Кылмыштуулук
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)КЫЛМЫШТУУЛУК – кылмыштаанууда ар бири үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралган, укукка каршы иш жүзүндө жасалган баардык жосундардын жыйындысын билдирүүчү түшүнүк, ошондой эле белгилүү мыйзам ченемдүүлүктөргө, сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөргө ээ болгон массалык терс социалдык-укуктук көрүнүш.