КЫЛЧАЙ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Мойнун буруп, арка жагын кароо. Өз кыялына өзү кубанган Ашым артына кылчайып, Көсөлдү карап коёт (Каимов). Балдар бири-бирин кылчая карашып, кол серпишип, катуу-катуу сүйлөшүүдө (Бейшеналиев). 2. Кайрылуу, кайта айлануу, кайрылып келүү. Кылчайып келсем үйдө жок, Кыргыйым качкан оң колдон (Токтогул). Кырстыгынан кылчайып, Жанына киши барбаса («Курманбек»).