Кылмыштардын иш жүзүндөгү жыйындысы
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)КЫЛМЫШТАРДЫН ИШ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖЫЙЫНДЫСЫ – кылмыштардын жыйындысынын бир түрү, мында ага кирген кылмыштардын ар бири өзалдынча аракет же аракетсиздик аркылуу жасалат. К. и. ж. ж. бирнече ирет кылмыш жасоо дегенди билдирет. Ошондуктан мындай жагдайларда бир эле адам тарабынан жасалган кылмыштар кылмыш-жаза мыйзамынын бирнече ирет кылмыш жасоо үчүн жаза берүүнү караган статьясынын тийиштүү бөлүгү боюнча жиктештирилет.