КЫЛЧАК-КЫЛЧАК КАРОО
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Кайра-кайра кылчайып артын карай берүү (көбүнчө бир нерсени кыя албай же бирөөнү күткөн абалга карата). Ал баланын үнү угулбай калганга чейин артын кылчак-кылчак карап, көзүнүн жашын төгүп баратты («Кыргызстан маданияты»). В.: Кылчаң-кылчаң кароо. Энеси кылчаң-кылчаң артын карап, зыркырап ичи күйүп бара жатты (Шүкүрбеков).