КЫЛЫЧ
Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. АкматалиеваАл өрмөк согуучу тактай курал. Кылычтын узундугу болжолдо 45—55 см, жазылыгы 15—17 см, калыңдыгы 3—5 см, бир кыры жукартылган сабы бар бычак түспөлүндө болот. Адыргы аркылуу улам өрмөктөгү эриштин астыңкы жиптерин үстүнө, үстүнкү жиптерин астына алмай-телмей өткөргөндө, бул кылыч менен эки-үч салмактуу соккондо аркак жип эришке кынаптала түшөт.