. Адегенде беш көк жипти, анын ортосуна үч көк жипти алып, бирден кызылды терип, анан четин эки көк, бери четинен бир көк келет. Андан кийин төрт кызылдын, бир кызылдын үстүнөн, эки кызылдын четинен эки көк, алты кызыл, эки көк кайталанат. Жарым «тай туяк» элестеп, ал кайра четинен терилип, толук көчөт пайда болот.
      Кылдыроочко жупталган 59 тал жипти алып, үстүнкү жээгине жуп үч, андан кийин үчтөн тогуз жипти терип, буюмдун ортолугуна «Табак оюм» түшүрөт. Анын майда жана кезек түрү кездешет. Термечилер анын майда түрүн өзүнчө «кыялдантып» бере алат.
      Бул буюмдун эки түрү бар. Баш кылдыроочтун ар кандай үлгүлөрү болот. Кооз көрүнүшү үчүн мунун башына «бадам», «кыял», «бармак боочу» өңдүү шырдак оюму берилет да, асты «тор чачыланат». Так ушундай кылдыроочтун кооз түрү боз үйдүн бел кырчоосунан кийин да тартылат. Ылдыйкы кылдыроочтун кийиз оюму кара кызыл өңдө берилип, ал өйдөкү кылдырооч менен айкалышып турат.
      Кылдырооч ортолугу жалаң термеден болот. Ошондо бул буюм эшик тыштын четине бастырылган ичке тилкедеги көркөм оюмга үндөшүп калат.
      Чеберлер сары, кызыл, ак өңдөрдү өзүнчө жупташтырып, атлас шайы сымалдантып, көчөт түшүрүшөт. Аны «бачайы көчөт» деп аташат. Мунун четине ак-карадан эки элидей «жээк» түшүрөт. Ал эми кылдыроочтун кажары таардан жасалышы көркөмдүктүн чегине жетет. Мунун четине ак-карадан «кырк шак» көчөтү түшөт. Андан кийин сары өңдө «төрт илик» кара жердикке «ичирилип» берилет. Андан «тумарча көчөтүн» түшүрүп, кайра төрт илик (айры көчөтү) сыяктуу бачайы көчөттөр кызыл түстө көк фондо түшөт. Анын экинчи четинде кайрадан «кырк шак» берилип, чыйратылган шоона жиптен тор чачык жасалат.
      Уздарыбыз буюмду кооздоодо боектун түрлөрүн аяшкан эмес. Кийиз оюмдары менен терме көчөттөрүн эриш аркактай жупташтырып кармаган оймочу-термечи беш-алты өңдү бири-бирине кыйыштырып сары саптай алат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Абдан таза кармоо, таза урунуу, таза асыроо. Атына жараша өзү да, такай боюна жарашыктуу кийинип, үстүнө кыл жугузбай, сакал, мурут, чач-пачты ар дайым тегиздетип, галстукту мойнунан түшүрбөй чыкыйып жүрөт («Ала-Тоо»). 2. Начар жактарын жашырып, аябай мактай берүү, ашыра мактоо, өтө эле көтөрө чалуу. – Сиз, жолдош башкарма, баарына эле кыл жугузбай актап атасыз, а өрт кандайча чыгат? Билишиңиз керек (Осмоналиев). В.: Кыл жукпоо. Тасторконуна кыл жукпайт, идиштери жеткилең (Сыдыкбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Абдан таза кармоо, таза урунуу, таза асыроо. Атына жараша өзү да, такай боюна жарашыктуу кийинип, үстүнө кыл жугузбай, сакал, мурут, чач-пачты ар дайым тегиздетип, галстукту мойнунан түшүрбөй чыкыйып жүрөт («Ала-Тоо»). 2. Начар жактарын жашырып, аябай мактай берүү, ашыра мактоо, өтө еле көтөрө чалуу. -Сиз, жолдош башкарма баарына эле кыл жугузбай актап атасыз, а өрт кандайча чыгат? Билишиңиз керек (Осмоналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бирөөгө эч нерсе бербөө, колунан эч нерсе чыгарбоо, өтө зыкымдык, сараңдык кылуу. Дүнүйөсү ашып-ташып жатса да бир туугандарына кыл жылдырбайт («Ала-Тоо»), Касымбек менен Калпа жыйналган чыгымдын эсебин кыл жылдырбай такташып, камчыга ченеп бөлүүдалалатында(Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөгө эч нерсе бербөө, колунан эч нерсе чыгарбоо, өтө зыкымдык, сараңдык кылуу. Дүнүйөсү ашып-ташып жатса да бир туугандарына кыл жылдырбайт («Ала-Тоо»). Касымбек менен калпа жыйналган чыгымдын эсебин кыл жылдырбай такташып, камчыга ченеп бөлүү далалатында (Бейшеналиев). Сараң бай кыл жылдырбады (Жантөшев). Драконовдун өзү менен жолукмайынча кыл жылдырбайм (Бейшеналиев). В.: Кыл чыгарбоо. Кыл чыгарбас Элеман мал менен жандын баарынан кечип таштады («Эр Төштүк»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жалдын, куйруктун ж. б. жоонураак келген айрым талы жана алардын жалпы аты. Кыл чайнап, балбан Тиштээк кайраттанган (Маликов). Кыл аркан. Кыл чылбыр. 2. Жалпы эле жүн, териден түшкөн жүн. Кийим илгичтеги чапанынын суусун силкип, кыл-сылын тазалап кайрадан илип койдум (Каимов). Султаның Табыл унчукпайт, Оң колун карап ыргытып, Бир тутам буурул кыл таштайт («Эр Табылды»). 3. Музыкалык аспапта (комуз, балалайка ж. б.) тагылуучу ичегиден, сымдан жасалган жипче. Уч буроо, жалгыз тээк, үч кыл комуз (Осмонов). Асан карыя комузунун кылын саал чыңап, тээгин жогору жылдырып койду (Токомбаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
подражательное слово;
кылк-кылк эт- (о множестве, о массе) колыхаться, медленно двигаться;
эл кылк-кылк этип турат толпа колышется;
күн тоодон кылк-кылк этип батып баратат солнце медленно заходит за горы;
кылк-кылк жут- глотать ритмично и с характерным при глотании звуком "гылк-гылк".

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
: кылк-кылк этүү —1) суюк нерсени (мис., сууну) акырындан бөлө-бөлө жуткандагыдай көрүнүштү билдирүү үчүн колдонулат. Алексей Александрович булактын көзүнөн кочуштап суу сузуп алып, аны кылк-кылк эттирип жутуп жиберди (Таштемиров); 2) көп болуп, кылкылдап туруу, теңселген, көз кайкыткан абалда болуу. Эл кылк-кылк этип турат.

Киргизско-русский словарь Юдахина
ряд, строй;
кол жүрдү кылка-кылка, дүркүн-дүркүн стих. войско шло, разбившись на отряды;
баары бир кылка все на один лад; все одинаковы;
досторум баары баатыр, баары кылка стих. друзья мои все богатыри, все как один.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. ость, усики (у колоса);
кылкан чөп дикий ячмень;
2. мелкие кости рыбы;
кылкандай стройный, подтянутый;
кылкандай жаш балдар стройные пареньки;
кылкандай күлүк стройный скакун.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Арпа, буудайдын данынын уландысы сыяктанып кеткен майда-майда тикенекчелер кылкан аталат. Бетеге сыяктанып өсүп даны тикен сыяктанып, кой, эчкинин терисине кирип кете турган чөп да кылкан делет. Балыктын майда сөөктөрүн да кылкан деп коёбуз. Мына ушул кылкан сөзү кыл сөзүнөн келип чыгат. Анткени алар да кыл сыяктуу ичке келет. Кадимки кылдан алардын айырмалуу экенин билдирүүчү -кан мүчөсү уланган. Бул -кан мүчөсү башка түрк тилдериндеги ар кандай мүчөлөргө маанилеш келет. Эгиндин кылканы дегендеги кылкан сөзү Махмуд Кашгаринин «Диванында» кылдурук түрүндө айтылса, азыркы уйгур тилинде килтирик болуп айтылат. Буга салыштырганда -кан мүчөсү -дырык мүчөсүнө маанилеш келет. Башкырча кылсык, татарча кылчык, түркмөнчө кылчык азербайжанча гылчыг, кумыкча кылчык сөзү кыргызча эгиндин кылканы деген сөзгө туура келерин эске алганда, -кан мүчөсү -чык мүчөсүнө туура келет. Бирок кыргыз тилинин өзүндө кылчык сөзү «эгиндин кылканы» эмес, «кылга окшошураак жүн» дегенди билдирүү үчүн айтылат. Ал сөз уйгурча кылчак болуп колдонулат. Хакас тилинде хылга сөзү кыргызча эгиндин кылканы дегендеги кылкан сөзүнө туура келет. Мында -га мүчөсү -кан мүчөсүнө барабар, келет. Түркмөн тилинде гылганак//гылдырган сөзү «императа цилиндрическая» деген чөптүн атын билдирет. Мааниси боюнча -га, -кан, -ганак, -дырган мүчөлөрү синонимдеш болуп чыгат. Кыргызча бетеге сыяктуу өсүмдүктүн атын билдирген кылкан сөзүнө туура келген сөз башкыр, татар, ногой тилдеринде «бетеге» дегенди билдирет. Моңгол тилиндеал хилгана болуп айтылат. Моңголчо хялга(сан) сөзү кыргызча кыл сөзүнө туура келип, аягына -гасан мүчөсү ашыкча кошулат. Бирок моңголчо хил сөзү кыргызча комуздун кылы дегендеги кыл сөзүнө туура келет.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Суюк нерсени (мис., сууну) акырындан бөлө-бөлө жуткандагыдай көрүнүштү билдирүү үчүн колдонулат. Алексей Александрович булактын көзүнөн кочуштап суу сузуп алып, аны кылк-кылк эттирип жутуп жиберди (Таштемиров). 2. Көп болуп, кылкылдап туруу, теңселген, көз кайкыткан абалда болуу. Эл кылк-кылк этип турат.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КЫЛКҮРӨҢ — калмак баатыры Дөңгөнүн аты. К-дү Дөңгө жоодо минип, Манас менен болгон сайышта өлөт. К-дү Манас олжолоп алат (Саякбай Каралаев, 1. 89, 90, 91).

Киргизско-русский словарь Юдахина
смотреть искоса, чуть склонив голову набок (с насторожённостью или с лёгким ехидством, недоверием);
ууру мышыктай кылкыйып посматривая, как вороватая кошка;
моюн салып, кылкыйып опустив и слегка склонив набок голову (напр. о человеке в состоянии задумчивости);
кылкыйып унчукпай жүр- молчать, но быть себе на уме.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Бир калыпта акырындап жай жылуу. Күн кылкылдап батып бара жатат (Жантөшев).
2. Баштары бир кылка келип, текши толукшуп өтө көп болуп көрүнүү. Темир канат жаштар барат, Бир четинде кылкылдап (Нуркамал). Эр жигит эрте аттанып, алыс кетет, Ок учуп, ат кошкуруп, туу кылкылдап (Осмонов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. (об озере, реке) быть полноводным и спокойным;
суу кашаттын илебине кылкылдап толду спокойная вода наполнила до краёв берега;
кылкылдаган көл озеро полноводное и спокойно колышащееся;
2. плавно двигаться, плавно колыхаться, покачиваться (напр. о лодке на воде);
ак балыктай кылкылдап покачиваясь плавно, как рыба;
асаба колдо кылкылдайт знамя в руках колышется;
күн кылкылдап батууга аз калды скоро солнце плавно закатится;
кылкылдап жүр- (о массе людей) идти ровно, стройно.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир калыпта акырындап жай жылуу. Күн кылкылдап батып бара жатат (Жантөшев). 2. Баштары бир кылка келип, текши толукшуп өтө көп болуп көрүнүү. Темир канат жаштар барат, Бир четинде кылкылдап (Нуркамал). Эр жигит эрте аттанып, алыс кетет, Ок учуп, ат кошкуруп, туу кылкылдап (Осмонов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от кылкылда-;
кылкылдатып жут-глотать мерно, издавая звук "гылк-гылк";
кымызды кылкылдатып жутту кумыс он пил звучными, мерными глотками;
ат менен, кылкылдатып, суудан сүздүрүп чыкты плавно колыхаясь, он на коне переплыл воду.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Эч нерсе жей албай, тамак иче албай калуу же чөп жей албай, оттой албай калуу. Кыл кыркпай үч күнү төшөктө жатты. Кыл кыркпайт, ылаңдап калса керек. 2. Абдан мокоо, эч нерсеге өтпөө, кеспөө (балта, чот, бычак ж.б. кесүүчү буюмдарга карата). Бычактары кыл кыркпайт.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Эч нерсе жей албай, тамак иче албай калуу же чөп жей албай, оттой албай калуу. Кыл кыркпай үч күнү төшөктө жатты. Кыл кыркпайт, ылаңдап калса керек. 2. Абдан мокоо, эч нерсеге өтпөө, кеспөө (балта, чот, бычак ж. б. кесүүчү буюмдарга карата). Бычактары кыл кыркпайт.

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
элдик үндүү аспаптардын бир түрү. Бул муң-зарды өзүнө батырып, өткөн доордун музасын топтоп турат. Аспаптын узуну үч карыш, эки эли болот. Анын эки кулагы бар. Кыл кыяктын кулагынын мындай чоң болушунун себеби, аттын туу куйругунан тандалма токсон талын буроо учун ал, албетте, токтомдуу болушу керек. Кыяктын арты томпок көрүнүп, маңдайы айыш-өңкөгөйрөөк келет. Эгер мунун бетин түз кылса, аспап уй мөөрөгөндөй үн берип калат. Бул аспаптын тепкеги комуздун тепкегиндей болсо үн чыкпай калат. Натыйжада, чеберлер ачакей бутактарды алат. Анын чолок буту тик туруп, кыяктын орто капкактуу жерин басуу зарыл. Тепкектин тайтайыңкы буту аспаптын четин басып турганда гана үн ойдогудай чыгат.
      Усталардын жана кыяк тартуучулардын айтымында, кыл кыяктын бетинин төө териси менен капталышынын мааниси бар. Анткени, аспап жайкы чилдеде укмуштай какшайт да, укмуштуудай үн чыгат («ботосу өлгөн ингендей боздойт»), Тумандуу күндөрдө, жаанда, кыскасы, аба ырайы бузулган чакта бир аз нымдашып, кыл кыяктын үнү анча чыкпай калат. Ошондуктан, аны кургак жайда сактообуз зарыл.
      Кыяктын жаасынын узундугу 65—70 см келип, көркөм жана бышык келгендиктен мунун жыгачы бир гана табылгыдан тандалат. Жаанын кармай турган жагына булгаары капталат. Колдун төрт талаасы ага баткандайучун тешип, буга кылдын учун түйүп коет. Кыяк кылына ат, айгырдын туу куйругунан 120—130 талды жулуп алуу керек. Тал кылдар бири-бирине буралтып, чырмалтып текши төгүү зарыл.
      Бул үндүү аспаптын авазын талаптагыдай көтөрүү үчүн карагай менен куурайдын чайыры керектелет. Аны кылга өлчөмүнөн көбүрөөк сүртсө, аспап кыркырап калат. Андай учурда мокок бычак аркылуу кайра кырып, таза чүпүрөк менен сүртүп таштоо тийиш. Абалы чайырды сууга кайнатып алса, анын даты кетип, тазасы калат. Аспап кылдарына мына ошону этиеттеп сүртүп турат.
      Кыяктын кылына май тийсе, үн бербей калат. («Бууранын терисинен капкагым болсо, сүйкөнгөнүм карагайдын чайыры болсо, жайдын саратанында тартса боздоор элем» — деп, кыяк айтыптыр деген уламыш эл ичинде
      бар.) Бул аспапты кыякчы алгыр куштардай бөпөлөп асырап турат.
      Мында айрым усталардын жекече байкоолорун да эскере кетебиз. Ал кыякты жасоо комуздун ыкмасына үндөшүп кетет. Андан анын айырмасы кыл кыяктын капкагы төө териден болору белгилүү. Мында теринин челин тазартуубуз зарыл. Анан ал теринин белгилүү өлчөмдө тептекши жукартабыз.
      Төө терисинин бардык жери бирдей эмес. Мүмкүн катар теринин текши жеринен кесип алынат. Ал комуздай кайкайыңкы эмес, ошончо 10—7 мм дей бүкүрөйүңкү болот. Ошондо моюн менен чаранын бириккен жеринин ийилүү тереңдиги 2,5 см, же 25 мм болот. Мында тепкектин капкакты басуу күчү азаят да, демек, капкактын эркин термелүүсүнө ойдогудай шарт түзөт.
      Кылды талдап тагып жатканда баарынын жоон-ичкелиги бирдей болушу керек. Мунун алтымыш талы астына, сексен эки талы үстүңкү кулакка тагылат. Ошондо астыңкы кыл жогорку нотаны (ичке үндү), төмөнкүсү темөнкү нотаны (жоон үндү) берет. Кылдарын бирдей тандап алгандан кийин аны (илгери шакар, эми «Айна») таптаза жуушубуз тийиш. Азыр төө терисин табуу, албетте, кыйын. Кыргыздын классикалык чыгармаларын ойноону жеңилдетүү үчүн чеберлер кыл кыяктын капкагын карагайдан тандоодо. Ал түз эмес скрипка сыяктуу томпок келет. Мунун кылы мурункудай эле болуп, тээги скрипканыкына окшош көрүнөт.
      Кыл кыяктын көңдөйүнө, тепкектин алдына тирөөч коюлат. Аспап скрипкадай кайкалак болот. Демек, жалпысынан алганда бул скрипкага окшошуп, улуу композиторлордун даанышман чыгармаларын ойноого укмуштай мүмкүнчүлүк берет. Ал комуздун тембрине да даана жакындашат. Мындай музыкалык касиеттерди биз, төтөн, бир тууган казак элиндеги домбра менен кыл кыягындагы шайма-шай окшоштуктардан да байкайбыз. Ошондуктан, алардын ансамблдери «Сары арка» өңдүү жүрөк-жүлүндү титиретип, шамалдай жорткон күүлөрдү ойноп жатканда эки аспап бири-бири менен укмуштай эриш-аркак айкалышат. Кыл кыяктын жаасына 120 тал кыл тандалат.

Киргизско-русский словарь Юдахина
(о стеблях растений) тоненький, хиленький;
кыргыздын тукуму отоо баскан апийимдей кылмая өсчү, алсыз болушчу киргизские дети росли тогда хилыми и слабыми, как мак, задавленный сорняками;
көлөкөгө чыккан чөптөй мойну кылмая болду у него шея тоненькая, как травинка, выросшая в тени.

Киргизско-русский словарь Юдахина
преступление, уголовное преступление;
кылмышы бар преступник;
кылмыш кылган совершивший преступление;
кылмыш иши уголовное дело;
кылмыш "ичип койдон" башталат преступление начинается с "выпей";
"ичип койдумдун" кесепетинен оор кылмыш кылды из-за пакостного "я выпил" он совершил тяжёлое преступление;
кылмыш мыйзамы уст. уголовный закон;
кылмыш кодекси уголовный кодекс.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Законго каршы иштелген иш, терс иш, күнөө, айып. Каардуу душман кылмышына жараша катуу сокку жээрин [Фомичев].. айтты
(Сасыкбаев). Силерчесинен көз көрүнө качуу кылмыш болбойт экен го (Жантөшев).

Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев)
кылмыш
кылмыш даладаты (ук.)
кылмыш жазасы
кылмыш кодекси
кылмыш курамы (ук.)
кылмыш курамынын жү йөсү (ук.)
кылмыш курамынын
максаты (ук.)
кылмыш курамынын
объективдүү жагы (ук.)
кылмыш курамынын
объектиси (ук.)
кылмыш курамынын
предмети (ук.)
кылмыш курамынын
субъективдүү жагы (ук.)
кылмыш курамынын
субъектиси (ук.)
кылмыш курамынын
түрлөрү (ук.)
кылмыш мыйзамы
кылмышка даярдануу (ук.)
кылмышка тиешелүү бо луу (ук.)
кылмышка шериктеш
болуу (ук.)

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ – КР кылмыш-жаза мыйзамдары боюнча кылмыш-жаза мыйзамында каралган коомдук коркунучтуу, күнөөлүү жана жазалануучу жосун (аракет же аракетсиздик). Мыйзамда каралган кандайдыр бир жосундун белгилери бар, бирок анчалык маанилүү болбогондугунан улам, б. а. инсанга, коомго же мамлекетке зыян келтирбеген жана коркунуч туудурбаган аракет же аракетсиздик К. болуп эсептелбейт. К. мүнөзүнө жана коомдогу коркунучтуулук даражасына жараша чоң коркунуч келтирбеген К., анча оор эмес К., оор жана өзгөчө оор К. болуп бөлүнөт. Кол салуу объектилерине жараша К-тар: инсанга каршы К., экономика чөйрөсүндөгү К., коомдук коопсуздукка жана коомдук тартипке каршы К., мамлекеттик бийликке каршы К., аскердик К. жана тынчтыкка жана адамзаттын коопсуздугуна каршы К. болуп бөлүнөт. Күнөөнүн түрүнө жараша – атайын жана байкоосуздан жасалган кылмыш болуп бөлүнөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ-ЖАЗА-АТКАРУУ УКУГУ – КРдеги укуктун өзалдынча тармагы, жазаны аткаруу жана өтөө тартиби менен шарттарын жөнгө салуучу юридикалык ченемдердин жыйындысы. Ошондой эле тийешелүү илим менен окуу сабагы да К-ж. а. у. катары түшүндүрүлөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ-ЖАЗА ЖООПКЕРЧИЛИГИ – юридикалык жоопкерчиликтин бир түрү; жасалган кылмыштын укуктук кесепети – жазалоо таризиндеги мамлекеттик мажбурлоо. К.-ж. ж-не тартуу кылмыш-жаза ишин козгоо, андан ары иликтөө, соттук териштирүү дегенди билдирет. Кылмышка даярдык көргөндүгү үчүн, кылмыш жасоого ниеттендиги үчүн, кылмышка катышкандыгы үчүн да К.-ж. ж. каралат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ-ЖАЗА ЖООПКЕРЧИЛИГИНЕН БОШОТУУ – кылмыш-жаза институту, эгер жагдайлардын өзгөрүлүп кеткенине байланыштуу, ал жасаган жосундун коомдук коркунучтуу мүнөзү жойулса, же ал адам коом үчүн коркунучтуу болбой калгандыгы таанылса, ага ылайык биринчи жолу анча чоң эмес оор же оор эмес кылмыш жасаган адам кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулушу мүмкүн. Андай адам жабырлануучу менен макулдашып элдешкен учурларда да кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат. К. ж. ж. б. төмөндөгүдөй мөөнөттөр өткөн учурларда да жүргүзүлөт: а) анча чоң эмес кылмыш жасагандан 2 жыл өткөндөн кийин; 2) анча оор эмес кылмыш жасагандан 5 жыл өткөндөн кийин; в) оор кылмыш жасагандан 10 жыл өткөндөн кийин; г) өзгөчө оор кылмыш жасагандан 15 жыл өткөндөн кийин. Башка катмардагы кылмыштарды жасаган адам КР кылмыш-жаза мыйзамдарында атайын каралган учурларда.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ-ЖАЗА ЖООПКЕРЧИЛИГИНИН НЕГИЗДЕМЕСИ – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган кылмыш курамынын баардык белгилерин камтыган адам жасаган аракеттер (аракетсиздик).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ-ЖАЗА ИШИ – кылмыш белгилери табылган учурларда мыйзамда белгиленген тартипте козголгон иш. Тергөө органдарынын материалдары же К.-ж. и-нин материалдарын сотко чейин даярдоонун протоколдук таризи боюнча сот тарабынан каралат жана чечилет. К.-ж. и-н козгоо себеби: а) жарандын арызы менен каты; б) коомдук уюмдардын билдирүүсү; в) уюмдардын, кызмат адамдарынын билдирүүсү; г) басмасөздө жарыяланган макалалар, кабарлар, каттар; д) күнөөсүн моюндап келүү; е) кылмыш белгилеринин түздөнтүз алгачкы текшерүү органдары, тергөөчүлөр, прокурорлор же соттор тарабынан табылуусу. Кылмыш белгилерин көрсөтүүчү маалыматтар жетиштүү болгон учурда гана кылмыш иши козголушу мүмкүн.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ-ЖАЗА ИШИН КОЗГОО – кылмыш-жаза процессинин башталышы, анда прокурор же тергөөчү жасалган же даярдалып жаткан кылмыш тууралуу алынган маалыматтарды карап чыгып, ишти өндүрүшкө берүү боюнча негиз бар же жок экенин аныктайт. Бул аракеттер К. и. к. же андан баш тартуу, арызды (билдирүүнү) андан ары тийиштүүлүгүнө жараша өткөрүп берүү, же алынган материалдар боюнча административдик же дисциплинардык тартипте чечүүгө жөнөтүү менен аяктайт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ-ЖАЗА ИШТЕРИН БИРИКТИРҮҮ – бир же бирнече кылмыш жасоого кошо катышкандыгы үчүн бирнече адамды айыптоо боюнча иштер, ошондой эле ушул кылмыштарды күн мурдатан убада кылбастан жашырып-жапкандыгы үчүн айыптоо боюнча иштер бир өндүрүшкө бириктирилиши мүмкүн. К. ж. и. б.ушул иштердин бирин карап жаткан тергөөчүнүн, судьянын токтому, ошондой эле соттун аныктамасы менен жүзөгө ашырылат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ-ЖАЗА КОДЕКСИ (К-ЖК ) – тутумдаштырылган мыйзам актысы; коомчулукка коркунуч туудурган кандай жосундар кылмышка жатарын аныктайт, аларга карата жазаны, ошондой эле дагы башка жазык-укуктук чараларды белгилейт. Адатта, К-ЖК жалпы жана өзгөчө бөлүктөн турат. К-ЖКнын жалпы бөлүгүндө жетектөөчү принциптер менен жалпы жобо камтылат. өзгөчө бөлүгүндө – белгилүү бир кылмыш түрлөрү (жана анын жазалары) аныкталат. Аракеттеги КР К-ЖК 1997-жылдын 1-октябрынан тарта күчүнө кирген.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ-ЖАЗАЛЫК КАТТОО – кылмышкерлерди, ошондой эле дайынсыз жоголгон адамдарды, кылмыш-жаза иштерин тергөө учурунда мааниге ээ болуучу айрым объекттерди каттоого алуучу, аларды издөө, статистика жана алар тууралуу маалымат берүүчү кабарларды алуу максаттарындагы тутум.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ-ЖАЗА МЫЙЗАМЫ – тигил же бул жосун үчүн кылмыш жоопкерчилигин белгилөөчү мыйзам актысы. Жазык укугун толук бириктирп алган күндө да, «К.-ж. м.» деген түшүнүк «кылмыш-жаза кодекси» деген түшүнүккө караганда кенендик кылат, анткени ал КЖКга. киргизилген өзгөртүүлөр менен толуктоолорду да өзүнө камтып турат. К.-ж. м. К-ЖКда так ушул маанисинде колдонулат. Жосундун кылмыштуулугун жоюучу, жазаны жумшартуучу же дагы башка жолдор аркылуу кылмыш жасаган адамдын абалын жакшыртуучу К.-ж. м. кайтарым күчкө ээ, анткени ал мындай мыйзам күчүнө киргенге чейин ушундай жосун жасаган, анын ичинде жазасын өтөп жаткан же жазасын өтөп бүткөн, бирок соттолгондугу алына элек адамдарга карата таркатылат. Кылмыш жосунун аныктоочу, жазаны күчөтүүчү же дагы башка жолдор аркылуу адамдын абалын начарлатуучу К.-ж. м. кайтарым күчкө ээ болбойт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ-ЖАЗА ПРОЦЕССИ – мамлекеттик жана коомдук уюмдардын, кызмат адамдарынын, жарандардын катышуусу менен, мазмуну кылмыш ишин козгоо, иликтөө, соттук кароо жана чечүү, ошондой эле (жарым-жартылай) өкүмдү аткаруу болуп саналган алдынала текшерүү, алдынала тергөө, прокуратура, сот органдарынын мыйзам тарабынан регламенттелип, укуктук мамиле калыбына салынган иш-аракеттери. К.-ж. п-нин баскычтары: а) кылмыш-жаза ишин козгоо; б) алдынала иликтөө; в) сотко өткөрүү; г) соттук териштирүү; д) өкүмдү аткаруу. Айрым учурларда кылмыш-жаза иши кошумча баскычтарды да басып өтөт: соттук көзөмөлгө алуу тартибинде ишти кайра кароо; жаңы ачылган жагдайлар боюнча ишти кайрадан улантуу. «К.-ж. п.» деген түшүнүк «кылмыш-жазык сот өндүрүшү» деген түшүнүккө шайкеш келет. К.-ж. п-нин милдеттери: кылмышты ыкчам жана толук ачуу, күнөөкөрдүн бетин ачуу, мыйзамды туура колдонуу.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ-ЖАЗА-ПРОЦЕССТИК УКУК – КРдеги негизги укук тармактарынын бири; жазык жүрүм катышуучулар чөйрөсүнүн алдыдагы милдети менен принциптерин, алардын укугу менен милдеттерин, ошондой эле башка сот өндүрүшүнүн жоболорун, кылмыш ишин козгоо, алдынала иликтөө, соттук кароо, чечүү тартибин, ошондой эле (жарым-жартылай) сот өкүмүн аткарууну аныктай турган юридикалык ченемдердин жыйындысы. Ошондой эле тийешелүү илим менен окуу сабагы да К-ж-п. у. катары түшүндүрүлөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ-ЖАЗА ПСИХОЛОГИЯСЫ – психология тармагы; укук бузуучунун кертбашынын психикалык түзүмүн изилдейт, т. а., кылмышкердин кертбашы менен мүнөзүн, ошондой эле кылмышка карата анын психикалык мамилесин (жүйөсүн, аңдай билүүсүн, өкүнүүсүн) изилдейт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ-ЖАЗА САЯСАТЫ – коомчулук менен жеке адамдын кылмышка кириптер болуусунан коргоонун баардык мамлекеттик чараларынын жыйындысы. Коопсуздукту жана стратегияны камсыз кылуунун жалпы маселелери менен катар эле, К.-ж. с. кылмыш-жаза укугун реформалоону көздөйт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ-ЖАЗА СТАТИСТИКАСЫ (лат. status – абал) – кылмышты жана жалпы социалдык көрүнүш катарында аны менен күрөшүү натыйжасын изилдей турган кылмыштаануу тармагы, ошондой эле дал ошол маанидеги статистика тармагы.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ-ЖАЗА УКУГУ – кандай жосундар кылмышка жатып, ага кандай жаза, ошондой эле кылмыш жасаган жактарга кылмыш-жаза-укуктук жактан таасир этүүнүн башка чаралары колдонуларын белгилөөчү, кылмыш жоопкерчилигинин жана кылмыш-жаза жоопкерчилиги менен жазадан бошотуунун негиздерин аныктоочу укук ченемдерин бириктирүүчү укук тармагы. Ошодой эле, К.-ж. у. илими менен тийешелүү окуу сабагы да К.-ж. у. катары түшүндүрүлөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ ЖАСОО УЧУРУ – кылмышкер өз аракети аркылуу же аракетсиздигинин айынан кылмыштык жазага тартылчу жосун жасаган учур. Ошол маалга (учурга) чейинки аракеттер кылмыш катары каралбайт. Узакка созулган кылмыштарда баардык жүрүм-турум жорук-жосундары кылмыш-жаза-укуктук жактан К. ж. у-на кирет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ ЖҮЙӨСҮ – кылмыш жосунуна түрткөн нерсенин түздөнтүз ички себеби (м.: кызгануу, кекенүү, пайдакечтик). Кылмыштын жеке тарабы. КР кылмыш-жаза мыйзамдарынын айрым учурларында К. ж. кылмыш курамынын милдеттүү же жиктештирүүчү белгиси болуп саналат. Башка учурларда К. ж. жазалоонун күчөтүлүүчү же жумшартылуучу жагдайы катары да кызмат кылышы мүмкүн.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШКА ДАЯРДЫК – түздөнтүз кылмыш жасоого ниетинде аргандай каражаттар менен куралдарды издөө же атайын ылайыкташтыруу, алдынала макулдашып алып же кылмыш жасоо үчүн атайылап шарт түзүү аркылуу жасалып, андай кылмыш аракеттери аларга байланыштуу болбогон жагдайларга жараша аягына чейин чыгарылбаса да, К. д. катары таанылат. Өтө оор жана өзгөчө оор кылмыштарга карата көрүлгөн даярдыктар гана кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШКА КАТЫШКАНДЫК – кылмыш менен байланыштуу, бирок ага көмөк болбогон иш-аракет. КР кылмыш-жаза мыйзамдарында алдынала макулдук бербестен, оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жашырып-жапкандыгы үчүн К. к. катары кароо менен кылмыш-жаза жоопкерчилиги бар.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШКА КОШО КАТЫШУУ – КР кылмыш-жаза мыйзамдары боюнча 2 же андан көп адамдардын карасанатайлык менен жасалган кылмышка атайылап биргелешип катышуусу. Аткаруучулар менен бир катарда кылмыштын уюштуруучулары, козутуучулары (шыкакчылары) жана көмөкчүлөрү кошо катышуучулар катары таанылат. К. к. к. кылмышка даярдыкта (кылмыш кылууга ниеттенүүдө) да болушу мүмкүн.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШКА КОШО КАТЫШУУЧУЛАР – КР кылмыш-жаза мыйзамдары боюнча кылмыштын аткаруучусу, кылмыштын уюштуруучусу, кылмыштын козутуучусу жана көмөкчүсү. К. к. к-дын жоопкерчилиги алардын арбиринин жасалган кылмышка иш жүзүндө катышуусунун мүнөзүнө жана даражасына жараша аныкталат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШКЕРДИ МАМЛЕКЕТИНЕ КАЙТАРУУ – бир мамлекеттин экинчисине кылмыш кылган адамды өткөрүп берүүсүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн жолжобосу. М.: кылмышкер аба кемесин айдатып кетүүсү ыктымал. Учурда аны ал катталган мамлекетке кайтарууну күч менен айдалып кеткен аба кемеси аймагына конгон мамлекет ишке ашырат (кара:Кылмышкерлерди өткөрүп берүү). К. м. к. бул ошондой өтүнүч менен кайрылган мамлекетке укуктук жардам көрсөтүүнүн өзгөчө акты.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШКЕР ИЗДӨӨ – жарандардын кертбашына, алардын жеке менчигине, коомдук тартипке, коопсуздукка каршы жасалган кылмыштардын алдыналуу, ага бөгөт коюу, бетин ачуу боюнча изин суутпай иликтөө ж. б. ага тийешелүү чараларды көрүүчү ички иштер органдарынын тутуму.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШКЕРЛЕРДИ ӨТКӨРҮП БЕРҮҮ (экстрадиция) – кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу же мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген өкүмдү аткаруу үчүн башка мамлекеттин талабы боюнча мамлекеттин өз аймагындагы кылмышкерди өткөрүп берүүсү. Кызыкдар мамлекеттердин ортосунда өзара атайын макулдашуулар болгондо гана К. ө. б. юридикалык милдеттенме болуп саналат. Мамлекет төмөндөгүлөрдү талап кыла алат: өз жараны болуп саналган кылмышкерди; өз аймагында жасалган кылмыш боюнча; жасалган кылмыштан улам залал тартса. Эреже катары: а) өз жарандарын; б) адамга өлүм жазасы коркунуч келтирген же кыйноолор колдонулуучу мамлекеттерге; в) саясий көзкарашы үчүн куугунтукталган же аракети (аракетсиздиги) талап кылынган тарап тарабынан кылмыш катары саналбаган адамдарды өткөрүп берүүгө жол берилбейт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ КУРАМЫ – кылмыш-жаза мыйзамдарында белгиленген белгилүү бир коомдук коркунучтуу жосунду кылмыш катары мүнөздөгөн объективдүү жана субъективдүү белгилердин жыйындысы. К. к-нын объективдүү белгилерине – кылмыштын субъектиси жана кылмыштын объективдүү тарабы кирет. К. к-нын субъективдүү белгилерине: кылмыштын субъекти жана кылмыштын субъективүү тарабы кирет. Ушул белгилердин мазмуну боюнча кылмыштын бир түрү башка түрүнөн айырмаланат (м.: уурдоо талап-тоноодон кылмыштын объективдүү жана субъективдүү тараптары боюнча айырмаланат.). Кылмыштуу колсалуулардан кылмыш-жаза мыйзамы менен корголуучу коомдук мамилелер кылмыштын объектиси болуп саналат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ КЫЛУУГА НИЕТТЕНҮҮ – атайын түздөнтүз ойлонуу менен жасалган, кылмыш жасоого тикелей багытталган, бирок адамга байланышпаган жагдайлардан улам кылмыш иши аягына жеткирилбей калган шарттардагы аракет же аракетсиздик. Тийиштүү кылмыш катары, кылмыштуу ниеттин ишке ашуу деңгээли жана кылмыштын аягына чейин чыгарылбай калганынын себептери эсепке алынуу менен жазаланат. К. к. н. – алдынала кылмыш аракетинин экинчи баскычы болуп саналат. Биринчи баскычынан – кылмышка даярдануудан (мында аны жасоо үчүн шарттар гана түзүлөт) айырмаланып, К. к. н-дө күнөөлүүнүн аракети кылмыш-жаза мыйзамдары менен корголгон объектке карата тикелей багытталат, же болбосо объектиге ойлонуштурулганга караганда азыраак зыян келтирилет (м.: күнөөлүү киши өлтүрүүгө ниеттенсе да жабырлануучуну жарадар кылат). Бүткөн жана бүтпөгөн К. к. н. деп айырмаланат. Бүткөнүндө күнөөлүү кылмышты аягына чейин жеткирүү үчүн зарыл болгон аракеттердин баарын жасайт; бүтпөгөнүндө – ага байланышпаган жагдайлардан улам баардык аракеттерди аягына чыгара албай калат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ КЫЛУУДАН ЫКТЫЯРДУУ БАШТАРТУУ – КР мыйзамдары боюнча адамдын кылмыш ишин акыр аягына чейин жеткирүүгө көзү жетип же мүмкүнчүлүгү болуп туруп кылмыш кылууга түздөнтүз багытталып даярдалган аракеттерди (аракетсиздиктерди) токтотуп коюусу. К. к. ы. б. кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылбайт. Кылмыш ишин акыр аягына жеткирүүдөн баштарткан адам анын аракеттеринде башка кылмыштардын курамы болгондо гана кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат. Кылмыш ишин уюштуруучунун, шыкакчынын же себепчинин ыктыярдуу баш тартуусу, эгер ал адамдар кылмыш аракеттерин убагында токтотууга баардык чараларды көрүшсө жана андан коомдук коркунучтуу жыйынтыктар боло элек болсо, кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулушат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ КЫЛУУ ЖОРОМОЛУ – кылмыш жазасына жаткан жорукту ашкерелөөдө (мурдагы иликтөөлөрдүн жыйынтыктары кылмышты толук ашкерелөөгө кепил боло албаганда) пайдаланылуучу ойлонуунун криминалисттик усулу; кылынган кылмыштын белгилүү ыкмада жасалганы жагдайындагы ойжоруу. К. к. б. – бул ишенимдүү, бирок жетишсиз эксперименттик маалыматтар менен али далилденүүсү тийиш болгон ойжорууларды бириктирүү.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ КЫЛЫНГАН ЖЕР – криминалдык жана кылмыш-жаза-укуктук жактан мааниси бар жосун болгон жер. К. к. ж. тар маанисинде, б. а. түздөнтүз жосун болгон жер жана ал окуяга байланыштуу өзгөрүүлөр болуусу мүмкүндүгү болжонгон жер (кармашуунун изи, кылмышкерге жана курмандыкка тийүү, жугуу, кандын же жашыруун нерселердин изи, колдун манжаларынын тагы, буттун изи, түрүлгөн килем-килчелер, бүлүнгөн же талкаланган нерселер ж. б.) жана кеңири маанисинде – келген жана окуя болгон жерден качуунун жолдору жана жанжакадагы участоктор (кылмыш кылууга, качууга камдануу тууралуу маалыматтар, жоготулган буюмдар, буттардын издери, биологиялык жана минералдык катмарлануулар ж. б.) болуп бөлүнөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ МАКСАТЫ – кылмыш-жаза укугу боюнча, кылмышкер жетүүгө аракет жасаган натыйжа. Эгер кылмыш жүйөсү болсо – анын түрткүнчүгү, ал эми максаты болсо – кылмыш ишинин күткөн жыйынтык натыйжасы. М., каракчылык жасоодо өлтүрүү жүйөсү – пайдакечтик, ал максаты – жабырлануучуну өлтүрүү. К. м. кылмыш курамынын негизги белгиси болушу мүмкүн, ошондой эле катуулатуучу жагдайларда кылмыш курамын жиктөөчү да болушу мүмкүн. Акырында, К. м. жазаны белгилөөдө жоопкерчиликти катуулатуучу же жумшартуучу жагдай болушу мүмкүн – кылмышкер жетүүгө аракет кылган натыйжа.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ ОЛДОКСОНДУК – кылмыш-жаза укугунда айыптын бир түрү. Эгерде адам өз аракетинин (аракетсиздигинин) коркунучтуу кесепеттерин баамдай алса, бирок жеңил ойлуулук менен аларды болтурбайм деп ойлосо (кылмыш текеберчилиги), болбосо андай кесепеттердин болушун баамдоого тийиш болсо да баамдай албаса (кылмыштуу шалаакылык) К. о. катары таанылат. Байкабастыктан жасалган жосун – ал кылмыш-жаза мыйзамында атайын каралган учурда гана кылмыш катары таанылат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ ОРДУНУН ЧИЙМЕГИ – криминалистикадагы кылмыш ордун сүрөттөөчү жана кылмыш-жаза ишине тиркеле турган план; окуя болгон жерди кароо протоколун толуктап, аргандай учурларда тез баам салууга мүмкүндүк берет. План (чиймек) фотосүрөттөрдөн тышкары түзүлө берет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШПЕНОТААНУУ – кылмыштаануунун бир тармагы; ал кылмышты, анын келип чыгуу себептери менен шарттарын, кылмышкердин кертбашын, кылмыштуулукка каршы күрөшүү чараларынын тутумун, жаза мөөнөтүн өтөө жериндеги кылмыш кесепетин изилдейт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ СУБЪЕКТИСИ – кылмыш курамынын төрт катышынын бири. Кылмыш-жаза мыйзамдары тарабынан тыюу салынган жорук-жосундарды жасап, ал үчүн кылмыш жоопкерчилигин тартууга жөндөмдүү жактар кылмыш-жаза укугу боюнча К. с. болуп таанылат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШТААНУУ (КРИМИНОЛОГИЯ ) (лат. crimena , (criminis ) – кылмыш жана гр. logos – сөз, окуу) – кылмыштуулук, анын себептери, кылмышкердин кертбашы, кылмыштын алдыналуу жолдору менен каражаттары, аны жоюу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндөгү илим. К. т. илими кылмыш-жаза мыйзамдарынын талаптарына кайчы келүүчү адамдардын коомго кооптуу жүрүм-турумун камтый турган кылмыштарды социалдык кубулуш катары изилдейт. Тийешелүү окуу сабагы да К. т. деп аталат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШТААНУУ МОНИТОРИНГИ – кылмыштуулукка, ага байланышкан башка кубулуштарга, ошондой эле кылмышты алдыналуу субъекттеринин иштеринин абалына үзгүлтүксүз байкоо, артараптан талдоо жүргүзүү, баа берүү, болжолдоо тутуму.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШТААНУУЧУЛУК БОЖОМОЛУ – кылмыштуулук абалы менен өсүү деңгээли жана анын айрым белгилери менен көрүнүштөрүнүн божомолун түзүү, кылмышка каршы күрөшүү чаралары менен кылмыш кесепети, ошондой эле кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча иш жүргүзө турган кылмыш таануунун бир тармагы.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШТААНУУЧУЛУК МҮНӨЗДӨМӨ – кылмыштуулуктун (анын айрым түрлөрүнүн) мүнөздүү белгилерин, мыйзам ченемдерин, көрүнүштөрүн, кесепетин, ошондой эле кылмышкердин (анын айрым түрүнүн) жекече мүнөздүү белгилерин сыпаттоо.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШТААНУУЧУЛУК ПРОГРАММАЛОО – кылмышка жана анын айрым түрлөрүнө каршы күрөшүү программасын (планын) иштеп чыгуу чөйрөсүндө иликтөө иштерин жүргүзүүчү кылмыштаануунун бир тармагы.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШТААНУУ ЭКСПЕРТИЗАСЫ – ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун, алардын кылмыштуулукка таасир этүү мүмкүнчүлүгү жаатында тийиштүү адистердин (эксперттердин) изилдөөсү.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШТАРДЫН ЖЫЙЫНДЫСЫ – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган, алардын бири боюнча соттолбогон адамдын 2 же андан көп кылмыштарды жасашы. Мында адам жасаган жана мыйзамда көрсөтүлгөн негиздерде кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган кылмыштар эске алынбайт. КР К-ЖКнын 2 же андан көп статьяларында каралган кылмыштардын курамынын белгилерин камтыган бир эле аракет (аракетсиздик) да кылмыштардын жыйындысы деп аталат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШТАРДЫН ИШ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖЫЙЫНДЫСЫ – кылмыштардын жыйындысынын бир түрү, мында ага кирген кылмыштардын ар бири өзалдынча аракет же аракетсиздик аркылуу жасалат. К. и. ж. ж. бирнече ирет кылмыш жасоо дегенди билдирет. Ошондуктан мындай жагдайларда бир эле адам тарабынан жасалган кылмыштар кылмыш-жаза мыйзамынын бирнече ирет кылмыш жасоо үчүн жаза берүүнү караган статьясынын тийиштүү бөлүгү боюнча жиктештирилет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШТАРДЫН КАЙТАЛАНУУЧУЛУГУ – кылмыш-жаза укугунун теориясында кылмыштардын көп түрүнүн бир түрү. К. к. бир эле адамдын кылмыш-жаза кодексинин бир эле статьясында көрсөтүлгөн кылмышты, же болбосо (айрым учурларда) анын өзгөчө бөлүгүнүн ар кайсы статьяларында каралган кылмышты 2 же андан көп ирет жасоосун билдирет. КР кылмыш-жаза мыйзамы К. к-нун 3 түрүн карайт: а) кылмыштардын бир нече жолкулугу; б) кылмыштардын айкын жыйындысы; в) кайталанган кылмыш.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШТАРДЫН КӨПТҮГҮ – адамдын ар бир жасаган жосуну кылмыш курамын түзгөн жана кылмыш-жаза кодексинин өзалдынча статьясы (же статьясынын бөлүгү) боюнча квалификацияланган кырдаал. Мында өзүнүн артынан укуктук-кылмыш-жаза натыйжаларын (б. а. адам кылмыш-жаза жоопкерчилигинен же жазалоодон бошотулбай тургандары, м.: мөөнөтү эскиргенинен улам) алып келүүчүлөрү гана эсепке алынат. Кылмыш-жаза укугунун теориясында К. к. төмөнкү тариздерге (түрлөргө) айырмаланат: кылмыштардын кайталануусу жана кылмыштардын жыйындысы.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШТАРДЫН ШАЙМАШАЙ ЖЫЙЫНДЫСЫ – кылмыштардын жыйындысынын бир түрү, кылмыш-жаза мыйзамынын эки же андан көп статьясында каралган кылмыштардын белгилерин камтыган бир гана аракетти (аракетсиздикти) билдирет. Кылмыштардын көп түрдүүлүгүнүн тариздеринин бири. К. ж. и. бирканча ирет кылмыш жасагандыкты билдирбейт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШТУУ ЖЕҢИЛ ОЙЛУУЛУК – КР кылмыш-жаза укугунда күнөө таризи, кылмыштуу байкабастыктын бир түрү. К. ж. о. айыптуу адам өз аракетинин же аракетсиздигинин акыры коомчулукка коркунучтуу кесепетин тийгизиши мүмкүн экендигин билип туруп, терсаяктык менен аны жоюуга ашыкча ишеним артуусу менен мүнөздөлөт. Ал адам мындай учурда кандайдыр бир тышкы таасирлерден улам кылмыш натыйжасы болбойт деп эсептөө менен, өзүнүн жөндөмдүүлүгүнө (тажрыйбасына, шамдагайлыгына, ийкемдүүлүгүнө), башка адамдардын кийлигишүүсүнө ишенип жасашы да мүмкүн. К. ж. о. күнөкөр коомчулукка кооптуу кесепетин тийгизе турган кылмышка атайылап жол берүүчү кыйыр ниеттен дал ушунусу менен айырмаланат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШТУУ ЖОРУК – 1) жазык укугунун теориясында адамдын жүрүм-турум эрежелерине сыйбаган, антисоциалдык, кылмыш мыйзамы менен корголгон коомдук мамилелерге зыян келтирүүчү жорук. Кылмыш мыйзамынын тигил же бул статьясына жаткан, акыл-эсинде тургандагы негиздүү аракеттердин же аракетсиздиктин, б. а. психологиялык жана билек күч абалынын бирдигинен көрүнгөн, адамдын аңсезимдүү жүрүм-туруму. К. ж. өзүнүн объективдүү маңызы боюнча коом үчүн коркунучтуу аракет же аракетсиздик болуп саналат, ал эми субъективдүү алганда – ардайым белгилүү максат жана белгилүү жүйө менен жасалган айыптуу жорук; 2) кылмыш дегендин бирдиктүү түшүнүгү болбогон укук тармактарындагы жазаланууга жаткан кылмыштуу аракеттердин (аракетсиздиктин) жалпыланган аталышы. Алып айтсак, француз жазык укугунда К. ж. (оордук деңгээлине жана айып таризине жараша) кылмышка, жазыкка жана бузууга бөлүнөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШТУУ КИРЕШЕ – кылмыштуу жол менен табылган акчалар, баалуу кагаздар, башка материалдык, интеллектуалдык баалуулуктар же аларга болгон укуктар, ошондой эле материалдык эмес жыргалчылыктар.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШТУУЛУК – кылмыштаанууда ар бири үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралган, укукка каршы иш жүзүндө жасалган баардык жосундардын жыйындысын билдирүүчү түшүнүк, ошондой эле белгилүү мыйзам ченемдүүлүктөргө, сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөргө ээ болгон массалык терс социалдык-укуктук көрүнүш.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШТУУЛУК МЕНЕН КҮРӨШҮҮ – кылмыштуулукка алып келүүчү түрткүлөрдү жоюуга (азайтууга) багытталган экономикалык, саясий (анын ичинде укуктук), психологиялык, уюштуруучулук, техникалык мүнөздөгү чаралардын жыйындысы; кылмыштарды ачуу жана иликтөө (кылмышкерлерди издөө), каттоо, болтурбоо, алдыналуу; адилет жазалоону ишке ашыруу; кылмыш кылган адамдарды оңдоо; жаза тартып чыккандан кийин алардын жүрүм-турумдарын көзөмөлдөө; кылмыштардын терс натыйжаларын жоюу.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШТУУЛУК ТҮЗҮМҮ – кылмыш таанууда белгилүү бир убакыт аралыгында белгилүү бир аймактагы кылмыштардын жалпы санында кылмыштардын аркыл түрлөрүнүн салыштырма салмагы (көрсөткүчү).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШТУУ ШАЛААКЫЛЫК – абайсыздыктан болгон айып түрү (кара:Кылмыш олдоксондук). К. ш. жол берилгенде адам улам кийинкисине маани бербестен, коом же инсан үчүн коркунучтуу жорук жасайт, ошентсе да иштин жагдайы боюнча аны алдынала көрүп, аларды болтурбай коюшка болмок. Өзүнүн аракеттеринин (аракетсиздигинин) коомдук коркунучтуулугун алдынала көрө билүү милдети мыйзам талаптарынан, ошондой эле кызмат жана кесиптик милдеттерден, атайын укуктук эскертме эрежелерден ж. б. келип чыгат. К. ш. кокустуктан айырмалоо керек..

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШТУУ ШЕРИКТЕШТИК – КР кылмыш-жаза мыйзамдары боюнча оор жана өзгөчө оор кылмыштарды такай жасоо үчүн алдынала уюшуп алган 2 же андан көп адамдардын же топтордун туруктуу бекем бирикмеси. К. ш-ти уюштурган, болбосо аны жетектеген адам аларды уюштургандыгы жана жетекчилик кылгандыгы үчүн, ошондой эле К. ш-тин жасаган баардык кылмыштары үчүн, эгер алар анын алдынала ойлонуштурулуусуна кирген болсо, кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылууга жатат. К. ш-ке кирген башка адамдар ага катышкандыгы үчүн, ошондой эле өздөрү даярдоого жана жасоого катышкан кылмыштары үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин тартышат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШТУУ ШЕРИКТЕШТИК (КЫЛМЫШТУУ УЮМ) ТАРАБЫНАН ЖАСАЛГАН КЫЛМЫШ – КР кылмыш-жаза мыйзамдары боюнча оор жана өзгөчө оор кылмыштарды такай жасоо үчүн аладынала уюшуп алган (түзүлгөн) туруктуу уюмдашкан 2 же андан көп адамдардын тобу же топтор тарабынан жасалган кылмыш.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШТЫ ЖААП-ЖАШЫРУУ – кылмышка катыштын бир түрү. Кылмышка байланышкан, бирок кошо катышуу болуп саналбаган иш-аракеттер түрүндө болот. К. ж-нун объективдүү тарабы кылмышкерди, кылмыш жасоонун кылмыштуу жол менен табылган заттарын, куралдарын жана каражаттарын жашыруудан көрүнөт. Бул аракеттер ал адам тарабынан тийиштүү кылмыш иши жасалып бүткөндөн кийин иштелет, ошондуктан жаап-жашыруу жасалган кылмыш жана анын кылмыштуу жыйынтыктары менен себептик байланышта турбайт. КР кылмыш-жаза мыйзамдары өзгөчө оор кылмыштарды алдынала убада кылынбаган жашыруу үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин белгилейт. Жубайын же жакын тууганын жаап-жашыргандыгы үчүн адам кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылууга жатпайт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШТЫ КВАЛИФИКАЦИЯЛОО – кылмыштын курам белгилеринин кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган белгилерге шайкеш келе тургандыгына карата кылмыш-жосунуна кылмыш-жаза-укуктук баа берүү. К. к. алдынала тергөө органдары тарабынан, ал эми акыркы аныктоо сот өкүмү менен жүргүзүлөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШТЫН ЖЕКЕЧЕ ТАРАБЫ – нээттенүү менен байкабастык таризиндеги өз аракеттерине же аракетсиздигине жана анын кесепеттерине карата кылмыш жасаган жактын психикалык мамилесинде мүнөздөлгөн кылмыш курамынын төрт катышынын бири. Жекече тараптын белгилери: а) күнөө; б) жүйөө; в) максат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШТЫН КЫСКАРГАН КУРАМЫ – кылмыштын кыскарган курамдарында кылмыш аяктаган учур мыйзам чыгаруучу тарабынан мурдагы баскычтарга көчүрүлөт. М.: кескилик, кылмыштуу жамаатты уюштуруу.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШТЫН МАТЕРИАЛДЫК КУРАМЫ – объективдүү тарабы коомдук коркунучтуу аракеттен тышкары кылмыштуу жыйынтыкты жана жосун менен жыйынтыктын ортосундагы себептик байланышты камтыган кылмыш курамы. Материалдык курамдарда кылмыш аяктаган учур мыйзамда көрсөтүлгөн кылмыштуу жыйынтыктар менен байланышкан. Айталы, м.: киши өлтүрүү жабырлануучу каза болгондо, уурдоо жана тоноо – кылмышкер башка бирөөнүн мүлкүн ээлегенде жана аны тескөөгө айкын мүмкүнчүлүк алганда аягына чыкты деп эсептелет д. у. с.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШТЫН ОБЪЕКТИВДҮҮ ЖАГЫ – кылмыш тутумунун төрт элементтеринин бири; айыптуунун коомго коркунуч келтирүүчү жана кылмыш-жаза мыйзамында тыюу салынган (КР кылмыш-жаза мыйзамдарынын белгилүү бир ченемдеринде каралган) белгилүү бир иш-аракеттерди (аракетсиздикти) жасоосу.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШТЫН ШАРТТУУ КУРАМЫ – шарттуу курамдарда кылмыш аяктаган учур мыйзамдын диспозициясында көрсөтүлгөн аракеттерди (аракетсиздикти) жасоо менен байланышкан жана жыйынтыкты зарыл белги катары өзүндө камтыбайт. М.: коркунучта калтыруу өмүрүнө жана денсоолугуна коркунуч туулган абалда калган жана кичинекейлигинен, карылыгынан, оорудан же болбосо өзүнүн бейкаруулугунан улам өзүн сактоого чара көрүү мүмкүнчүлүгү жок адамды билип туруп таштап кеткендигинен көрүнгөн аракетсиздик актысын жасагандан кийин аягына чыккан болуп эсептелет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ ШЕРИКТЕШТИГИН УЮШТУРУУ (КЫЛМЫШТУУ УЮМ) – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган, коомдук коопсуздукка каршы кылмыш. Ал төмөндөгүлөрдөн көрүнөт: а) оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн кылмыштуу шериктештикти (кылмыштуу уюмду) түзүүдөн – ошого тете ошондой шериктештикти (уюмду) же анын түзүмдүк курамына кирген бөлүмдөрдү жетектөөдөн, ошондой эле оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн пландарды жана шарттарды иштеп чыгуу максаттарында уюмдашкан топтордун уюштуруучуларынын, жеткечилеринин бирикмелерин түзүүдөн; же болбосо б) кылмыштуу шериктештикке (кылмыштуу уюмга) катышуудан, же болбосо уюшкан топтордун уюштуруучуларынын, жетекчилеринин же уюмдашкан топтордун башка өкүлдөрүнүн бирикмелерине катышуудан.

Киргизско-русский словарь Юдахина
кылоо I
1. возглас, которым подзывают телят-сосунков;
2. название болезни телят;
3. южн. ящур у верблюдов;
4. песня-оберег, исполняемая после рождения телёнка;
иши эки арага (или арада) кылоо-кылоо болуп турат его дело повисло в воздухе; его дело ни с места.
кылоо II
сточенный краешек режущего предмета (то, что после точки снимают, выправляя на оселке);
кылоосу түшө элек баки перочинный ножичек ещё не точенный (т.е. совершенно новый);
бычактын кылоосу түшүп калган турбайбы да нож-то ведь уже точенный (т.е. не новый);
кылоосу түшө элек жигит парень в полном соку.

Киргизско-русский словарь Юдахина
кылт I
подражательное слово, выражающее моментальное действие;
кылт коюп башка бирөөгө кошулуп кетти он незаметно переметнулся к другому (напр. к противнику);
кылт эткен түлкүдөй как промелькнувшая лиса;
эсине бардык жорук кылт этти ему вдруг вспомнилось всё происшедшее, в его памяти вдруг промелькнуло всё происшедшее;
кыймыл этип кылт этпей не двигаясь и не шевелясь;
күн уясына кылт этти солнце шмыгнуло в своё гнездо (зашло);
ой кылт эте түшкөн вдруг мелькнула мысль;
желп эткен жел, кылт эткен куурайдан коркот он пугается дунувшего ветерка, шевельнувшейся травинки;
кылт эттирбей не позволяя шевельнуться;
кылт коюп качып кетти он удрал, улепетнул, быстро исчез, смылся;
кылт этип кой-
1) глотнуть;
2) промочить горло (выпить спиртного);
кылт деп суу ичпейт или кылт эттирип суу ичпейт он ни глотка воды не пьёт;
кылт этмейлер шутл.
1) выпивка;
2) места, где можно "тяпнуть" (выпить спиртного);
кылт-кылт жүр- ходить, кокетливо поводя плечами;
кылт-сылт этип жеманно, кокетливо, с ужимками.
кылт II
то же, что кыт I.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
туур. 1. Кыймыл-аракеттин, көрүнүштүн ж. б. дароо, өтө тез болгондугун билдирүүдө колдонулат. Кылактап качкан түлкүнү, Кылт эттирбей жайладың (Токтогул). Кадыркулдун оюна бир нерсе кылт дей түштү (Каимов).
Кылт коюу — шып этип жок болуу, билинбей жөнөп кетүү. Кылт эттирбөө — кылтылдатпай, былкылдатпай кармоо; кыңк эткизбөө. Кылт этип коюу — бир аз жутуп коюу; бир аз ичкилик ичип коюу.

Киргизско-русский словарь Юдахина
ахиллесово сухожилие;
каяшак бергендин кылтасын кыйып, жапырып фольк. кто противился, всем он сплошь перерезал ахиллесово сухожилие;
кыймылдабай кылтасы, кылыч тийген андан көп фольк. таких, которых коснулся меч и у которых стало неподвижным ахиллесово сухожилие, и того больше;
кылтасын кыркып (или кыйып) коюш керек перен. его следует осадить (букв. ему следует перерезать ахиллесово сухожилие);
акылын өзүм табармын, кылтасын кыйып салармын фольк. управу на него я найду сам, я его осажу;
муунумдун кылтасы ласк. (о ребёнке, сыне) надежда ты моя, милый ты мой.

Киргизско-русский словарь Юдахина
то же, что кылтый-;
ээрден көчүк кылтайып, үзөңгүдөн бут тайып фольк. с седла зад сдвинулся, из стремени нога выскользнула (он свалился с коня);
түн ортосу болгондо, түн кылтайып оогондо фольк. когда наступила полночь, когда ночь чуть склонилась (к утру);
кылтайбай безжалостно;
кылтайбай шилтеп кылычын, курган жанды койбойт, ээ! фольк. безжалостно взмахнув мечом, он загубит бедную душу!

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. силок (волосяной, на длинной палке);
2. перен. сети;
балакеттин кылтагына илинип калды он попал в большую беду;
мойнуна кылтак салынган его поймали в сети; он попал в сети;
мойнума кылтак салынганын билбепмин я и не заметил, как оказался в сетях.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Куштарды кармоо үчүн кылдан жасалып, узун чыбыктын башына байланган илмек. Ал эртеңкиге тузак эшип, кылтак даярдады (Аалы). Ышкыбоздор уктабай, Кылтагын сүйрөйт куш карап (Шүкүрбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Куштарды кармоо үчүн кылдан жасалып, узун чыбыктын башына байланган илмек. Ал эртеңкиге тузак эшип, кылтак даярдады (Токомбаев). Ышкыбоздор уктабай, Кылтагын сүйрөйт куш карап (Шүкүрбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эсине келе калуу, оюна түшө калуу, эстей коюу. Падышанын кыял-жоругу эсине кылт дей түшкөндө, анын жука эриндери өзөргөн кишиникиндей араң кыбырап, өзүнчө шыбыраган (Мавлянов). Кадыркулдун оюна бир нерсе кылт дей түштү (Каимов).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Кичинекей гана көрүнүү, жаңыдан гана чыга баштоо. Жаңыдан көк кылтый баштаганда аба тазара түшкөн (Сыдыкбеков). Муруту жаңы келаткан Бычак сырты кылтыйып (Осмонкул).
2. Билмексен, көрмөксөн болумуш болуу уялыңкыраган кебетеде болуу. Алдыртан кылтыйып олтуруп, укмуштун. баары сенден чыгат? (Сыдыкбеков). Түгөтүп салып тарууну, Жатканын кара кылтыйып (Борбугулов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. чуть показываться - о кончике чего-л. (напр. о первых ростках травы);
көк чөптүн учу жердин бетинен кылтыйып келе жатат верхушки зелёной травы чуть показываются из земли;
чачын, кылтыйып эле келатканда, кырдырып таштай турган адаты он обычно брил голову, как только волосы начинали отрастать;
ээрден көчүк кылтыйды, үзөңгүдөн бут тайды фольк. зад с седла сдвинулся (стал виден), из стремени нога выскользнула;
2. высовываться, заглядывать украдкой;
дубалдын ар жагынан кылтыйып карап турат он смотрит, чуть высунув голову из-за забора;
кыргыектей кылтыйып поглядывая, как ястребок (на добычу; вытягивая шею, поглядывая то одним глазом, то другим);
кылтыйып күлүп усмехнувшись;
кылтыйган шайтан бала бедовый парнишка (смотрит не прямо, а искоса, хитро).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кичинекей гана көрүнүү, жаңыдан гана чыга баштоо. Жаңыдан көк кылтыя баштаганда аба тазара түшкөн (Сыдыкбеков). Муруту жаңы келаткан Бычак сырты кылтыйып (Осмонкул). 2. Билмексен, көрмөксөн болумуш болуу, уялыңкыраган кебетеде болуу. Алдыртан кылтыйып олтуруп, укмуштун баары сенден чыгат? (Сыдыкбеков). Түгөтүп салып тарууну, Жатканын кара кылтыйып (Борбугулов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от кылтый-;
жууркандан башын кылтыйтып слегка высунув свою голову из-под одеяла;
окоптон башын кылтыйтып чыгарды он чуть высунул голову из окопа;
кылтыйтып найза салайын фольк. изловчившись и точно направив, я ударю копьём;
жыландын башын кылтыйт- слегка припугнуть (букв. чуть высунуть голову змеи).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. делать игривые движения; быть подвижным, живым в движениях, шаловливым;
кылтылдаган кыз игривая, подвижная девушка;
бу Айчүрөк катында, кылтылдаган капырда нелер бар да, нелер жок! фольк. у этой женщины Айчурек, у шаловливой нечестивицы, чего только нет (каких только выходок) !;
2. бежать мелким и ровным ходом (напр. о хорошем иноходце);
3. плавно двигаться;
күн кылтылдап уясына батып бара жатат солнце медленно (букв. плавно) заходит.

Киргизско-русский словарь Юдахина
нечестность, увёртка, увиливание;
бирөөнүн эле кылтыңы билинсе, төртөөнү тең тындым кылыш керек если хотя бы один из них окажется нечестным, их всех четверых нужно ухлопать;
кылтыңы бар иш нечистое или спорное дело;
кылтыңы бар жигит парень с дурными намерениями; нечестный парень;
кылтың-сылтыңы жок нет никаких разногласий и недоразумений.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Кылыктануу, экилене кыймылдоо, ойсоңдоо, жасакерленүү. Бул үйдө кылтыңдаган кыздын, кылактаган келиндин жоктугу байкалып турат (Жантөшев).
2. Туруктуу болбоо, бир сөзүндө турбоо, улам бирди сүйлөө. Дайырбек мурунку сөзүнө турбай кылтыңдай баштады.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. вертеться; проявлять живость, бодрость;
кыз кыялдуу кылтыңдап, жакшы ат камчы салдырбайт фольк. хороший конь подобен бодрой девице: плетью бить себя не позволяет;
чычкан көргөн күйкөдөй мойну кылтыңдайт шея у него поворачивается, как у пустельги, заметившей мышь;
2. перен. увиливать, изворачиваться;
кылтыңдабай эле, айтайын дегенин айтса боло лучше бы он не увиливал, а сказал бы то, что хочет сказать.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кылыктануу, экилене кыймылдоо, ойсоңдоо, жасакерленүү. Бул үйдө кылтыңдаган кыздын, кылактаган келиндин жоктугу байкалып турат (Жантөшев). 2. Туруктуу болбоо, бир сөзүндө турбоо, улам бирди сүйлөө. Дайырбек муруңку сөзүнө турбай кылтыңдай баштады.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. (точнее көк кылтыр) жидкий (разбавленный водой, напр. о кумысе, о молоке, о чае);
сүтү көк кылтыр экен, суу кошуптур молоко у неё жидкое, она воды подмешала;
2. южн. (о шерсти животных) редкий;
кийик - кызгыч, жүнү жылас, кылтыр болот косуля красновата, шерсть у неё редкая, бедная.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир аз ичүү, кичине ууртап коюу. Муздак суудан суусап келе жатып кылт этип койдум эле, тамагым ооруп калыптыр («Ала-Тоо»). 2. Бир аз ичкилик ичип коюу. Бир аз кылт этип койгон көрүнөт («Чалкан»). Сүйүнгөнүмдөн ошо бөдөнөнүн сүтүнөн кичине кылт этип койгом (Тойбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Арактан бир аз ичүү, кичине ууртап коюу. Муздак суудан суусап келе жатып кылт этип койдум эле, тамагым ооруп калыптыр («Ала-Тоо»). 2. Бир аз ичкилик ичип коюу. Бир аз кылт этип койгон көрүнөт («Чалкан»). Сүйүнгөнүмдөн ошо бөдөнөнүн сүтүнөн кичине кылт этип койгом (Тойбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Былкылдатпай өтө катуу кармоо, кыңк эткизбөө. Кийинки апасы кыйын киши көрүнөт, балдарды кылт эттирбейт («Кыргызстан аялдары»). 2. Дароо, ошол замат. Чоюбектин кимисине кандай мамиле, сый жасап атканын кылт эттирбей жеткирип турууга тыңчыларды коюшкан (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Былкылдатпай өтө катуу кармоо, кыңк эткизбөө. Кийинки апасы кыйын киши көрүнөт, балдарды кылт эттирбейт («Кыргызстан аялдары»). 2.Дароо, ошол замат. Чоюбектин кимисине кандай мамиле, сый жасап атканын кылт эттирбей жеткирип турууга тыңчыларды коюшкан (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Мойнун буруп, арка жагын кароо. Өз кыялына өзү кубанган Ашым артына кылчайып, Көсөлдү карап коёт (Каимов). [Балдар] бири-бирин кылчая карашып, кол серпишип, катуу-катуу сүйлөшүүдө (Бейшеналиев).
2. Кайрылуу, кайта айлануу, кайрылып келүү. Кылчайып келсем үйдө жок, Кыргыйым качкан оң колдон (Токтогул). Кырстыгынан кылчайып, Жанына киши барбаса («Курманбек»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
оглядываться;
кылчайбай кетти он ушёл, не оглянувшись;
кылчайып карап койбодуң ты не удостоил даже взглядом;
кылчайбастан
1) без оглядки;
кылчайбастан качып жөнөдү он дал тягу; он бежал без оглядки;
2) в отриц. обороте беспощадно;
кыйыгыма тийгенди кылчайбастан жайладым фольк. кто гневил меня, того я беспощадно убивал;
кылчаярым жок мне не на кого опереться; меня некому пожалеть.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Мойнун буруп, арка жагын кароо. Өз кыялына өзү кубанган Ашым артына кылчайып, Көсөлдү карап коёт (Каимов). Балдар бири-бирин кылчая карашып, кол серпишип, катуу-катуу сүйлөшүүдө (Бейшеналиев). 2. Кайрылуу, кайта айлануу, кайрылып келүү. Кылчайып келсем үйдө жок, Кыргыйым качкан оң колдон (Токтогул). Кырстыгынан кылчайып, Жанына киши барбаса («Курманбек»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
то же, что кылчаң;
кылчак кара-
1) оглянуться, повернув голову назад;
кылчак-кылчак кара- то и дело смотреть назад, поварачивая голову;
2) оглянуться с опаской;
кылчак-кылчак каранып то и дело боязливо оглядываясь;
ажалдан кылчак тартпаган он смерти не боялся;
кылчагы бар
1) у него осталось позади что-то, вызывающее заботу или опасение (напр. уехав, он оставил дома больного ребёнка);
2) опасение;
кылчагы жок
1) у него позади не осталось ничего, что бы его беспокоило;
2) он не опасается, не боится.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кайра-кайра кылчайып артын карай берүү (көбүнчө бир нерсени кыя албай же бирөөнү күткөн абалга карата). Ал баланын үнү угулбай калганга чейин артын кылчак-кылчак карап, көзүнүн жашын төгүп баратты («Кыргызстан маданияты»). В.: Кылчаң-кылчаң кароо. Энеси кылчаң-кылчаң артын карап, зыркырап ичи күйүп бара жатты (Шүкүрбеков).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Улам-улам арка жагын кароо. Аркасын карап кылчактап, Коңурбай качып калган кез экен («Манас»).
2. өт. Тарткынчыктоо. Муну эч бир кылчактабай туруп эле, бардыгыбыз тең барып талап кылууга тийишпиз (Абдукаримов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
оглядываться назад, повернув голову; оглядываться назад через плечо;
кылчактап карап артына фольк. повернув голову и смотря назад;
кашаң аттай кылчактап (он идёт) упираясь, как ленивая лошадь;
кеткиси келбей, кылчактай басты уходить ему не хотелось, он шёл, оглядываясь назад;
кылчактап карабастан кете берди он шёл себе и шёл, не оглядываясь.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Улам-улам арка жагын кароо. Аркасын карап кылчактап, Коңурбай качып калган кез экен («Манас»). 2. өт. Тарткынчыктоо. Муну эч бир кылчактабай туруп эле, бардыгыбыз тең барып талап кылууга тийишпиз (Абдукаримов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
озирание назад;
кылчаң бас- идти, оборачиваясь назад;
"айткан сөзүм тыңда" деп, "аял-кылчаң кылба" деп стих. слушай, мол, мои слова, не будь нерешительным;
үйүңдө эмине кылчаңың бар, бара бербейсиңби? нечего тебе на дом оборачиваться, продолжай свой путь.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Улам-улам арка жагына карануу, кылчактоо. [Жолоочу] кылчаңдап, аягын зорго шилтеди (Убукеев). Кылчаңдап улам боздосо, Иңгендин көркү тайлакта («Мендирман»).
2. өт. Тарткынчыктоо, кылчактоо. Кырчылдашар жоо келсе, Кысынбаймын кылчаңдап («Курманбек»). — Карыя өзүңүз эле бара койбойсузбу!деп Акбар кылчаңдады (Убукеев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
то же, что кылчакта-;
кылчаңдап улам боздосо, иңгендин көркү тайлакта стих. вся прелесть верблюдицы в верблюжонке, когда она кричит, оглядываясь назад (призывая своего верблюжонка).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Улам-улам арка жагына карануу, кылчактоо. Жолоочу кылчаңдап, аягын зорго шилтеди (Убукеев). Кылчаңдап улам боздосо, Иңгендин көркү тайлакта («Мендирман»). 2. өт. Тарткынчыктоо, кылчактоо. Кырчылдашар жоо келсе, Кысынбаймын кылчаңдап («Курманбек»). – Карыя өзүңүз эле бара койбойсузбу! – деп Акбар кылчаңдады (Убукеев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
волосинка, волосок;
кылчык жүн грубая шерсть;
кылчык жүндүү грубошёрстный;
кылчык жүндүү койлор грубошёрстные овцы;
жарым кылчык жүндүү койлор полугрубошёрстные овцы;
жүндүн да жүнү бар: уяңы, уяң чалышы, кылчыгы бар есть шерсть и шерсть (т.е. шерсть бывает разная): тонкая, полутонкая, грубая.

Киргизско-русский словарь Юдахина
кылый I
(или кылый көз) раскосый (о человеке; ср. чалыр);
бир көзү кылыйыраак один глаз у него немного косит.
кылый- II
косить (о глазах); искоса посматривать;
түлкү акең жатты кылыйып, "жакындап келсе, жейин" деп фольк. лисичка легла, искоса поглядывая, думая: если (перепел) приблизится, съем его;
кылмыштуудай кылыйып искоса воровато поглядывая.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Көздүн кыйыгы менен кылтыйып кароо. Эки жигит.. карыядан өтүнө албай, кылыйып тымтырс олтурушту (Бейшеналиев). Даша.. Ашырдан кылыя карап сурады (Сасыкбаев).
2. өт. Таарынуу, таарынып унчукпай калуу. Абаз эч нерсе дебей} кылыйгандан кылыйып, унчукпай калды (Таштемиров).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Көздүн кыйыгы менен кылтыйып кароо. Эки жигит карыядан өтүнө албай, кылыйып тым-тырс олтурушту (Бейшеналиев). Даша Ашырдан кылыя карап сурады (Сасыкбаев). 2. өт. Таарынуу, таарынып унчукпай калуу. Абаз эч нерсе дебей, кылыйгандан кылыйып, унчукпай калды (Таштемиров).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. действие, поступок;
2. проделка;
молдолордун кылыктары проделки мулл;
кылык-жорук
1) поведение;
2) проделки;
3. поведение; нрав, характер;
кылыгы жаман скверного поведения; дурного нрава;
кылыгы жакшы хорошего поведения; хорошего нрава;
"кымыз" деген кыйгыл аш - кылыктан танбай, аздап ич фольк. кумыс - кислое питьё, пей понемногу, чтобы не сбиваться с (хорошего) поведения (т.е. не до опьянения).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Жорук, кылган иш. Саламаткандын кылыктары көз алдына элестеди (Жантөшев).
2. Кулк-мүнөз, жүрүш-туруш. Кыз-келиндин ичинде Кылыгым сонун көрүнгөн (Токтогул). Кыйнап жүргөн солдатка Кылык менен жактым да (Токтогул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жорук, кылган иш. Саламаткандын кылыктары көз алдына элестеди (Жантөшев). 2. Кулк-мүнөз, жүрүш-туруш. Кыз-келиндин ичинде Кылыгым сонун көрүнгөн (Токтогул). Кыйнап жүргөн солдатка, Кылык менен жактым да (Токтогул). Кылыгың эске түшкөндө, Кылгырып көзгө жаш толду (Казыбек).

Киргизско-русский словарь Юдахина
жеманничать, жеманиться, кокетливо двигаться;
көйнөгүн көрсөтө буластап басып, үнүн ипичке чыгарып кылыктанат фольк. она выступает, выставляя пышное платье, говорит тоненьким голосом, кокетливо двигается.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. шаловливый, весёлый, бодрый;
кыз баладан кылыктуу шаловливее девочки;
жоргонун кылыктуу жүрүшү бодрый ход иноходца;
2. учтивый; застенчивый;
кыздуу үй кылыктуу погов. дом, где есть девушка, учтив;
кыз кылыктуу скромный, мягкий, ласковый;
кылыктуу кыздай как застенчивая девушка.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Эч нерсе болбоо, эч зыян тартпоо, тоготпоо. Арадан беш ай өткөндөн кийин «Усупбеков кылы кыйшайбай эле баягы кызматында иштеп жүрөт» деген кабар уктум («Чалкан»). Баарыбыздан кеч туруп, энем экөөбүз даярдаган дасторконго олтуруп, кылы да кьйшайбай чай ичкенин кантесиң («Кыргызстан маданияты»). Эр өлтүргөндө да кылы кыйшайбаган манап кокусунан кармалгансып, мудасын уулдарына дайындай албай калды (Каимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эч нерсе болбоо, эч зыян тартпоо, тоготпоо. Арадан беш ай өткөндөн кийин «Усупбеков кылы кыйшайбай эле баягы кызматында иштеп жүрөт» деген кабар уктум («Чалкан»). Баарыбыздан кеч туруп, энем экөөбүз даярдаган дасторконго олтуруп, кылы да кыйшайбай чай ичкенин кантесиң («Кыргызстан маданияты»). Эр өлтүргөндө да кылы кыйшайбаган манап кокусунан кармалгансып, мудасын уулдарына дайындай албай калды (Каимов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
кылым I
1. поступок, деяние, действие;
акылга туура кылымы стих. его поступки сообразны с разумом;
2. отделка;
кийизин аппак бордогон, кылымын артык оңдогон стих. (из заплачки) кошму она белила бело-набело, отлично отделывала;
кемтиги жок кылымы фольк. в отделке нет недостатков.
кылым II
ар. с греч.
1. век; эпоха;
нечен кылымдар бою на протяжении многих веков;
жылдан жылга, кылымдан кылымга из года в год, из века в век;
өткөн кылымдын сексенинчи жылдарында в восьмидесятых годах прошлого столетия;
кылымдан искони, испокон веков;
2. (в эпосе) мир, вселенная;
кылымда жок эр неме он такой удалец, каких в мире нет;
эр Төштүктүн тоюна кылым келди козголуп фольк. на пир богатыря Тоштюка пришёл весь мир;
кылымды кыдырып келдим я весь свет исходил;
кылымдын каны Алооке фольк. хан мира Алооке;
кылымды билген тот, кто управляет всем миром;
кылымды билген султандын кырк чоросу дагы бар фольк. у султана, правящего миром, есть и сорок витязей;
кабары кетти кылымга фольк. весть о нём обошла весь мир;
кылымга малың толуптур фольк. твой скот заполнил весь мир;
3. (гл. обр. в эпосе) все;
кылым кыргыз все киргизы, весь киргизский народ;
он жетинчи жылында азаттык болду кылымга стих. в семнадцатом году свобода пришла ко всем;
кылычты кайрап, байланып, кылымдын көөнү жайланып фольк. наточив мечи, препоясались, сердца всех успокоились;
кылымдан чыккан бузук негодяй, стервец несусветный;
эчен кылым эл өткөн много разных народов жило.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Жүз жыл, жүз жылдык мезгил. Мен өскөмүн уруш-күрөш жылында, Мен өскөмүн жыйырманчы кылымда (Турусбеков).
2. Дүйнө, бүт дүйнө жүзү. Мындай сонун теңчилик, Кылымда мурун болбогон (Токтогул). Кыргыз, кыпчак эл турмак, Кылымга жетти дастаның («Курманбек»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жүз жыл, жүз жылдык мезгил. Мен өскөмүн уруш-күрөш жылында, Мен өскөмүн жыйырманчы кылымда (Турусбеков). 2. сүйл. Дүйнө, бүт дүйнө жүзү. Мындай сонун теңчилик, Кылымда мурун болбогон (Токтогул). Кыргыз, кыпчак эл турмак, Кылымга жетти дастаның («Курманбек»). Канткенде адам уулу Адам болот, Кылым жообун Айтматовчо тапкыла (Акматалиев).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
«КЫЛЫМДАР ЖАҢЫРЫГЫ» (Фр„ 1989)— К. Айдаркуловдун китеби. Эмгек Совет бийлигине чейинки араб тамгалары менен жазылган «Семетей» эпосунун сейрек кол жазмаларын талдоого арналат. Китеп үч баптан турат. Биринчи бапта «Семетей» эпосунун Октябрь Революциясына чейинки жазылып алынган кол жазмалар тууралуу баяндама жасайт жана 1903-ж. биринчи жолу Б. В. Смирнов тарабынан фонографка Кенже-Кара семетейчинин айтуусунда жазылган «Семетей» эпосунун үзүндүсү менен тааныштырат. Экинчи бапта «Кысса Семетей бу-турур» кол жазмасынын, эпостун Алматыдан жана Кочкордон табылган айрым үзүндүлөрүнө текстологиялык талдоо жүргүзүлөт. Үчүнчү бапта кыргыз элинин «Ордо», «Тогуз коргоол» сыяктуу оюндарынын келип чыгышына, алардын ойнолуу тартибинде чагылдырылган жоокердик турмуштун айрым көрүнүштөрүнө токтолот.

Киргизско-русский словарь Юдахина
меч, сабля;
эки миздүү кылыч палаш;
жоо кеткенден кийин кылычыңды бокко чап погов. после драки кулаками не машут (букв. когда враг удалился, мечом навоз руби);
кылыч шилте-
1) взмахивать мечом;
2) рубить мечом;
кылыч шилтен, жаа тарткан фольк. он рубил мечом и стрелял из лука;
кылычтын мизи лезвие меча;
кылычтын мизине ал- предать мечу;
кылычтын мизин жала- или кылычтын мизин жалмала- (в эпосе) клясться на мече (букв. лизать лезвие меча);
саадак огун кармалап, кылычтын мизин жалмалап, антын кылып калды эми фольк. пощупав стрелу, полизав лезвие меча, он поклялся;
кылычтын мизин жалаш- взаимно поклясться друг другу на мече.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КЫЛЫЧ — эпизоддук кейипкер. Валиханов жазып алган эпизоддо Агыштын атасы экендиги гана эскерилет (Валиханов жазып алган эпизод, «Ала-Тоо, 1979, № 7, 89-б.). Сагымбай Орозбаков вариантында Агыш Жеткир бийдин уулу делет. КЫЛЫЧ КУЙРУК БАЯС — мифтик жаныбар. Алооке кандын ажайыпканасындагы реалдуу жана эпикалык жаныбарлардын арасында сүрөттөлөт:
Кылыч куйрук баяс бар
Кызыл аюу, саяс бар,
Маймыл дарек деген бар,
Жабыр баян бир жандар,
Пил, керикти жеген бар (Сагымбай Орозбаков, 2. 183).

Эпостун башка эпизодунда Манас бала чагында жолдоштору менен салбырынга барып, К. к. б. жолугуп Аккелте менен атып өлтүрөт. Ал жаныбарлардын сырткы келбети сүрөттөлөт.
Чоңдугу бар өгүздөй, Аяк басса адамдай, Капталында канат бар, Куйругунда кылычы, Куп тамаша бул ушу (Сагымбай Орозбаков, 1. 225).

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
Ал өрмөк согуучу тактай курал. Кылычтын узундугу болжолдо 45—55 см, жазылыгы 15—17 см, калыңдыгы 3—5 см, бир кыры жукартылган сабы бар бычак түспөлүндө болот. Адыргы аркылуу улам өрмөктөгү эриштин астыңкы жиптерин үстүнө, үстүнкү жиптерин астына алмай-телмей өткөргөндө, бул кылыч менен эки-үч салмактуу соккондо аркак жип эришке кынаптала түшөт.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Атчан аскерлер колдонуучу бир жагы миздүү кайкыраак, узунураак келген курал. Сайса найза тешкисиз, Чапса кылыч кескисиз («Манас»). Кылычтан тес да күл дайра, Кыйналбастан өтөгөр (Казыбек) 2. Өрмөк согууда колдонулуучу курал.

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
Түймөчүлүктүн бир түрү. Муну негизинен Тоң, Ат-Башы, Нарын аймагындагылар арбын кармашат. Аны көбүнчө боз үйдүн тегиричи, сайма жабык башынын жээгине тартат. Мында ар бири алты талдан жипти үчтөн кайчылаштырып байлайт. Анын «өрмө чачысы» бар. Мында да алты тал чыйратылган жип экиден үч сыйра өткөзүлөт да, анда текши көзчө (торчо) чыгарылат. Мунун аягына адаттагыдай «топ чачысы» түйүлүп, буга болжол менен жүз, жүз элүүгө чукул тал жип керектелет. Муну «чок» деп айтат.

Киргизско-русский словарь Юдахина
кирг.-ир. ист.
меченосец (воин, вооружённый мечом, саблей);
оңунда жыйырма кылычкерден, солунда жыйырма айбалта алган, найзакерден жыйырма фольк. справа у него двадцать меченосцев, слева у него двадцать алебардщиков и копейщиков двадцать.

Киргизско-русский словарь Юдахина
действовать мечом, саблей;
кырк желдети жанында, кылычтап башты чапчусу фольк. при нём сорок палачей, рубящих головы мечом;
душмандар кылычтап кирип калды ворвались враги с саблями.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
эск. Тынч, жай-баракат оокат өткөрүү, уруш, согуш дегенди ойлобоо. - Ошентип, кылычыңарды дат басып, эндекей жатканыңарда, табактагы этиңерди, сабадагы кымызыңарды тартып кетсе кантет? (Касымбеков) Анан эмне болмок эле? Албетте, бир күнү болот кылычты дат басат (Көчкөнов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
эск. Тынч, жайбаракат оокат өткөрүү, уруш, согуш дегенди ойлобоо. -Ошентип, кылычыңарды дат басып, эндекей жатканыңарда, табактагы этиңерди, сабадагы кымызыңарды тартып кетсе кантет? (Касымбеков). Анан эмне болмок эле? Албетте, бир күнү болот кылычты дат басат (Көчкөнов).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КЫЛЬІЧ — жоокердик курал. Эң мыкты сапаттагы «ак болоттун» жана «кара курчтун» өзгөчө кошулмасынан чапканда кесип же тешип кетүүгө ыңгайлаштырылган өткүр миздүү. учтуу курал. Бир аз кайкалаган көрүнүштөгү жука «баанектен» жана алып жүрүүгө ылайыкталган «толтолуу» саптан турат. Жоокердик заманда сырткы душмандар менен салгылашууда жана өзүн-өзү коргоодо колдонулган. Жоокердик заманда К-ты негизги курал катары үйрөнүүнү кыргыздар бала кезинен үйрөнө баштагандыгын элдик «мангел уруу», «ашкабак чапмай» жана башкалар оюндарда К. чабуунун ыкмаларын үйрөнүү эрежелеринин сакталып калгандыгынан көрүүгө болот. Демек, К. кыргыздарда негизги курал болгонуна караганда анын сапаттуу жасалышына да абдан көңүл бурулган болуу керек. Ал эми эпосто К-тын асем кооздолуп жасалышы төмөнкүчө сүрөттөлөт:
Кубулган миздүү ак албарс,
Атаңдан калган кылычтын,
Алтын торго албарстын,
Байнеги кооз болсун деп,
Бооруна алтын чөгөрткөн,
Билеги кооз болсун деп —
Билдин сөөгүн саптаган,
Кабы кооз болсун деп
Өтөгөндүн терисин
Өз кырына каптаган (Жаңыбай Кожековдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 846- инв., 831-б.).

Бул маалыматтарга караганда Манастын кылычын Бөлөкбай Төкөр уста деген атактуу усталардын жыл маалына чейин узанышып, араң жасап бүткөндүгү эпосто айтылган. К-тын курчтугун күчөтүүдө:
Көмүрүнө чыдабай
Көп токойлор кыйылган
Көөрүгүнө чыдабай
Көп букалар союлган
Сугатына чыдабай
Көп булактар соолгон
деген эпостогу апыртма сүрөттөөлөр К-ты жасоого абдан көңүл бөлгөндүгүн айгинелеп турат.



Ушинтип жасалган «кереметтүү» К-тар атадан балага мурас калтырылган. Ал өткөндүн эстелиги катары сапаттуулугу боюнча «ыйык», «касиеттүү» сезилип бардык эле адамдар колун тийгизип кармоого же колдонууга даай алышкан эмес. Аны айрым гана өзгөчө инсандар колдонгон жана анын көзөмөлүндө болгон. Жогоркудай жасалгалуу кылычтарды атактуу баатырлардан бөлөк, эл башкарган жетекчилер да бийликтин символу катары алып жүрүшкөн. Мындай учурда К. шаан-шөкөттүн, дөөлөттүн белгиси катары көрүнөт. Көптөгөн элдерде (сактар, усундар, гунндар жана башкалар) К. байыркы доордон тартып эле негизги курал катары пайдалангандыгын археологиялык табылгалар ырастайт.
К. Айдаркулов