КЫЛТ ЭТИП КОЮУ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Бир аз ичүү, кичине ууртап коюу. Муздак суудан суусап келе жатып кылт этип койдум эле, тамагым ооруп калыптыр («Ала-Тоо»). 2. Бир аз ичкилик ичип коюу. Бир аз кылт этип койгон көрүнөт («Чалкан»). Сүйүнгөнүмдөн ошо бөдөнөнүн сүтүнөн кичине кылт этип койгом (Тойбаев).