КЫЛТ ДЕЙ ТҮШҮҮ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Эсине келе калуу, оюна түшө калуу, эстей коюу. Падышанын кыял-жоругу эсине кылт дей түшкөндө, анын жука эриндери өзөргөн кишиникиндей араң кыбырап, өзүнчө шыбыраган (Мавлянов). Кадыркулдун оюна бир нерсе кылт дей түштү (Каимов).