Кылмыш-жаза-процесстик укук
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)КЫЛМЫШ-ЖАЗА-ПРОЦЕССТИК УКУК – КРдеги негизги укук тармактарынын бири; жазык жүрүм катышуучулар чөйрөсүнүн алдыдагы милдети менен принциптерин, алардын укугу менен милдеттерин, ошондой эле башка сот өндүрүшүнүн жоболорун, кылмыш ишин козгоо, алдынала иликтөө, соттук кароо, чечүү тартибин, ошондой эле (жарым-жартылай) сот өкүмүн аткарууну аныктай турган юридикалык ченемдердин жыйындысы. Ошондой эле тийешелүү илим менен окуу сабагы да К-ж-п. у. катары түшүндүрүлөт.