КЫЛ ЖУГУЗБОО
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Абдан таза кармоо, таза урунуу, таза асыроо. Атына жараша өзү да, такай боюна жарашыктуу кийинип, үстүнө кыл жугузбай, сакал, мурут, чач-пачты ар дайым тегиздетип, галстукту мойнунан түшүрбөй чыкыйып жүрөт («Ала-Тоо»). 2. Начар жактарын жашырып, аябай мактай берүү, ашыра мактоо, өтө эле көтөрө чалуу. – Сиз, жолдош башкарма, баарына эле кыл жугузбай актап атасыз, а өрт кандайча чыгат? Билишиңиз керек (Осмоналиев). В.: Кыл жукпоо. Тасторконуна кыл жукпайт, идиштери жеткилең (Сыдыкбеков).