зат. Күнөөкөр, күнөөсү бар, айыпкер. Бермет сөзүн тамашага чалды: — Мөмөлөрдү кемирип жүргөн кылмышкер өзүң болсоң керек (Сыдыкбеков). Корко тургандай кылмышкер эмесмин («Ала-Тоо»).
Күнөөкөр, күнөөсү бар, айыпкер. Бермет сөзүн тамашага чалды: – Мөмөлөрдү кемирип жүргөн кылмышкер өзүң болсоң керек (Сыдыкбеков). Корко тургандай кылмышкер эмесмин («Ала-Тоо»).
КЫЛМЫШКЕРДИ МАМЛЕКЕТИНЕ КАЙТАРУУ – бир мамлекеттин экинчисине кылмыш кылган адамды өткөрүп берүүсүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн жолжобосу. М.: кылмышкер аба кемесин айдатып кетүүсү ыктымал. Учурда аны ал катталган мамлекетке кайтарууну күч менен айдалып кеткен аба кемеси аймагына конгон мамлекет ишке ашырат (кара:Кылмышкерлерди өткөрүп берүү). К. м. к. бул ошондой өтүнүч менен кайрылган мамлекетке укуктук жардам көрсөтүүнүн өзгөчө акты.
КЫЛМЫШКЕР ИЗДӨӨ – жарандардын кертбашына, алардын жеке менчигине, коомдук тартипке, коопсуздукка каршы жасалган кылмыштардын алдыналуу, ага бөгөт коюу, бетин ачуу боюнча изин суутпай иликтөө ж. б. ага тийешелүү чараларды көрүүчү ички иштер органдарынын тутуму.
КЫЛМЫШКЕРЛЕРДИ ӨТКӨРҮП БЕРҮҮ (экстрадиция) – кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу же мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген өкүмдү аткаруу үчүн башка мамлекеттин талабы боюнча мамлекеттин өз аймагындагы кылмышкерди өткөрүп берүүсү. Кызыкдар мамлекеттердин ортосунда өзара атайын макулдашуулар болгондо гана К. ө. б. юридикалык милдеттенме болуп саналат. Мамлекет төмөндөгүлөрдү талап кыла алат: өз жараны болуп саналган кылмышкерди; өз аймагында жасалган кылмыш боюнча; жасалган кылмыштан улам залал тартса. Эреже катары: а) өз жарандарын; б) адамга өлүм жазасы коркунуч келтирген же кыйноолор колдонулуучу мамлекеттерге; в) саясий көзкарашы үчүн куугунтукталган же аракети (аракетсиздиги) талап кылынган тарап тарабынан кылмыш катары саналбаган адамдарды өткөрүп берүүгө жол берилбейт.