Кылмыштуулук менен күрөшүү
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)КЫЛМЫШТУУЛУК МЕНЕН КҮРӨШҮҮ – кылмыштуулукка алып келүүчү түрткүлөрдү жоюуга (азайтууга) багытталган экономикалык, саясий (анын ичинде укуктук), психологиялык, уюштуруучулук, техникалык мүнөздөгү чаралардын жыйындысы; кылмыштарды ачуу жана иликтөө (кылмышкерлерди издөө), каттоо, болтурбоо, алдыналуу; адилет жазалоону ишке ашыруу; кылмыш кылган адамдарды оңдоо; жаза тартып чыккандан кийин алардын жүрүм-турумдарын көзөмөлдөө; кылмыштардын терс натыйжаларын жоюу.