сын. 1. Ичке, абдан ичке. Кылдай сым.
2. Кичинекей, тырмактай, кенедей. Кызыл тилин сайратып, Кылдай арман калган жок (Тоголок Молдо).
кылдай
кылдай арамдыгы жок
кылдай жакпоо
кылдай кара санабоо
кылдай кыйкым жок
1. Ичке, абдан ичке. Кылдай сым. 2. Кичинекей, тырмактай, кенедей. Кызыл тилин сайратып, Кылдай арман калган жок (Тоголок Молдо).
Такыр жакпай калуу, эч нерсеси туура келбөө, такыр төп келбөө. Көңүлүнө кылдай жакпай калган жоруктары үчүн Кожон иттерин адамды сөккөндөй шылып сөгөт (Абдыраманов).
Бирөөгө эч качан жамандык ойлобоо, жаманчылык кылбоо. -Ата-энемдин арбагын сыйлаган ак байбичеге кылдай кара санаба, катын! - дейт ал коркуп, үңкүйүп Зуураканга (Сыдыкбеков).
Бирөөгө эч качан жамандык ойлобоо, жаманчылык кылбоо. – Ата-энемдин арбагын сыйлаган ак байбичеге кылдай кара санаба, катын! – дейт ал коркуп, үңкүйүп Зуураканга (Сыдыкбеков). В.: Кылына кара санабоо. Бирөөнүн кылына кара санабаган ал кишини мен билемин, – деди («Ала-Тоо»). Кылча кара санабоо. Бирөөгө кылча кара санабаган бечара, – деп ичинен аны аяды (Ашымбаев).
Эч күнөөсүз, айыпсыз, таза, аруу. Ашырбай өзүндө кылдай кыйкым жок экенин, күнөөнүн баарысы тең Керим менен Кундузда экенин кайра-кайра айтып келет (Акматов).
Эч күнөөсүз, айыпсыз, таза, аруу. Ашырбай өзүндө кылдай кыйкым жок экенин, күнөөнүн баарысы тең Керим менен Кундузда экенин кайра-кайра айтып келет (Акматов).