меч, сабля; эки миздүү кылыч палаш; жоо кеткенден кийин кылычыңды бокко чап погов. после драки кулаками не машут (букв. когда враг удалился, мечом навоз руби); кылыч шилте- 1) взмахивать мечом; 2) рубить мечом; кылыч шилтен, жаа тарткан фольк. он рубил мечом и стрелял из лука; кылычтын мизи лезвие меча; кылычтын мизине ал- предать мечу; кылычтын мизин жала- или кылычтын мизин жалмала- (в эпосе) клясться на мече (букв. лизать лезвие меча); саадак огун кармалап, кылычтын мизин жалмалап, антын кылып калды эми фольк. пощупав стрелу, полизав лезвие меча, он поклялся; кылычтын мизин жалаш- взаимно поклясться друг другу на мече.
КЫЛЫЧ — эпизоддук кейипкер. Валиханов жазып алган эпизоддо Агыштын атасы экендиги гана эскерилет (Валиханов жазып алган эпизод, «Ала-Тоо, 1979, № 7, 89-б.). Сагымбай Орозбаков вариантында Агыш Жеткир бийдин уулу делет. КЫЛЫЧ КУЙРУК БАЯС — мифтик жаныбар. Алооке кандын ажайыпканасындагы реалдуу жана эпикалык жаныбарлардын арасында сүрөттөлөт:
Кылыч куйрук баяс бар
Кызыл аюу, саяс бар,
Маймыл дарек деген бар,
Жабыр баян бир жандар,
Пил, керикти жеген бар (Сагымбай Орозбаков, 2. 183).
Эпостун башка эпизодунда Манас бала чагында жолдоштору менен салбырынга барып, К. к. б. жолугуп Аккелте менен атып өлтүрөт. Ал жаныбарлардын сырткы келбети сүрөттөлөт.
Чоңдугу бар өгүздөй, Аяк басса адамдай, Капталында канат бар, Куйругунда кылычы, Куп тамаша бул ушу (Сагымбай Орозбаков, 1. 225).
Ал өрмөк согуучу тактай курал. Кылычтын узундугу болжолдо 45—55 см, жазылыгы 15—17 см, калыңдыгы 3—5 см, бир кыры жукартылган сабы бар бычак түспөлүндө болот. Адыргы аркылуу улам өрмөктөгү эриштин астыңкы жиптерин үстүнө, үстүнкү жиптерин астына алмай-телмей өткөргөндө, бул кылыч менен эки-үч салмактуу соккондо аркак жип эришке кынаптала түшөт.
Түймөчүлүктүн бир түрү. Муну негизинен Тоң, Ат-Башы, Нарын аймагындагылар арбын кармашат. Аны көбүнчө боз үйдүн тегиричи, сайма жабык башынын жээгине тартат. Мында ар бири алты талдан жипти үчтөн кайчылаштырып байлайт. Анын «өрмө чачысы» бар. Мында да алты тал чыйратылган жип экиден үч сыйра өткөзүлөт да, анда текши көзчө (торчо) чыгарылат. Мунун аягына адаттагыдай «топ чачысы» түйүлүп, буга болжол менен жүз, жүз элүүгө чукул тал жип керектелет. Муну «чок» деп айтат.
кирг.-ир.ист. меченосец (воин, вооружённый мечом, саблей); оңунда жыйырма кылычкерден, солунда жыйырма айбалта алган, найзакерден жыйырма фольк. справа у него двадцать меченосцев, слева у него двадцать алебардщиков и копейщиков двадцать.
этиш. Кылыч менен чабуу, кылыч менен чапкылоо. Кыргын салып кылычтап, Кызыл канын төгөйүн («Курманбек»). Кылычтап башын кесишип, Кыргын салдык калмакка («Эр Табылды»).
действовать мечом, саблей; кырк желдети жанында, кылычтап башты чапчусу фольк. при нём сорок палачей, рубящих головы мечом; душмандар кылычтап кирип калды ворвались враги с саблями.
Кылыч менен чабуу, кылыч менен чапкылоо. Кыргын салып кылычтап, Кызыл канын төгөйүн («Курманбек»). Кылычтап башын кесишип, Кыргын салдык калмакка («Эр Табылды»).
эск. Тынч, жай-баракат оокат өткөрүү, уруш, согуш дегенди ойлобоо. - Ошентип, кылычыңарды дат басып, эндекей жатканыңарда, табактагы этиңерди, сабадагы кымызыңарды тартып кетсе кантет? (Касымбеков) Анан эмне болмок эле? Албетте, бир күнү болот кылычты дат басат (Көчкөнов).
эск. Тынч, жайбаракат оокат өткөрүү, уруш, согуш дегенди ойлобоо. -Ошентип, кылычыңарды дат басып, эндекей жатканыңарда, табактагы этиңерди, сабадагы кымызыңарды тартып кетсе кантет? (Касымбеков). Анан эмне болмок эле? Албетте, бир күнү болот кылычты дат басат (Көчкөнов).