Кылмыштуу шериктештик
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)КЫЛМЫШТУУ ШЕРИКТЕШТИК – КР кылмыш-жаза мыйзамдары боюнча оор жана өзгөчө оор кылмыштарды такай жасоо үчүн алдынала уюшуп алган 2 же андан көп адамдардын же топтордун туруктуу бекем бирикмеси. К. ш-ти уюштурган, болбосо аны жетектеген адам аларды уюштургандыгы жана жетекчилик кылгандыгы үчүн, ошондой эле К. ш-тин жасаган баардык кылмыштары үчүн, эгер алар анын алдынала ойлонуштурулуусуна кирген болсо, кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылууга жатат. К. ш-ке кирген башка адамдар ага катышкандыгы үчүн, ошондой эле өздөрү даярдоого жана жасоого катышкан кылмыштары үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин тартышат.