кылмыштуулук
кылмыштуулуктун ал дын алуу (ук.)
кылмыштуулуктун се бептери (ук.)
кылмышты жиктөө (ук.)
кылмышты кесип ката ры жасоо (ук.)
кылмыштын жыйын дысы (ук.)
КЫЛМЫШТУУЛУК – кылмыштаанууда ар бири үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралган, укукка каршы иш жүзүндө жасалган баардык жосундардын жыйындысын билдирүүчү түшүнүк, ошондой эле белгилүү мыйзам ченемдүүлүктөргө, сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөргө ээ болгон массалык терс социалдык-укуктук көрүнүш.
КЫЛМЫШТУУЛУК МЕНЕН КҮРӨШҮҮ – кылмыштуулукка алып келүүчү түрткүлөрдү жоюуга (азайтууга) багытталган экономикалык, саясий (анын ичинде укуктук), психологиялык, уюштуруучулук, техникалык мүнөздөгү чаралардын жыйындысы; кылмыштарды ачуу жана иликтөө (кылмышкерлерди издөө), каттоо, болтурбоо, алдыналуу; адилет жазалоону ишке ашыруу; кылмыш кылган адамдарды оңдоо; жаза тартып чыккандан кийин алардын жүрүм-турумдарын көзөмөлдөө; кылмыштардын терс натыйжаларын жоюу.
КЫЛМЫШТУУЛУКТУН ӨСҮШҮ – убакыт боюнча кылмыштуулуктун сапаттык жана сандык касиетинин өзгөрүүсү.
КЫЛМЫШТУУЛУК ТҮЗҮМҮ – кылмыш таанууда белгилүү бир убакыт аралыгында белгилүү бир аймактагы кылмыштардын жалпы санында кылмыштардын аркыл түрлөрүнүн салыштырма салмагы (көрсөткүчү).