Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөгө эч нерсе бербөө, колунан эч нерсе чыгарбоо, өтө зыкымдык, сараңдык кылуу. Дүнүйөсү ашып-ташып жатса да бир туугандарына кыл жылдырбайт («Ала-Тоо»). Касымбек менен калпа жыйналган чыгымдын эсебин кыл жылдырбай такташып, камчыга ченеп бөлүү далалатында (Бейшеналиев). Сараң бай кыл жылдырбады (Жантөшев). Драконовдун өзү менен жолукмайынча кыл жылдырбайм (Бейшеналиев). В.: Кыл чыгарбоо. Кыл чыгарбас Элеман мал менен жандын баарынан кечип таштады («Эр Төштүк»).