КЫЛКАН
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаАрпа, буудайдын данынын уландысы сыяктанып кеткен майда-майда тикенекчелер кылкан аталат. Бетеге сыяктанып өсүп даны тикен сыяктанып, кой, эчкинин терисине кирип кете турган чөп да кылкан делет. Балыктын майда сөөктөрүн да кылкан деп коёбуз. Мына ушул кылкан сөзү кыл сөзүнөн келип чыгат. Анткени алар да кыл сыяктуу ичке келет. Кадимки кылдан алардын айырмалуу экенин билдирүүчү -кан мүчөсү уланган.
Бул -кан мүчөсү башка түрк тилдериндеги ар кандай мүчөлөргө маанилеш келет. Эгиндин кылканы дегендеги кылкан сөзү Махмуд Кашгаринин «Диванында» кылдурук түрүндө айтылса, азыркы уйгур тилинде килтирик болуп айтылат. Буга салыштырганда -кан мүчөсү -дырык мүчөсүнө маанилеш келет. Башкырча кылсык, татарча кылчык, түркмөнчө кылчык азербайжанча гылчыг, кумыкча кылчык сөзү кыргызча эгиндин кылканы деген сөзгө туура келерин эске алганда, -кан мүчөсү -чык мүчөсүнө туура келет. Бирок кыргыз тилинин өзүндө кылчык сөзү «эгиндин кылканы» эмес, «кылга окшошураак жүн» дегенди билдирүү үчүн айтылат. Ал сөз уйгурча кылчак болуп колдонулат.
Хакас тилинде хылга сөзү кыргызча эгиндин кылканы дегендеги кылкан сөзүнө туура келет. Мында -га мүчөсү -кан мүчөсүнө барабар, келет. Түркмөн тилинде гылганак//гылдырган сөзү «императа цилиндрическая» деген чөптүн атын билдирет. Мааниси боюнча -га, -кан, -ганак, -дырган мүчөлөрү синонимдеш болуп чыгат.
Кыргызча бетеге сыяктуу өсүмдүктүн атын билдирген кылкан сөзүнө туура келген сөз башкыр, татар, ногой тилдеринде «бетеге» дегенди билдирет. Моңгол тилиндеал хилгана болуп айтылат. Моңголчо хялга(сан) сөзү кыргызча кыл сөзүнө туура келип, аягына -гасан мүчөсү ашыкча кошулат. Бирок моңголчо хил сөзү кыргызча комуздун кылы дегендеги кыл сөзүнө туура келет.