КЫЛБАГАН САНАТТЫ КЫЛУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Аябай кордоо, запкы көрсөтүү, маскаралоо. Каныбек Айдарбек даткага кылбаган санатты кылып, Ак жал деген күлүк атын минип качат (Жантөшев). В.: Кылбаганды кылуу. Аялы байкушка жаш кезинде кылбаганды кылды («Ала-Тоо»).