КЫЛТЫЙ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Кичинекей гана көрүнүү, жаңыдан гана чыга баштоо. Жаңыдан көк кылтыя баштаганда аба тазара түшкөн (Сыдыкбеков). Муруту жаңы келаткан Бычак сырты кылтыйып (Осмонкул). 2. Билмексен, көрмөксөн болумуш болуу, уялыңкыраган кебетеде болуу. Алдыртан кылтыйып олтуруп, укмуштун баары сенден чыгат? (Сыдыкбеков). Түгөтүп салып тарууну, Жатканын кара кылтыйып (Борбугулов).