Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Жалдын, куйруктун ж. б. жоонураак келген айрым талы жана алардын жалпы аты. Кыл чайнап, балбан Тиштээк кайраттанган (Маликов). Кыл аркан. Кыл чылбыр.
  1. 2.           Жалпы эле жүн; териден түшкөн жүн. Кийим илгичтеги макентошунун суусун силкип, кыл-сылын тазалап кайрадан илип койдум (Каимов). Султаның Табыл унчукпайт, оң колун карап ыргытып, Бир тутам буурул кыл таштайт («Эр Табылды»).
  2. 3.           Музыкалык инструментте (комуз, балалайка ж. б.) тагылуучу ичегиден, сымдан жасалган жипче. Үч буроо, жалгыз тээк, үч кыл комуз (Осмонов). Асан карыя комузунун.. кылын саал чыңап,.. тээгин.. жогору жылдырып койду (Аалы).

Кыл жуугуч — кылдан тоголоктоштуруп жасалган казан жуугуч. [Күлүкан] жерде жаткан кыл жуугучту керегенин башына кыстарды (Жантөшев). Кыл курт — жип сыяктуу жумуру узун курт. Кара кылды как жарган (бөлгөн) — адил, калыс, бардык нерсеге тең караган. [Сатаров] кара кылды как жарган калыс адам (Байтемиров). Ичине кара кыл айланбаган — ичи тар, көрө албаган. Кылдан кыйкым табуу — болбогон жерден эле күнөөлөө, жок жерден шылтоо таап урушуу, жок жерден кемчилик табуу. Кыл жылдырбоо — зыкымдык, сараңдык кылуу, колунан эч нерсе чыгарбоо. Кыл торко — жүндөн токулган жакшы сапаттагы кездеме. Кыл торко юбка, ак жибектен кофта (Сыдыкбеков). Кыл кыркпоо — эч нерсе жебөө, тамактанбоо, наар албоо. Ала кылды аттабоо — ак, таза жүрүү, арамдык кылбоо. Кыл жукпоо — таза кармоо. Тасторконуна кыл жукпайт, идиштери жеткиле (Сыдыкбеков). Кыл үстүндө — өтө оор, кыйын абалда, кейиштүү . Арасынан кыл өтпөйт — өтө ысык, өтө ынак, ажырагыс дос. Кыл тамак к. тамак II. Кылың кыйшайбайт — эч нерсе болбойсуң, эч зыянга учурабайсың деген мааниде.
 КЫЛ II бөл. Эң, өңчөй. Биздин заман учкул заманЗамандардын кыл алды (Бөкөнбаев). Кырк жигитин карачы, Кыл баатырдан кураган («Курманбек»).
Ар кыл — ар түрдүү, ар кандай. Ар башка ар адамда ар кыл кыял (Осмонов). Аалы Токомбаевдин жазуучулук өнөрү ар кыл («Жаш ленинчи»). Бир кыл — бир түрдүү, бир катар; бирдей, текши, тегиз.
КЫЛ III этиш. Бир нерсени иштөө, жасоо. Кылганың киши үчүн болсо, үйрөнгөнүң өзүң үчүн (макал). Эгин айдап мал багып, Эмгек кылчу жай келди (Осмонкул).