кылдыр I
кылдыр-кылдыр подражание негромкому грохоту, тарахтению (напр. жестянок, пустых консервных банок).
кылдыр- II
понуд. от кыл-III
заставить сделать;
жүк артпагын торпокко, иш кылдырба чоркокко фольк. не навьючивай поклажу на телёнка; не поручай дело растяпе.
I кыл этишинин аркылуу мамилеси.
КЫЛДЫР II: кылдыр-кылдыр туур. Арабанын же башка бир нерсенин акырын калдыраган дабышы. Бир кезде арт жактан кылдыр-кылдыр эткен арабанын үнү чыкты (Баялинов).
этиш. 1. Кылдырлаган, кылдыр-кылдыр эткен дабыш, үн чыгуу.
2. өт. Өтө акырын жүрүү, илкип жүрүү. Арымы жок кылдыраган араба, Араң сүйрөп сүйрөлүп, Нечен күндө жеткенбиз (Элебаев).
1. погромыхивать; постукивать; слегка тарахтеть (напр. о телеге по ровной дороге); шуршать;
кылдыраган араба тарахтящая телега;
кылдыраган жаргак шуршащие кожаные штаны (когда они заскорузнут);
2. катиться колесом.
1. Кылдыраган, кылдыр-кылдыр эткен дабыш, үн чыгуу. 2. өт. Өтө акырын жүрүү, илкип жүрүү. Арымы жок кылдыраган араба, Араң сүйрөп сүйрөлүп, Нечен күндө жеткенбиз (Элебаев).
погромыхивающий (напр. о детской погремушке, металлических женских украшениях, когда они ударяются одно о другое).
понуд. от кылдыра-;
эшик кылдырат-постукивать в дверь;
арабалар дөңгөлөктөрүн кылдыратып, жай термелип, жолоочулар зериккен телеги скрипели колёсами, путники, тихо покачиваясь (на телегах), скучали;
арабаңды кылдырат! проваливай!; катись!;
кекиртекке кылдыратып жибер- слопать.
Арабанын же башка бир нерсенин акырын калдыраган дабышы. Бир кезде арт жактан кылдыр-кылдыр эткен арабанын үнү чыкты (Баялинов).
этн.
бахрома на юрте ниже төтөгө (см.) или на голове украшенного верблюда (при перекочёвках).
зат. Төтөгөнүн чачыгы. Үзүк этегинде кырка тартылган төтөгө кылдырооч (Жантөшев).
«Кыдырата карадым, Кылдыроочу кооз экен» (макал). Бул — боз үйдүн сыртына канат чийи менен керегесинин ортосу аркылуу тегерете жабылган буюм. Кылдырооч таардан да, кийизден да тартылат. Терме кылдырооч нарктуураак көрүнөт. Анын чети чачыкталат. Ал — тегиричтин бир түрү. Кылдырооч «эр жак», «эпчи жак» деген эки бөлүктөн турат. Көчкөндө бул кооз Зуюмду шаан-шөкөт үчүн жүктүү төөнүн мойнуна салаңдата ороп же жаап коюшкан.
Тегирич, шалча, кереге таңуу өңдүү согулган терме үлгүлөрү кылдыроочко жарай берет. Кылдырооч үчүн да түймөчүлөр жипти бышык чыйратып, жакшылап челдеп, түрдүү түстө боеп алат. Түймөчүнүн аракети аны мыктылап ийрип, чыйратып, челдеп, анан чебердеп түйүшүнө байланышат.
Же мунун четине «Чагармак» аттуу көчөт түшүрүлүп, ага кара-актан жети кош жип эриш келип, андан кийинки көчөткө тогуз көк-кызыл жип керек. Андан кийин «Тай туяк» көчөтүн түшүрөт уз. Мында уздук касиет элдик көчөттөрдү жат билүү, аны өрмөккө ойдогудай түшүрүүсү менен эле өлчөнбөйт, эң негизгиси, ошол көркөм көчөттөрдү буюм четине, ортосуна айкалыштыра берүүнү билүү керек. Ошентип, «тай туяк» көчөтүнүн чети жарым тумарча болуп чыгат. Ага жуп үч тал жип керектелет. «Тай туяк» көчөтүнө жуп 15 тал жип сарпталат. Адегенде беш көк жипти, анын ортосуна үч көк жипти алып, бирден кызылды терип, анан четин эки көк, бери четинен бир көк келет. Андан кийин төрт кызылдын, бир кызылдын үстүнөн, эки кызылдын четинен эки көк, алты кызыл, эки көк кайталанат. Жарым «тай туяк» элестеп, ал кайра четинен терилип, толук көчөт пайда болот.
Кылдыроочко жупталган 59 тал жипти алып, үстүнкү жээгине жуп үч, андан кийин үчтөн тогуз жипти терип, буюмдун ортолугуна «Табак оюм» түшүрөт. Анын майда жана кезек түрү кездешет. Термечилер анын майда түрүн өзүнчө «кыялдантып» бере алат.
Бул буюмдун эки түрү бар. Баш кылдыроочтун ар кандай үлгүлөрү болот. Кооз көрүнүшү үчүн мунун башына «бадам», «кыял», «бармак боочу» өңдүү шырдак оюму берилет да, асты «тор чачыланат». Так ушундай кылдыроочтун кооз түрү боз үйдүн бел кырчоосунан кийин да тартылат. Ылдыйкы кылдыроочтун кийиз оюму кара кызыл өңдө берилип, ал өйдөкү кылдырооч менен айкалышып турат.
Кылдырооч ортолугу жалаң термеден болот. Ошондо бул буюм эшик тыштын четине бастырылган ичке тилкедеги көркөм оюмга үндөшүп калат.
Чеберлер сары, кызыл, ак өңдөрдү өзүнчө жупташтырып, атлас шайы сымалдантып, көчөт түшүрүшөт. Аны «бачайы көчөт» деп аташат. Мунун четине ак-карадан эки элидей «жээк» түшүрөт. Ал эми кылдыроочтун кажары таардан жасалышы көркөмдүктүн чегине жетет. Мунун четине ак-карадан «кырк шак» көчөтү түшөт. Андан кийин сары өңдө «төрт илик» кара жердикке «ичирилип» берилет. Андан «тумарча көчөтүн» түшүрүп, кайра төрт илик (айры көчөтү) сыяктуу бачайы көчөттөр кызыл түстө көк фондо түшөт. Анын экинчи четинде кайрадан «кырк шак» берилип, чыйратылган шоона жиптен тор чачык жасалат.
Уздарыбыз буюмду кооздоодо боектун түрлөрүн аяшкан эмес. Кийиз оюмдары менен терме көчөттөрүн эриш аркактай жупташтырып кармаган оймочу-термечи беш-алты өңдү бири-бирине кыйыштырып сары саптай алат.
Боз үйдүн сыртына канат чийи менен керегеси аркылуу тегерете жабылган буюм. Кыдырата карадым, Кылдыроочу кооз экен. Үзүк этегинде кырка тартылган төтөгө кылдырооч (Жантөшев).
кылдырт I
кылдырт-кылдырт то же, что кылдыр-кылдыр (см. кылдыр I).
кылдырт- II
понуд. от кылдыр- II.
: кылдырт-кылдырт туур. Кылдыр-кылдыр эткен, кылдыраган кыска дабышты билдирүү үчүн колдонулат.
Кылдыр-кылдыр эткен, кылдыраган кыска дабышты билдирүү үчүн колдонулат.
этиш. Кылдырт-кылдырт эткен, кылдыраган дабыш чыгаруу. Терезе дагы кылдырттады («Ала-Тоо»).
постукивать;
дөңгөлөктөр саал пылдырттап, көзгө илээшпей, жеңил чимирилет колёса, чуть постукивая, так легко и быстро вращаются, что глаз не улавливает.
Кылдырт-кылдырт эткен, кылдыраган дабыш чыгаруу. Терезе дагы кылдырттады («Ала-Тоо»).