КЫЛЫК
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Жорук, кылган иш. Саламаткандын кылыктары көз алдына элестеди (Жантөшев). 2. Кулк-мүнөз, жүрүш-туруш. Кыз-келиндин ичинде Кылыгым сонун көрүнгөн (Токтогул). Кыйнап жүргөн солдатка, Кылык менен жактым да (Токтогул). Кылыгың эске түшкөндө, Кылгырып көзгө жаш толду (Казыбек).