Киргизско-русский словарь Юдахина
ич I
1. внутренность, внутренняя часть;
ичинде внутри кого-чего-л. (в отношении места и времени);
үйдүн ичинде в доме;
үстөлдүн ичинде в столе;
беш күн ичинде в течение пяти дней;
ичине внутрь кого-чего-л.;
үйдүн ичине в дом (в юрту, в комнату);
үйдүн ичи-тышы внутренняя часть и внешняя сторона дома;
Абдылданын үйүнүн ичи-тышын бербеген эл дом Абдылды заполнен народом (внутри и снаружи);
2. живот, брюхо; желудок;
ичим ооруйт у меня живот болит;
ичи өтөт его слабит, у него желудок расстроился;
ич ал- расстраивать желудок;
ачыбаган саамал ичти алат неперебродивший кумыс расстраивает желудок;
3. изнанка (материи), подкладка (одежды);
чапандын ичи подкладка пальто;
ичтен оку- читать про себя;
ал катты ичинен окуду письмо он читал про себя;
ичиңен оку читай про себя (не вслух);
ичиңе сакта или ичиңен чыгарба или ичиңде болсун держи в секрете;
согумуң чүйгүн болсо, ичиңе сакта погов. если твой убойный скот жирен, держи (это) в секрете;
ичте бардык кебиңди Күлайымга айтасың фольк. все тайны свои ты скажешь Кюльаиме;
жаман-жакшы ичте болсун не поминай (те) лихом;
ичи жаман злонамеренный;
ичи бузук развратный; нечестный;
ичи тар
1) завистливый; скупой;
ичи тар итине бок бербейт погов. скупой своей собаке (даже) дерьма не даст;
2) ревнивец, ревнивица;
ич тарлык завистливость, зависть; скупость;
ичи кең добрый, щедрый;
ич бышыр- причинять беспокойство, причинять огорчение, доставлять заботы; надоедать; нагонять тоску;
ичи бышат он огорчён; ему надоело;
айткан сөзүнө ичим жылып (или ысып) калды его слова пришлись мне по душе, я с ним согласился;
ачкалыктан ичим ичиме жабышып калды у меня живот от голода подвело;
ич арабызда среди нас, в нашей среде, между нами (когда речь идёт о тесном круге);
ич арасынан (они) между собой, тайком;
ичти-тышты болуп стакнувшись, по секрету сговорившись;
ич күйдү или ич күйдүлүк ярость, злость, злоба;
ичи күйүп (он) обидевшись;
алардын ич күйдүсү бар они затаили злобу;
ич күйдүлүк менен по злобе, в состоянии раздражения, озлобленности;
таттуу сүйлөп, ичи-бооруңа кирет сладкими речами он тебе в душу влезет;
ичи бооруна кирип втёршись к нему в доверие;
кенен ташта ичиңди фольк. будь великодушным, будь отзывчивым, радушным;
ичин кенен таштады он расщедрился, раздобрился (напр. говоря: "кушайте-кушайте, у нас много");
ичимен тап киши скрытный человек;
ич-койнуна кир- см. коюн I;
ийин ич см. ийин I;
ичин жыйбады см. жый- II;
жең ичинен см. жең I.
ич II
южн.
то же, что эч;
ич качан никогда;
Асан окугандан бери ич класта кавады с тех пор как учится, Асан ни в одном классе не оставался.
ич- III
1. пить;
чай ич- пить чай;
ичип кой выпей;
кылмыш "ичип койдон" башталат преступление начинается с "выпей";
2. принимать пищу;
тамак ич- есть, кушать, принимать пищу;
сорпо ич- есть (пить) бульон, суп;
аштык көп болуп, эки жыл ичпейт погов. как бы ни был велик урожай, его два года не едят;
ичердин ашын ичпес кечет погов. тот, кому не предстоит поесть, отказывается за того, кому (это) предстоит (т.е. чужого не жалко);
ичкенге аш берем, ичпегенге кара таш берем погов. тому, кто ест (т.е. кто не скаредничает), я пищу даю, а кто не ест, тому - чёрный камень;
жашарын жашап, ичерин ичти он своё от жизни взял, он достаточно пожил (букв. что положено пожать - пожил, что положено съесть - съел);
жатып ичер или груб. ичип чычар дармоед;
жатып ичер жалкоолор дармоеды-лодыри;
жатып ичер жалакай кексе пронырливый лодырь; дармоед;
жатып ичер чал старик, который не может работать (может только пить-есть);
ичкен-жегени
1) то, что (он) пьёт-ест; его пища-питьё;
ичкен-жегенинин баарын сиңирип жатат он хорошо переваривает всё, что пьёт-ест;
2) взятка, подношение;
жөн эле ичип-жеп жиберди (его, меня и т.д.) упрёками заел, загрыз;
ичип-жеп коё берет он пилит и пилит;
жөн эле артымдагы ат ичип-жеп келатат конь, что сзади, на меня наседает (вот-вот перегонит, напр. на скачках);
ичип-жеп үрө баштады (собака) остервенело залаяла;
ичкен ашын жерге коёт он очень заботливо, нежно относится, он не надышится;
ал, "уулум" дегенде, ичкен ашын жерге коёт он на своего сына не надышится;
касам ич- см. касам;
ант ич- см. ант I.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Адамдардын, айбандардын ж. б. ичек-карды орношкон бөлүгү, курсагы. Көзүң оорусаколуңду тый, ичиң оорусатамагыңды тый (макал).
  1. 2.                  Курулуштун, имараттын, көлөмдүү нерселердин ички бөлүгү, ички жагы, ички тарабы. Тамдын ичи акталбаган (Жантөшев). Үй ичи жымжырт, электр күйүп турат (Шүкүрбеков).
  2. 3.                  Көпчүлүктүн, токойдун ж.б. арасы. Эл ичи чуру-чуу толкуду (Бейшеналиев). Жылтырайт бак ичинен айдын көзү, Узарган алда кайда көлөкөсү (Шүкүрбеков). Душмандын сыртында болгончо, ичинде бол (макал).
  3. 4.                  Кийимдин астары, кийимдин өңүнүн экинчи жагы, сыртына карама-каршы жак.
  4. 5.                  Белгилүү бир убакыттын, мезгилдин аралыгы. Кыш ичинде. Бир сааттын ичинде.

¨ Ич эт к. эт I. Ичи жылуу — ийигүү, жакшы көрүү, ыраазы болуп калуу. Ичи кең — пейли кенен, кең пейил. Ичи тар, пейли тар — көрө албаган, кызганчаак. Ичи бузук — сыртынан билдирбеген, бирок бирөөгө карата жаман ойлуу, кулк-мүнөзү жаман, бузук. Ичи күйүү — көрө албастык кылуу, ардыгуу. Ичи бышуу —бук болуу, капалануу, кайгы-капа чегүү. Ич өткөк к. өткөк. Ич ачуу — өкүнүп калуу; боору ооруу. Бир күнү жарган бээсине Ээсинин ичи ачыды (Тоголок Молдо). Ичи эзилүү — абдан жакшы көрүп кетүү. Коштошкон айрыларда ысык жардай, Элжиреп ич эзилет, жүрөк туйлап (Элебаев). Ич күптү к. күптү. Ичи ооруу — бир нерсеге жаны ачуу, аяп калуу. Анын кеткенине ичиң ооруп калдыбы? (сүйл.) Ич-койнуна кирүү — тез эле жакындашып, аралашып кетүү. Жолой күндөн күнгө жылкычылардын ич-койнуна кирет (Жантөшев).
ИЧ II этиш. 1. Суюктукту, суюк тамакты жутуу. Жайлоодогу биз ичкен Байтал бээнин бал кымыз (Осмонов). Кымызды ким ичпесин, кызды ким сүйбөсүн (макал).
2. Тамактануу. Тамак ичтик.
¨ Ант ичүү — ант кылуу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Адамдын, жаныбарлардын ичек-карын орношкон бөлүгү, курсагы. Көзүң ооруса– колуңду тый, ичиң ооруса – тамагыңды тый (макал). Эчтеме ичпей ичиңер каарылып кетти го (Жантөшев). 2. Курулуштун, имараттын же башка нерселердин ички бөлүгү, ички тарабы. Үйдүн ичи жымжырт (Сыдыкбеков). Бөлмө ичи жыпжылуу, таптаза (Байтемиров). Мыскалдар ичке киришти (Сыдыкбеков). 2. Кездеменин же кийимдин сыртына карама-каршы жагы, кийимдин астары. Ичин кымбат иштеткен, Сырттаным сапар кетет деп, Жыйнап алып Кенжеке, Сан келинге тиштеткен («Эр Төштүк»). 3. Элдин, көпчүлүктүн, токойдун, кандайдыр бир көп нерсенин ж. б. арасы. Эл ичинен көп карайт, Элдияр, Эрмек ынагын («Эр Табылды»). Жылтырайт бак ичинен айдын көзү, Узарган алда кайда көлөкөсү (Шүкүрбеков). Астынан эсеп жеткис жылкы айдатып, Ичинен тулпар тап деп кыйноо салды (Осмонов). 4. Белгилүү бир мезгил аралыгын, убакыт мезгилин, жашты көрсөткөн убакыт өлчөмүн билдирүүдө колдонулат. Курманбектин салдырган жайы эки жыл ичинде бүттү («Курманбек»). Түн ичинде уйкум жок («Эр Төштүк»). Он жети-он сегиздин ичинде (Нуркамал). Түн ичи ай асманда жарык берген, Келин-кыз, боз уландар баары келген (Шамшиев). Аз эле күндүн ичинде, Арык мал туйлап семирген (Үсөнбаев). 5. Башкаларга белгилүү болбогон, ачык сыртка чыгарылбаган ой-пикирди, көңүл жайын, абалды билдирүүдө колдонулат. Арманым калды ичимде («Семетей»). Ичиңде бузук турат, сыртын көрчү, Чын эле досуңсунат байкуш сенин (Токомбаев). Ичинен көрсөтөм деп саган бирди, Кызыл чок жүрүп кетти туталанып (Турусбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Суюктукту же суюк тамакты жутуу. Тамактай көрбө бозону, Тарта ичкиле ошону (Шүкүрбеков). Аба жуттум, кымыз ичтим, эс алдым (Үмөталиев). 2. Тамактануу. Отур, тамак ич (Жантөшов). Жеңең бирдеме ичтиби (Жантөшев). Тамак ичип алып, мектепке келгиле (Байтемиров). Аштык көп болуп, эки жыл ичпейт (макал). 3. Өсүмдүктөр тарабынан сууну керектөө, өзүнө кабыл алуу, сиңирүү. Канып ичип бак-дарак гүлдөп турат (Үмөталиев). 4. сүйл. Ичимдик жутуп коюу, ичкиликке көбүрөөк берилип же кызыгып кетүү. Кичине ичип койдум эле. Ал ичип кетип, кызматынан түшкөн.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Тымызын, акырын, астыртан. Мындан жети-сегиз жыл мурун экөөбүз ич ара ымалага келип, катташа баштадык (Жусупов). Мусакожонун ортосунда инилери Султангазы, Калпанын ич ара бийлик талашуулары (Бейшеналиев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
ичеги I
см. ичек.
ичеги II
сев.
мелкое топливо (для растопки, для кипячения самовара: чурки, хворост, щепки);
отко ичеги берчи дай-ка растопки;
самоорго ичеги камда приготовь топлива для самовара.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Адамдардын, айбандардын азык иштеп чыгаруу органдарындагы жумшак түтүкчө. Козунун ичегисин сыдырып жаткан Бурма менен дагы бир келин акырын күлүштү (Аалы).
¨ Бир ичеги болуп же бир ичек болуп калуу — тамакты аз ичүү, жакшы иче албоо. Бир ичеги мал экен («Курманбек»). Ичегиси каарылуу — курсагы абдан ачуу. Ичеги-карын — ичтен орун алган тамак сиңирүү мүчөлөрүнүн жалпы аты.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Адамдын, жаныбарлардын ичеги, карын сыяктуу тамак сиңирүүчү органдарынын жалпы аты. Ичеги-карды үзүлө тургансып ооруйт. || Союлган малдын, жандыктардын тамак катарында желе турган ичегилеринин, карындарынынын жалпы аты. Союлган жандыктардын баш-шыйрагы, ичеги-карды өзүбүз үчүн эң сонун оокат болду (Абдукаримов).

Русско-кыргызский словарь биологических терминов и названий животных Алдашева (1998)

Ичеги көңдөйлүүлөр (лат. Coelenterata же Radialis) – омурткасыз жаныбарлар бөлүмү. Ичеги көңдөйлүүлөр дээрлик бардыгы деңизде сүзүп жүрөт же кыймылсыз бир нерсеге бекип жашайт. Алар полиптер деп аталат. Түзүлүшү радиал симметрлүү. Аларды эки катмарын экто жана энтодермасын мезоглей бөлүп турат. Көпчүлүгүнүн денеси цилиндр түрүндө, баш жагында тинтүүрлөрү менен курчалган ачык баштыкка окшош оозу жайгашкан, анда тамак сиңирүү жүрөт, бөлүп чыгаруучу тешиги жок, эрибеген тамак калдыктары кайра оозу аркылуу сыртка чыгарылат. Көпчүлүк полиптер башында жалгыздан жашап, кийин бөлүнүп отуруп жүздөгөн, миңдеген окшош особдордон турган колония (мономорфтук) түзөт. Ал эми особдорунун түзүлүшү, аткарган функциялары да ар түрдүү болгон колониялар полиморфтук деп аталат. Ичеги көңдөйлүүлөрдүн 3 классы (гидрозон, сифоид медузалар, коралл полиптери), 900дөн ашык түрү бар.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өтө ачка болуу, аябай курсагы ачуу, кезээрүү, ачкалыкка чыдабай кетүү. Чоң энем өзүнчө кобурап, өзөөрүп калдың го? Ичегиңе кан жүгүрүп кетпедиби, – дей бере турган (Өмүрбаев). В.: Ичегиси каарылуу. Бирдемең барбы, ичегим каарылып кетти («Ала-Тоо»). Ичи каарылуу. Эчтеме ичпей, ичиңер каарылып кетти го! (Жантөшев). Ичине кан жүгүрүү. Ичиңизге кан жүгүрүп кетпесин, чакырсам укпадыңыз (Бейшеналиев). Өзөгүгө кан жүгүрүү. Өзөгүгө кан жүгүрүп кетпесин деп, оромонун калганын, эски болсо да, жылытып бердим («Кыргызстан маданияты»). Өзөгүнө кан жүгүрүү. Уулуңуздун өзөгүнө кан жүгүрүп кеткенби дейм, бирде мени, бирде сизди жал-жал карап, анан көзүн жумат («Ала-Тоо»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
(чаще ичеги)
кишки;
ач ичеги тонкие кишки (у животных);
ток ичеги южн. толстые кишки (у животных);
ичек-карды или иче-карды (его) внутренности;
же болбосо, бычактап, иче-кардың эшейин стих. или же я ножом выпущу тебе внутренности;
биттин ичегисине кан куят (такой ловкач, что) из печёного яйца цыплёнка выводит (букв. он в кишки вши кровь вливает);
бир ичек болуп калыптыр он не может принимать много пищи (напр. человек, долго не евший мяса, не может съесть его много);
ичегибиздин кырындысына чейин калтырбай сүйлөштүк мы наговорились вволю; мы переговорили обо всём;
ичек-боору каткыча күлдү он покатился со смеху.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Аябай көзүнөн жаш чыкканча күлүү, күлкүсүн токтото албай ыкшуу. Беркилери да ичек-боору катып аткандыр деп караса, алардын күлмөк-турмак быш дешкендей түрлөрү жок (Кыдырмышев). Анан директор өзүн токтото албай ичек-боору катып каткырып күлдү («Кыргызстан маданияты»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Аябай көзүнөн жаш чыкканча күлүү, күлкүсүн токтото албай ыкшуу. Беркилери да ичек-боору катып аткандыр деп караса, алардын күлмөк-турмак быш дешкендей түрлөрү жок (Кыдырмышев). Анан директор өзүн токтото албай ичек-боору катып каткырып күлдү («Кыргызстан маданияты»). В.: Ичек-боору эзилүү. Анын жоругуна күлө берип, ичек-боорубуз эзилип кетти («Чалкан»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. к. Ичек - боору катуу. 2. Ичи ысуу, абдан жакшы көрүү, элжиреп кетүү. Баласынын өзүнчө кулдурап, бытырайган колдору менен бирдекелерди санаган болуп жатканын карап отурган эне ичек-боору эзилип, баласын бооруна бек кысып өпкүлөп жиберди («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. к. ичек-боору катуу. 2. Ичи ысуу, абдан жакшы көрүү, элжиреп кетүү. Баласынын өзүнчө кулдурап, бытырайган колдору менен бирдекелерди санаган болуп жатканын карап отурган эне ичек-боору эзилип, баласын бооруна бек кысып өпкүлөп жиберди («Ала-Тоо»). В.: Ичи-боору эзилүү. Аны көрүп ичи-боору эзилди («Чалкан»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Адамдын жашоосу, өмүрү, көрөр күнү. Менин дагы ичер суум бар экен (Осмоналиев). Тайбаскул чунактын дагы көрөр күнү, ичер суусу бар экен (Осмоналиев). Балам, сен капа болбо, атаңдын ичер суусу бар экен («Ала-Тоо»). Аттиң, кайран жигиттин ичер суусу аз экен («Ленинчил жаш»). «Ичер суум бар окшойт?!» деп тирүү калышына ишеним сызылып келип, эти ысып кетти (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Адамдын жашоосу, өмүрү, көрөр күнү. Маани жайын байкасам, Ичер суум куруптур («Мендирман»). Менин дагы ичер суум бар экен (Осмоналиев). Тайбаскул чунактын дагы көрөр күнү, ичер суусу бар экен (Осмоналиев). Балам, сен капа болбо, атаңдын ичер суусу бар экен («Ала-Тоо»). Аттиң, кайран жигиттин ичер суусу аз экен («Ленинчил жаш»). «Ичер суум бар окшойт?!» деп тирүү калышына ишеним сызылып келип, эти ысып кетти (Касымбеков). В.: Ичер суусу, көрөр күнү. Баарыбызды ыйлатып, баарыбызды сыздатып кетти. Ичер суусу, көрөр күнү алдыда эле (Мырзаев). Дагы биртике ичер суусу, көрөр күнү бар экен, шордуунун («Кыргызстан маданияты»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Арам ойлуу, пейили бузук, ою түз эмес. Ал булардын арасында ичи ала шумдар болбогой эле деп шекшинет (Ашымбаев). Байбагыш уулунан Конокбай менен Бообек экөөнүн ичи ала экени аныкталды (Өгөбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. ИЧИ БУЗУК Ичи арамдан: не кылам деп сурасам бир тыйынга мага сат дейт даңкыңды (Осмонов). Өзүн акылдуу эсептеп, чиренгендердин ичи арам, калп боло тургандыгын да көрдүм (Абдукаимов). Ичи жаман. - Ичи жаманды ит капсын балам, бала жеке сенде эмес, - деди Сейдеке (Өгөбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Кейүү, бирөөгө жан тартуу, боору ооруп аёо. Бир күнү жарган бээсине ээсинин ичи ачыды (Тоголок Молдо). Ал ыйлап кеткен, бирок анын көз жашына эч кимдин ичи ачыбады (Жантөшев). 2. Кызгануу, ичи таруу, кыйылуу, өкүнүү. Ичиң ачыса бербей эле кой («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кейүү, бирөөгө жан тартуу, боору ооруп аео. Бир күнү жарган бээсине ээсинин ичи ачыды (Тоголок Молдо). Ал ыйлап кеткен, бирок анын көз жашына эч кимдин ичи ачыбады (Жантөшев). 2. Кызгануу, ичи таруу, кыйылуу, өкүнүү. Ичиң ачыса бербей эле кой («Ала-Тоо»). В.: Ичи ачышуу. Бекташ бемирен калсын, келин балама боорум ооруйт, ичим ачышат (Кушубеков). Кийин бир топ жылдар өткөн соң, агам аялы менен эки баласын таштап кеткенин угуп, чындап ичим ачышты. Шаардан, окуудан келген балдарды көргөн бул экөөнүн тең ичи ачышып, ошо балдарга көзү түшөт (Өмүрбаев). Ичи ачынуу. Кемпир береги аптыга айран ичип жаткан балага ичи ачына карап отура берди (Өмүрбаев). Сүттү арбын берүүчү эки уйду башка саанчыга өткөрүп бергенде ичи ачынып, кейип калды (Убукеев). Ичи ооруу. Ошого ичиң ооруп турабы? Анын кеткенине ичиң ооруп калдыбы? («Чалкан»). Бир туруп өспөй калган бак ичиндеги бедесине ичи ооруп, эмне кылар айласын таппай чайналды (Мырзаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. ИЧИ АЧУУ Бекташ бемирен калсын, келин балама боорум ооруйт, ичим ачышат (Кушубеков). Кийин бир топ жылдар өткөн соң агам аялы менен эки баласын таштап кеткенин угуп, чындап ичим ачышты («Советтик Кыргызстан»). Шаардан, окуудан келген балдарды көргөн бул экөөнүн тең ичи ачышып, ошо балдарга көзү түшөт (Өмүрбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кара ниет, арамдыгы бар, тымызын жамандык ойлогон. Ичи бузук жигиттин, Асты иши оң болбос (Токтогул). Бирок, ичи бузук тыңчылар аны кармап берет (Ашымбаев). В.: Ичи кара. Ичи кара душманды, Даана билет биздин топ (Барпы). Ичи арам. Ичи арамдан: не кылам деп сурасам, бир тыйынга мага сат дейт даңкыңды (Осмонов). Өзүн акылдуу эсептеп, чиренгендердин ичи арам, калп боло тургандыгын да көрдүм (Абдукаимов). Ичи жаман. – Ичи жаманды ит капсын балам, бала жеке сенде эмес, – деди Сейдеке (Өгөбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсени толук түшүнүп, ачык сезип турса да, аны ачык айта албай бушайман болуу, оюндагысын айтканча туталанып кетүү, чыдамы кетип, зорго чыдап туруу. Алысыраак тагы бирөө жанындагыны жеңиден тарткылап, ичи бышып, а беркиси ага кайрыла албай дууга аралашат (Касымбеков). Анын ичи бышып, негедир муну көргүсү келбей сыртын салып жатты (Ашымбаев). Андай эле элдин жүрөгүн өйүгөн ой-санаага ичиң бышса, чындап эле коомго көмөктөшмөк болсоң, анда калк кандай жашаса, ошондой жашап, ага ойлош-санаалаш бол («Чалкан»). В.: Ичи кайноо. Ою онго, санаасы санга бөлүнүп, ичи кайнап кетет да жанын коер жер таппай Сары-Өзөктүн ченем жеткис мейкинине башын катар көңүл таппай кыйналат (Айтматов). Ичи бук болуу. Досуңдун ичи бук болуп кетти көрүнөт, колун чөнтөгүнө салып алып, эстеликти айланып, капалуудай басып жүрөт («Кыргызстан маданияты»). Ичим бук болуп, ыйлагым келет («Ала-Тоо»). Ичи жарылып кете жаздоо. Кусалыкка куурап жүргөн кичинекей бала ушунчалык ишенич менен колун кое бербей кармап келе жатканына Эдигейдин ичи жарылып кете жаздап бара жатты (Айтматов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бир нерсени толук түшүнүп, ачык сезип турса да, аны ачык айта албай бушайман болуу, оюндагысын айтканча туталанып кетүү, чыдамы кетип, зорго чыдап туруу. Алысыраактагы бирөө жанындагыны жеңиден тарткылап, ичи бышып, а беркиси ага кайрыла албай дууга аралашат (Касымбеков). Анын ичи бышып, негедир муку көргүсү келбей сыртын салып жатты (Ашымбаев). Андай эле элдин жүрөгүн өйүгөн ой-санаага ичиң бышса, чындап эле коомго көмөктөшмөк болсоң, анда калк кандай жашаса, ошондой жашап, ага ойлош-санаалаш бол («Чалкан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Арамдыгы жок, ою түз, кишиге кара санабаган. Ичи жакшысы да, ич күптү болуп калганы да, баары бирдей көзгө дуулдап, кадырлуу элчини аткарууга сыртка коштоп чыгышты (Касымбеков). Ошол келиниң ичи жакшы бирөөгө сыр узатса керек.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Арамдыгы жок, ою түз, кишиге кара санабаган. Ичи жакшысы да, ич күптү болуп калганы да, баары бирдей көзгө дуулдап, кадырлуу элчини аткарууга сыртка коштоп чыгышты (Касымбеков). Ошол келиниң ичи жакшы бирөөгө сыр узатса керек («Советтик Кыргызстан»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Ыраазы болуу, көңүлү жибүү, жакшы көрүү, имерилүү. Анын ошонусуна ичим жылый түштү (Жигитов). Директордун мамилесине Гулжандын ичи жылыды («Ала-Тоо»). Сейдекенин ичи жылып, Бүбүнү жаш баладай эркелете чачынан сылап, бетинен өптү (Өгөбаев). Ал жогорудагыдай көрүнүштөн улам сергий түшүп, бир эсе аялынын тыкан, иш билги чыкканына ичи жылып кетти («Ленинчил жаш»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ыраазы болуу, көңүлү жибүү, жакшы көрүү, имерилүү. Анын ошонусуна ичим жылый түштү (Жигитов). Директордун мамилесине Гулжандын ичи жылыды («Ала-Тоо»). Сейдекенин ичи жылып, Бүбүнү жаш баладай эркелете чачынан сылап, бетинен өптү (Өгөбаев). Ал жогорудагыдай көрүнүштөн улам сергий түшүп, бир эсе аялынын тыкан, иш билги чыкканына ичи жылып кетти. В.: Ичи жибүү. Кээ бир үйгө баш багар замат адамдын жүзүнөн улам, жылуу-жумшак мамиле байкалып, ичиң жибий түшөт («Кыргызстан маданияты»). Ичи ысуу. Турмушта ар кыл адам болору бышык. Бирөөнө ичиң ысып ыраазы болсоң, бирөөнө нараазы болосуң (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жакшы көрүү, жактыруу. Бекбайдын тагдырын да өзүнүкүнө окшотуп, атасыз жетим катарында көрө баштаган беле же башка бир себептерден уламбы, кантсе да ичи ийрилип турду (Абдыраманов). Айзада тиктеп отуруп, бул баладан Темирдин үрөйүн көргөнсүп, ошондонбу, бир тууганындай ичи ийрилип, түтүндөй кара, узун көйнөгүн сүйрөлтүп, жоолугун буунбай бош таштап, ойго чөгүп келе берди (Касымбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жакшы көрүү, жактыруу. Бекбайдын тагдырын да өзүнүкүнө окшотуп, атасыз жетим катарында көрө баштаган беле же башка бир себептерден уламбы, кантсе да ичи ийрилип турду (Абдыраманов). Айзада тиктеп отуруп, бул баладан Темирдин үрөйүн көргөнсүп, ошондонбу, бир тууганындай ичи ийрилип, түтүндөй кара, узун көйнөгүн сүйрөлтүп, жоолугун буунбай бош таштап, ойго чөгүп келе берди (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
«Көчкөндө көчү жылдыздай, Көрпө ичиги кундуздай» (Жеңижок). Бул — элдик салттуу сырт кийим. Ал кездемеден тышталат, кара саксактан ичтелет. Мунун сырты өзүнчө, ичи өзүнчө тигилет. Шартка жараша ичиктин ичи ар кандай өңдөгү терилерден болот. Ичиктик жакага кара көрпө ойдогудай шартташат. Кийинчерээк бүйүрмө ичик да тигилүүдө. Ага топчу ордуна илгич кадалат.
      Жердиги жашыл болсо, кийимдин өзгөчөлүктөрүн өзү эле баамдатат. Жең менен жака ойдогудай коюлса, кийим көрктүү көрүнөт.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жылуу сырт кийимдин түрү. Атайын иштетүүдөн (ашатылуу, өңдөлүү, ийленүү ж. б.) өткөн жаныбардын (көбүнчө илбирс, карышкыр, кашкулак, сүлөөсүн, түлкү ж. б.) терилеринен жүнүн ичине каратып, сыртын калың, бышык материя менен тыштап, ошол эле териден чоң жака салып тигилет. Ичиктер ичтелген теринин түрүнө жараша көрпө ичик, түлкү ичик, карышкыр ичик, илбирс ичик ж. б. аталат. Бирден ичик, бир кымкап. («Манас» С. О.). Капсалаң кара көрпө ичигин желбегей жамынып, эшикке чыкты (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Ниети жаман, башкаларга жакшылык кылгысы келбеген, бирөөнү көрө албаган. Шеги жок алдыңа бүгүлөт, шектүү, ичи кара, иши кара жанынан түңүлөт (Касымбеков). Булкаганга ичи кара душманын издөө, нөкөрлөр жакшы билишет, кара жиндүү бакшы ошол замат айбалта менен бөлө чабышат (Касымбеков). Ичи кара бузуктар, Кымындай жанды күйгүзөт (Барпы). 2. к. ИЧИ БУЗУК.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ниети жаман, башкаларга жакшылык кылгысы келбеген, бирөөнү көрө албаган. Шеги жок алдыңа бүгүлөт, шектүү, ичи кара, иши кара жанынан түңүлөт (Касымбеков). Бул каганга ичи кара душманын издөө, нөкөрлөр жакшы билишет, кара жиндүү бакшы ошол замат айбалта менен бөлө чабышат (Касымбеков). Ичи кара бузуктар, Кымындай жанды күйгүзөт (Барпы). 2. к. Ичи бузук.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Адам менен тез эле жакындашып, аралашып кетүү, эпилдеп жумшак мамиле жасоо, ишенимге өтүү. Мени – «энеке», сени – «атаке» деп, ичи-койнубузга кирип жүргөн себеби да ошол тура (Баялинов). Акмөөрдүн өргөөсүнө жеңкетайды март чачып, ичи-койнуна соорулап кирген Жантайдын шум жигити – Карбоз (Бейшеналиев). Азыр куру-намысты коюп, кекирейбей, чекирейбей, ыпылдап-шыпылдап ичи-койнуна кирди (Тойбаев). Ич-койнуна кирип, ага эркелей берип, кээде Зарылды күлдүрө турган тамаша кептерди айтып салуучу (Сыдыкбеков). Акбаевдин ичи-койнуна кирип, коштоп алып, көп жерге барса керек (Бектенов). В.: Ичи-бооруна кирүү. Мукамбай тим эле кишинин ичи-бооруна кирип турган киши экен (Абдукаримов). Таттуу сүйлөп, ичи-бооруңа кирет.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Адам менен тез эле жакындашып, аралашып кетүү, эпилдеп жумшак мамиле жасоо, ишенимге өтүү. Мени - «энеке», сени - «атаке» деп, ичи-койнубузга кирип жүргөн себеби да ошол тура (Баялинов). Акмөөрдүн өргөөсүнө жеңкетайды март чачып, ичи-койнуна соорулап кирген Жантайдын шум жигити - Карбоз (Бейшеналиев). Азыр куру-намысты коюп, кекирейбей, чекирейбей, ышылдап-шыпылдап ичи-койнуна кирди (Тойбаев). Ич-койнуна кирип, ага эркелей берип, кээде Зарылды күлдүрө турган тамаша кептерди айтып салуучу (Сыдыкбеков). Акбаевдин ичи-койнуна кирип, коштоп алып, көп жерге барса керек (Бектенов). Адамдын ичи-койнуна бат эле кирип кетет (Айтматов)

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Өкүнүү, аябай кайгыруу, капалануу, абдан кейүү. Муку угуп алып, даты бир жолу ичи күйүп, жанын коер жер таппай, санын мыкчып, даты бир жолу азаптанып алды (Айтматов). Анын ичи күйүп, ылжырап баратканына карабастан Жайдарбек сыр билдирбөөгө аракеттенди (Медетов). Асандын качып кеткенине абдан ичим күйдү («Кыргызстан маданияты»). 2. Ардануу, ызалануу. Айдаркан ичи күйгөн кишинин сөзүн сүйлөдү (Абдукаимов). Менин ичим күйгөнү - тааныштарымдын аварияга учурагандыгында («Советтик Кыргызстан»). Мындай мелдеште ичи күйгөндөр көп болгон («Кыргызстан маданияты»). Алиги күңкүдөй болуп, ал жол бойлоп басат, мен кабинеде кыбырайм. Ичим күйөт, арга жок (Айтматов). 3. Көрө албастык, ичи тардык кылуу, кызгануу сезиминде болуу. Кесиптештеримдин бирөө көрө албай ичи күйөт (Борбиев). -Өзүңөр кармасаңар минтпейт элеңер, мага ичиңер күйүп жатат, - деди Баяз (Жусупов). Бирөөлөрдүн ичи күйүп, бирөөлөрдүн тили кычышып, өсөк күлкү кылышар (Абдукаимов). Каратайдын ичи күйүп, өзүн жекиргендегиси: ал Сабырбекке бир ооз каяша жооп айта албагандыгы (Айтматов). Эмне ичиң күйүп жатабы, Амантай (Айтматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Өкүнүү, аябай кайгыруу, капалануу, абдан кейүү. Муну угуп алып, дагы бир жолу ичи күйүп, жанын коёр жер таппай, санын мыкчып, дагы бир жолу азаптанып алды (Айтматов). Анын ичи күйүп, ылжырап баратканына карабастан, Жайдарбек сыр билдирбөөгө аракеттенди (Медетов). Асандын качып кеткенине абдан ичим күйдү («Кыргызстан маданияты»). 2. Ардануу, ызалануу. Айдаркан ичи күйгөн кишинин сөзүн сүйлөдү (Абдукаимов). Менин ичим күйгөнү тааныштарымдын аварияга учурагандыгында («Советтик Кыргызстан»). Мындай мелдеште ичи күйгөндөр көп болгон («Кыргызстан маданияты»). 3. Көрө албастык, ичи тардык кылуу, кызгануу сезиминде болуу. Кесиптештеримдин бирөө көрө албай ичи күйөт (Борбиев). – Өзүңөр кармасаңар минтпейт элеңер, мага ичиңер күйүп жатат, – деди Баяз (Жусупов). Бирөөлөрдүн ичи күйүп, бирөөлөрдүн тили кычышып, өсөк күлкү кылышар (Абдукаимов). В.: Ичи куйкалануу. Ээнчиликте күзгүдөн өзүн көпкө тиктеп, ...эч бир чыдоого болбой тургандай болуп ичи куйкаланып кетет (Касымбеков). Обу жоктук кылганына ичим куйкаланып кетет («Кыргызстан маданияты»). Ичи түтөө. Ичи түтөп, баш аягы алты кадам зындандын түбүндө өзүнчө күңкүлдөп, нары-бери баса берди (Касымбеков).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИЧИЛЧҮ СУУ – сапаты чарбачылыкка жарамдуулугу жана турмуш-тиричиликке колдонулушу жагынан санитардык эрежелер менен ченемдер аркылуу белгиленген тийешелүү стандарттар менен гигиеналык талаптарга жооп берген суу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Оюн, сырын, пикирин кишиге айтпаган, ачык-айрым эмес, көп сүйлөбөгөн, бейчеки сөз айтпаган, түнт. Ичим тап бир мүнөз бар чыкпайт сыры, Сакталат жүрөгүндө сөздүн чыны (Тоголок Молдо). Жүрөккө түпөйүл болгон кайгы башкалар менен ырк кошпогон ичим тап кишилер үчүн коркунучтуу болот (Каимов). Исхак сынган бутун сыйпалап, көзүнүн төбөсү менен отургандарды сыдырып тиктеп, эрдин бек кымтып, ичим тап болуп отурду (Касымбеков). Ичим тап Суусардын бул сөзүнө ала көөдөк Төлөмүш анчалык маани бербеди (Бердикеев). Баягы жадырап-жайнаган кайниси бул күндө ой тереңине чөмүлүп, ичим тап боло баштаган (Өгөбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Көп сүйлөбөгөн, бейчеки сөз айтпаган, ички сырын билгизбеген, бир сырдуу, түнт. Исхак сынган бутун сыйпалап, көзүнүн төбөсү менен отургандарды сыдырып тиктеп, эрдин бек кымтып, ичим тап болуп отурду (Касымбеков). Ичим тап Суусардын бул сөзүнө ала көөдөк Төлөмүш анчалык маани бербеди (Бердикеев). Баягы жадырап-жайнаган кайниси бул күндө ой тереңине чөмүлүп, ичим тап боло баштаган (Өгөбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көңүлү калуу, ичи жылыбоо, мурдагыдай болбой сууй түшүү, жек көрө баштоо. Бөлөсүнүн тун баласына эми ичи муздай баштады («Кыргызстан маданияты»). В.: Ичи суу. Жаш немени иренжитпейинчи, ичи сууп калбасын дедим (Айтматов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Ак көңүл куулук-шумдукту билбеген, кишиге жамандык ойлобогон, ою түз. Ичинде кири жок ала көөдөн Жамалкан өзүнүн сөзүнө өзү каткырып күлдү (Абдукаримов). Мээнетсиз тиричиликти билбеген, тырнактай ичинде кири жок (Абакиров). Ушу карапайым шахтер, ичинде кири жок, көңүлү таза шахтер (Абдукаимов). Ак көңүл, аңгөдөк, даңкылдаган, ичинде кири жок, бала кыял күйөөсү тууралуу Жаңыл биринчи жолу ой чуркатып, оозунан биринчи жолу чыккан сөзү ушул болду (Медетов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ак көңүл, куулук-шумдукту билбеген, кишиге жамандык ойлобогон, ою түз. Ичинде кири жок, ала көөдөн Жамалкан өзүнүн сөзүнө өзү каткырып күлдү (Абдукаримов). Мээнетсиз тиричиликти билбеген, тырнактай ичинде кири жок (Абакиров). Ушу карапайым шахтер, ичинде кири жок, көңүлү таза шахтер (Абдукаимов). Ак көңүл, аңгөдөк, даңкылдаган, ичинде кири жок, бала кыял күйөөсү тууралуу Жаңыл биршчи жолу ой чуркашып, оозунан биринчи жолу чыккан сөзү ушул болду (Медетов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөнүн ийгилигин көрө албай, ичи күйүп, тымызын кастык кылуу, ал жөнүндө арам ойдо болуп жүрүү. Канчалык билдирбөөгө аракеттенбесин, өзүн түз кармабасын, ичинде ит өлүп жаткандыгы сезилип турду (Борбиев). Түрүнө караганда жолду карата ачуусу тарамак түгүл, ичине ит өлүп, кыжыры кайнап келе жатты (Жапаров). В.: Ичинен ит өлүү. Сыр алдырбай, ичинен ит өлсө да, сыртынан жылмайды (Борбиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бирөөнүн ийгилигин көрө албай, астыртан, тымызын кастык кылуу, ал жөнүндө арам ойдо болуп жүрүү. Канчалык билдирбөөгө аракеттенбесин, өзүн түз кармабасын, ичинде ит өлүп жаткандыгы сезилип турду (Борбиев). Түрүнө караганда жолдо карата ачуусу тарамак түгүл ичине ит өлүп, кыжыры кайнап келе жатты (Жапаров).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өзүнөн башкага жакшылык каалабаган, бирөөнүн ийгилигин, жакшы жагын көрө албаган, ага ич тардык кылган. Айтканындай эле, ичине кара таруу айланбаган тар, күнүчүл экен (Каимов). – Өзүнчө эле туталанып, куйкасы курушуп, итатайы тутулуп кеткен, ичине кара таруу айланбаган, териси тар адамдар болот (Медетов). В.: Ичине бүкүрү таруу айланбаган. Ал ичине бүкүрү таруу айланбаган, а түгүл бирөөнүн морунан коюу түтүн чыкканын көрө албаган бир неме экен (Жигитов). Ичине кара кыл айланбаган. Ичине кара кыл айланбаган байкушум а... (Сыдыкбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өзүнөн башкага жакшылык каалабаган, бирөөнүн ийгилигин, жакшы жагын көрө албаган, ага ич тардык кылган. Айтканындай эле, ичине кара таруу айланбаган тар, күнүчүл экен (Каимов). - Өзүнчө эле туталанып, куйкасы курушуп, итатайы тутулуп кеткен, ичине кара таруу айланбаган, териси тар адамдар болот (Медетов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бирөөнүн ой-пикирин айттырбай билгендей, бардыгы дал келгендей. Туура айтасың, Салыке! Сен тим эле менин ичиме кирип чыккандай сүйлөйсүң (Каимов). Кишинин ичине кирип чыкканд ай, жаныңызда отуруп сүйлөшкөндөй жазат экен (Абдукаимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөнүн ой-пикирин айттырбай билгендей, бардыгы дал келгендей. Туура айтасың, Салыке! Сен тим эле менин ичиме кирип чыккандай сүйлөйсүң (Каимов). Кишинин ичине кирип чыккандай, жаныңызда отуруп сүйлөшкөндөй жазат экен (Абдукаимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Катуу кайгыруу, өкүнүү, аябай кейүү, оор кайгыга, санаага батуу, өтө кейиште болуу. Бирок, намысы кеткенине ызаланып, ичинен кан өтүп турганын бала-бакыра, катын-калачтарга билдирген жок (Үмөталиев). Мырзабек сени эмне дегенин ойлосом, ичимен кан өтүп кетет (Абдукаимов). Түртүшүп, ким кимине алактай караша, ичтеринен кан өтө дымыган жамааттын арасынан заңк эткен үн чыкты (Бейшеналиев). Малыбыздын чолпону жылкыбыздын камбар атасы эле. Ичтен кан өтүп кетти го (Жантөшев). Биз деле ичибизден кан өтүп, каран түн түшүп отурбайбызбы (Убукеев). В.: Ичтен кан жүрүү. Ичтен кан жүрдү го, сенин кылганың (Жоошбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Катуу кайгыруу, өкүнүү, аябай кейүү, оор кайгыга, санаага батуу, өтө кейиште болуу. Бирок, намысы кеткенине ызаланып, ичинен кан өтүп турганын бала-бакыра, катын-калачтарга билдирген жок (Ш. Үмөталиев). Мырзабек сени эмне дегенин ойлосом ичимен кан өтүп кетет (Абдукаимов). Түртүшүп, ким кимине алактай караша, ичтеринен кан өтө дымыган жамааттын арасынан заңк эткен үн чыкты (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. ИЧИНЕН СЫЗУУ Кабагын түйүп, эрдин кесе тиштенип ичинен күйөт («Советтик Кыргызстан»). Казак ичинен күйүп отурганда, Адыке от тутандырды (Сыдыкбеков). Абдылдабек бир ууртун тартып ичинен күйүп, өкүнүчтүү күрсүнүп койду (Касымбеков). Исак бул тамсилди өкүнүч менен эсине алып, ичинен күйдү (Касымбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өзү менен кошо соолорун ойлогондо ичинен сыздап убайын тартат (Өгөбаев). Жалындуу жаштын кайгысын бөлүшө тарткандай, биз дагы унчукпай ичибизден сыздадык (Жантөшев). Баарын түшүнүп, баарын билип, ичинен сыздап, ичинен тынат (Бердикеев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кайгы-капасын сыртына чыгарбай, өзүнчө капалануу, өз ичинен катуу убайым тартуу, өзүнчө бушайман боло берүү. Адеп сактап, араздашайын дедим да, ичимден сызып, токсон сомдук статистик орунга кеттим («Советтик Кыргызстан»). Бирок, ичинен сызып кек калганы менен эч кимиси ачыгына чыга албады (Өгөбаев). Атаңды апаң аяп, ичинен сызып жүрүп кеткен экен да жарыктык (Бердикеев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кайгы-капасын сыртына чыгарбай, өзүнчө капалануу, өз ичинен катуу убайым тартуу, өзүнчө бушайман боло берүү. Адеп сактап, араздашайын дедим да, ичимден сызып, токсон сомдук статистик орунга кеттим («Советтик Кыргызстан»). Бирок, ичинен сызып кек калганы менен эч кимиси ачыгына чыга албады (Өгөбаев). Атаңды апаң аяп, ичинен сызып жүрүп кеткен экен да жарыктык (Бердикеев). В.: Ичтен сыздоо. – Эмне кылайын, кууса куугандыр, – деди Момун ичтен сыздап (Айтматов). Ал эрдин бек кымтып, ичтен сыздап, оозуна сөз кирбей отуруп калды (Касымбеков). Сыртынан сыр бербегендери менен аялы экөө туяксыз жүрүшкөнүнө ичтеринен сыздачу (Кушубеков). Ичтен сызуу. Кимдин жарыгы эрте өчтү дегиче, манап ошол аялыныкында экенин билишип, ичтен сызып, өзүнчө күптү болуп, шордуулар өчүн ак мамыктан чыгарчу экен (Кушубеков). Сени эңсеп гана ичтен сызып каламын (Жусупов). Ичинен күйүү. Кабагын түйүп, эрдин кесе тиштенип ичинен күйөт («Советтик Кыргызстан»). Казак ичинен күйүп отурганда, Адыке от тутандырды (Сыдыкбеков). Абдылдабек бир ууртун тартып ичинен күйүп, өкүнүчтүү күрсүнүп койду (Касымбеков). Исак бул тамсилди өкүнүч менен эсине алып, ичинен күйдү (Касымбеков). Ичинен түтөө. Ичинен түтөгөн эне кызына сыр билгизбейин дейт (Сыдыкбеков). Чоң болуш ичинен түтөп, сыртынан көйкөлө сыр бербейт («Ала-Тоо»). Ичинен түтөп, алкына-жулкуна, арманын айткан айылына таанымал Айылчиева Кенжекан эле. Ичинен сыздоо. Өзү менен кошо соолорун ойлогондо ичинен сыздап убайын тартат (Өгөбаев). Жалындуу жаштын кайгысын бөлүшө тарткандай, биз дагы унчукпай ичибизден сыздадык (Жантөшев). Баарын түшүнүп, баарын билип, ичинен сыздап, ичинен тынат (Бердикеев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. ИЧИНЕН СЫЗУУ Ичинен түтөгөн эне кызына сыр билгизбейин дейт (Сыдыкбеков). Чоң болуш ичинен түтөп, сыртынан көйкөлө сыр бербейт («Ала-Тоо»). Ичинен түтөп, алкына-жулкуна, арманын айткан айылына таанымал Айылчиева Кенжекан эле («Советтик Кыргызстан»),

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Оюндагысын, сырын ачыкка чыгара албай, ичине катып тим болуу. Баарын түшүнүп, баарын билип, ичинен сыздап, ичинен тынат (Бердикеев). Экөө далайга үнсүз арбашып, ичтеринен тынып турушту (Бейшеналиев). Сакасы алчы туруп, ичинен тынган Тикбай үн дебейт (Осмоналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кайгы-капасын, ички бугун, таарыныч-өкүнүчүн билдирбөө, ачык айтпоо, ичинде сактоо, эмне болсо ичинде болуу. Сагымбайды мен андай эмес го десем, ичинен тынып жүргөн экен (Элебаев). Кабарын угуп Түмөнбай, Ичинен тынып тим болгон («Семетей»). Баарын түшүнүп, баарын билип, ичинен сыздап, ичинен тынат (Бердикеев). Экөө далайга үнсүз арбашып, ичтеринен тынып турушту (Бейшеналиев). Сакасы алчы туруп, ичинен тынган Тикбай үн дебейт (Осмоналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Дүүлүктүрүү, кызыгуусун арттыруу, ынтызарлыгын күчөтүү же ардантуу, арына келтирүү. Жанагы «оюн» Нурландын ичине чок салуу үчүн болуп жатканын Асек кайдан билсин (Борбиев). В.: Жүрөгүнө чок салуу. Сенин ырың баарыбыздын жүрөгүбүзгө чок салды («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Нааразылыгын күчөтүү, жек көрүү сезимин пайда кылуу. Эстеликтин тулку боюнан илеп дайыма согуп тургансып, мурункудай тигинин ичин жылытпайт, куру кыялга чарпытпайт (Медетов). Мейли кыймылы болсун, мейли кыял-жоругу болсун, бирөөнүн ичин жылыта бербеген өңдөнүп турчу (Ашымбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Нааразылык, жек көрүү же кайдыгерлик сезимин пайда кылуу. Эстеликтин тулку боюнан илеп дайыма согуп тургансып, мурункудай тигинин ичин жылытпайт, куру кыялга чарпытпайт (Медетов). Мейли кыймылы болсун, мейли кыял-жоругу болсун, бирөөнүн ичин жылыта бербеген өңдөнүп турчу (Ашымбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ийиктирүү, ыраазы кылуу, жакшы көрсөтүү. Баланын ар нерсеге шыктуулугу кимдин болсо да ичин жылытат (Касымбеков). Анын бул жосуну Ашырбектин ичин жылытты (Ашымбаев). Анын оокатка бүйрөлүгү, бир ишти беттесе, дүгдүлүңдөп бүтмөйүн тыным албаганы ичин жылытат (Ашымбаев). Ак кофтасы саал чоңураак келген менен жарашыгы, көркү ичин жылытты (Сасыкбаев). Искендердин сөзү Берметтин ичин жылытып, кыпкызыл кылып тердетип жиберди (Абдукаимов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Ийиктирүү, ыраазы кылуу, жакшы көрсөтүү. Баланын ар нерсеге шыктуулугу кимдин болсо да ичин жылытат (Касымбеков). Анын бул жосуну Ашырбектин ичин жылытты (Ашымбаев). Анын оокатка бүйрөлүгү, бир ишти беттесе дугдулуңдөп бүтмөйүн тыным албаганы ичин жылытат (Ашымбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Абдан катуу кайгыруу, күйүт тартуу, күйгүлтүккө түшүү. Жигиттин ичи өрт менен жалын болду («Чалкан»). В.: Ичи өрт менен жалын. Ичи өрт менен жалын, а өзү болсо эптеп жатып чачынын бүтүн жагын оюк жагына теңеди да, күзгүдөн тезирээк качып чыкты (Акматов). Ичи чок болуу. Ойлосом ичим чок болот, Айтпасам көңүл бук болот («Манас»). Баятан берки сөзүңдү, байкасам күйүп ичим чок («Курманбек»). Ичи өрттөнүү. Ошондо ансыз да ичи өрттөнүп, көпкө дейре өпкөлөп ыйлаган экен (Акматов). Кудаяр кандын ичи өрттөндү (Касымбеков). Ичин өрттөө. Эрксизден эриндери дирилдеп, аргасыз ачууга, ичин өрттөгөн ызага, баласы экөөнүн башына түшкөн кайгыга чыдабай, кайрадан сыздап ыйлады (Айтматов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. ИЧИ ӨРТ МЕНЕН ЖАЛЫН БОЛУУ Ошондо ансыз да ичи өрттөнүп, көпкө дейре өпкөлөп ыйлаган экен (Акматов). Кудаяр кандын ичи өрттөндү (Касымбеков). Буржуазиялык чөйрө биздин ийгиликтерге ичи өрттөнүп жатат (Ашымбаев).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Үшүгөндүктөн же муздак суу тийгендиктен адамдын бүткөн бою дүүлүгүү, чыйрыгуу. Сууктан ичиркенген Акбар эки ийнин куушурду (Убукеев). Жаан суусу мойнуна тамса, ага арабакеч ичиркенип да койбойт (Сыдыкбеков).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Бул сөз ичирке+н морфемаларынан куралган. Анын ичирке уңгусу жогорку итирке сөзүнө т тыбышы ч тыбышына алмашусу боюнча туура келет. Ага этиш жасоочу -н мүчөсү жалганып, ичиркен сөзү жасалган. Муздак суу жылаңач этине чачыраганда адам ичиркенет. Сууктан, муздак суудан ичиркенип кеткенде колдонулчу ичикий сырдык сөзү да ушул ичирке сөзүнүн р тыбышы түшүшүнөн келип чыгышы мүмкүн: ичирк+ий>ичикий.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Үшүгөндө, чыйрыкканда, дене муздак сууга тийгенде ж. б. бүткөн бой дүүлүгүп калтырай түшүү. Эмнегедир ичиркенип, боюм курушкансыйт (Абдукаримов). Жаандын суусу мойнуна тамса, ага арабакеч ичиркенип да койбойт (Сыдыкбеков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от ичиркен-;
кабыргаң жарып, ок тийсе, ичиркентпе этиңди фольк. если (даже) пуля пробьёт тебе ребро, ты не дрогни телом;
Ыманбайдын бул кеби Касейинди ичиркентти эти слова Ыманбая очень неприятно подействовали на Касейина.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кыйылуу, өкүнүү, кейигенсүү, боору ооруу. Баягы шүмшүк болуп жүрбөсүн деп ичи сыйрыла түшкөн Макмал, эч кимге сыр алдырбай, сыртынан багып караса, так ошонун өзү («Советтик Кыргызстан»). Темир ичи сыйрылып, артынан карай калды (Касымбеков). Жарык, кенен көчө менен топтошуп, күлүп бара жаткандар аны кордоп жаткандай ичи сыйрылды (Ашымбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кыйылуу, өкүнүү, кейигенсүү, боору ооруу. Баягы шүмшүк болуп жүрбөсүн деп ичи сыйрыла түшкөн Макмал, эч кимге сыр алдырбай, сыртынан багып караса, так ошонун өзү («Советтик Кыргызстан»). Темир ичи сыйрылып, артынан карай калды (Касымбеков). Жарык, кенен көчө менен топтошуп, күлүп бара жаткандар аны кордоп жаткандай ичи сыйрылды (Ашымбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Башкалардын ийгилигин көрө албаган, өзүнөн башкаларга жакшылык каалабаган, өзүмчүл. Ичи тар, кара мүртөз ата-бабаларынан берки сөөлөтүн казалга айлантпасыңды билип ызырынууда (Бейшеналиев). Сенин ичиң тар, өзүмчүлсүң (Бердикеев). 2. Кызганчаак, абдан кароо, териси тар. Менин ичим тар, байкап жүр деп, күлүп койду («Чалкан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Башкалардын ийгилигин көрө албаган, өзүнөн башкаларга жакшылык каалабаган, өзүмчүл. Ичи тар, кара мүртөз ата-бабаларынан берки сөөлөтүн казалга айлантпасыңды билип ызырынууда (Бейшеналиев). Сенин ичиң тар, өзүмчүлсүң (Бердикеев). Өзү чогоол, ичи тар, Көңүлүндө кири бар (Жантөшев). Жолдош болом дебегин, Эзелден ичи тар менен (Барпы). 2. Кызганчаак, абдан кароо, териси тар. Менин ичим тар, байкап жүр деп, күлүп койду («Чалкан»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Башкалардын ийгилигин, жетишкендерин көрө албагандык, бирөөлөргө жакшылык каалабагандык, жетишкендик өзүндө гана болсо дегендик, бөлөктөргө ийгилик каалабагандык. Жарашпас ичи тардык азаматка Тар болбо, тардык жаман тирүү чакта (Осмонов). Ал эми кек алмакка же ичи тардыкка жеңдирип туруп жазгандар бар («Чалкан»). Же аз тажрыйбаңарды элге жаюуга ич тардык кыласыңарбы? - деп Маамыт күлдү (Жантөшев). 2. Кызгангандык, өзү жакшы көргөнүн башкалардан коргогондук. Адатынча аялы жөнүндө жаман ой ойлоп, ичи тардык кылды (Сыдыгалиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Башкалардын ийгилигин, жетишкендерин көрө албагандык, бирөөлөргө жакшылык каалабагандык, жетишкендик өзүндө гана болсо дегендик, бөлөктөргө ийгилик каалабагандык. Жарашпас ичи тардык азаматка, Тар болбо, тардык жаман тирүү чакта (Осмонов). Ал эми кек алмакка же ичи тардыкка жеңдирип туруп жазгандар бар («Чалкан»). Же өз тажрыйбаңарды элге жаюуга ич тардык кыласыңарбы? – деп Маамыт күлдү (Жантөшев). 2. Кызгангандык, өзү жакшы көргөнүн башкалардан коргогондук, Адатынча аялы жөнүндө жаман ой ойлоп, ичи тардык кылды (Сыдыгалиев). В.: Ичи тарлык. Андан бери Гүлай мени менен, Сабыйра Карим менен бийлесинчи. Ичи тарлыгыңар жокпу, Керим? – деп Сатар күлдү («Ала-Тоо»). Ич тардык. Адилеттик менен да, ич тардык менен да күңкүлдөшөт (Осмоналиев). Ич тарлык. Ич тарлык элин дагы кеңейтпейт, жерин дагы кеңейтпейт (Осмоналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бирөөдөн кагуу жеп же бирөөгө жаман көрүнүп, бирөөнүн көзү тийип калбаса экен деген мааниде аны аёо, ага жамандыкты ыраа көрбөө иретинде колдонулат. Бала туруп чоң кишинин айтканын айтса, ичим тартынат («Ала-Тоо»). «Ушундай да моокум канбаган адам болобу?» - деп ойлоп бара жатты Төлөмүш аялынын суктануусуна ичи тартынып (Бердикеев). Чоюбек жетине да албай, ичи да тартына калдастады (Бейшеналиев). -Баланча акчабыз бар, - деп ал аялына айткандан ичи тартынат (Ашымбаев). Муну кез-кез кулагы чалган Кулкан кемпирдин ичи тартынчу (Өмүрбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөдөн кагуу жеп же бирөөгө жаман көрүнүп, бирөөнүн көзү тийип калбаса экен деген мааниде аны аео, ага жамандыкты ыраа көрбөө иретинде колдонулат. Бала туруп чоң кишинин айтканын айтса, ичим тартынат («Ала-Тоо»). «Ушундай да моокум канбаган адам болобу?» – деп ойлоп бара жатты Төлөмүш аялынын суктануусуна ичи тартынып (Бердикеев). Чоюбек жетине да албай, ичи да тартына калдастады (Бейшеналиев). – Баланча акчабыз бар, – деп ал аялына айткандан ичи тартынат (Ашымбаев). Муну кез-кез кулагы чалган Күлкан кемпирдин ичи тартынчу (Өмүрбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Башкаларга жакшылык кылгысы келбөө, ийгилигин көрө албоо. Байымбет болсо, анын бул түрпүн жайлоодогу дуулдагандарга ичи тарып жатат дегендей боолголоду (Бейшеналиев). Ушулардын баарын байкап, Абил бийдин кайта ичи тарып кетти (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Башкаларга жакшылык кылгысы келбөө, ийгилигин көрө албоо. Байымбет болсо, анын бул түрпүн жайлоодогу дуулдагандарга ичи тарып жатат дегендей боолголоду (Бейшеналиев). Ушулардын баарын байкап, Абил бийдин кайта ичи тарып кетти (Касымбеков). Ичи тардыгуу. Өзүн амалдуу, кыйын эсептеген Касымбектин ичи тардыгып терикти (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Аябай өкүнүү, катуу кайгыруу, абдан күйүп-бышуу. Карым-катнаштын кан буугандай басылып калышына, Суусардын ичи туз куйгандай ачышты (Бердикеев). Минтип, жакшы үмүтү сууп, ичи туз куйгандай ачышып, ачуусу келип турганда эмне гана балакет болбойт (Кыдырмышев). В.: Ичи туз куйгандай болуу. Апам жоош да, билип жаттым, ичи туз куйгандай болуп отурганын.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Аябай өкүнүү, катуу кайгыруу, абдан күйүп-бышуу. Карым-катнаштын кан буугандай басылып калышына, Суусардын ичи туз куйгандай ачышты (Бердикеев). Минтип, жакшы үмүтү сууп, ичи туз куйгандай ачышып, ачуусу келип турганда эмне гана балекет болбойт (Кыдырмышев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Чыдабоо, чыдамсыздык кылуу, аёо, тынчы кетүү. Сагынып калдымбы деп, ичим түтпөй алып келдим (Бердикеев). Эки күндөн кийин ичим түтпөй баламды көрөйүн деп бардым («Кыргызстан аялдары»). Бирок миң кылса да, апа деген апа да, ичи түтүп тура албады мындайда (Ахматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Чыдабоо, чыдамсыздык кылуу, аео, тынчы кетүү. Эки күндөн кийин ичим түтпөй баламды көрөйүн деп бардым («Кыргызстан аялдары»). Бирок миң кылса да, апа деген апа да, ичи түтүп тура албады мындайда (Акматов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өкүнүү, кичине кейип калуу. Көйнөгүн булактатып, татынакай колдорун булгалап жүгүрүп кетти. Белгисиз нерсеге ичим тызылдап, дел болуп калдым («Кыргызстан маданияты»). Ал ошол жакты ойлордун кубат-деми менен азыр да ичинин тызылдаганын сезбейт (Кыдырмышев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өкүнүү, кичине кейип калуу. Көйнөгүн булактатып, татынакай колдорун булгалап жүгүрүп кетти. Белгисиз нерсеге ичим тызылдап, дел болуп калдым («Кыргызстан маданияты»). Ал ошол жакшы ойлордун кубат-деми менен азыр да ичинин тызылдаганын сезбейт (Кыдырмышев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. ИЧИ ЭЗИЛҮҮ Анын кечиримдүү жана көтөрүмдүү кыялына ичи ысыйт (Ашымбаев). Анын сага ичи ысып турат, улам жылдыздуу жалт-жалт карайт («Кыргызстан маданияты»). Абышканын ушундай ийкемдүү коңшу келинге ичи ысый түшөт (Кушубеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Аябай жакшы көрүү. Бурул Саадатка ичи эзилип: - Ишенем, садага болоюн, - деди (Абдукаимов). Молдо Ыбырайымдын ичи эзилип, ыраазы болуп турган эле (Убукеев). Кызы бар эмеспи, анын үстүнө баласаак киши көрүнөт, балага ичи эзилип жатса керек (Абдукаимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Аябай жакшы көрүу. Бурул Саадатка ичи эзилип: – Ишенем, садага болоюн, – деди (Абдукаимов). Молдо Ыбырайымдын ичи эзилип, ыраазы болуп турган эле (Убукеев). Кызы бар эмеспи, анын үстүнө баласаак киши көрүнөт, балага ичи эзилип жатса керек (Абдукаимов). В.: Ичи-боору элжирөө. Карап турсаң ичи-бооруң элжиреп «ананайын, мобу баланы карачы» дегиң келет (Кыдырмышев). Ичи ысуу. Анын кечиримдүү жана көтөрүмдүү кыялына ичи ысыйт (Ашымбаев). Анын сага ичи ысып турат, улам жылдыздуу жалт-жалт карайт («Кыргызстан маданияты»). Абышканын ушундай ийкемдүү коңшу келинге ичи ысый түшөт (Кушубеков). Ичи элжирөө. Мен аларга ичим элжирей сонуркап карап турдум да, токтоно албай кыйкырып ийдим (Жигитов). Сага келген ооруну өзүнө өткөрүп алчудай кайра тартпоочудай болгонун көрүп туруп, ичиң элжирейт (Медетов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. ИЧИ ЭЗИЛҮҮ Мен аларга ичим элжирей сонуркап карап турдум да, токтоно албай кыйкырып ийдим (Жигитов). Сага келген ооруну өзүнө өткөрүп алчудан кайра тартпоочудай болгонун көрүп туруп, ичиң элжирейт (Медетов). Зейнеп апа кандайдыр ичи элжиреп, Саадаттын жолмоч, сымбаттуу мүчөсүнө көз жиберет (Айтматов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Бир нерсе жетишпегендей ызалык, кусалык пайда болуп кейип туруу. Мындан ары түшүндө көрбөсө, өңүндө учуратпоосун туюнгандай Байымбеттин ичи эңшерилди (Бейшеналиев). Таабалдынын ичи эңшерилип, бетинде кан-сөлү жок кумсарып турду («Ала-Тоо»). 2. Тамак жегиси келүү, ичтейи ачылуу. Бирок, ичи эңшерилип, курсагы ачып бара жатканын эми сезди («Ленинчил жаш»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир нерсе жетишпегендей ызалык, кусалык пайда болуп кейип туруу. Мындан ары түшүндө көрбөсө, өңүндө учуратпоосун туюнгандай Байымбеттин ичи эңшерилди (Бейшеналиев). Таабалдынын ичи эңшерилип, бетинде кан-сөлү жок кумсарып турду («Ала-Тоо»). 2. Тамак жегиси келүү, ичтейи ачылуу. Бирок, ичи эңшерилип, курсагы ачып бара жатканын эми сезди («Ленинчил жаш»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. тонкий (противоп. жоон I; ср. жука);
ичке жерден үзүлөт погов. где тонко, там и рвётся;
ичке жол тропинка (по ущельям и ложбинам);
жаадай учуп Сарала ичке жолдоп, төтөлөп фольк. стрелой летит (конь) Сарала тропинкой напрямик;
ип-ичке то же, что ипичке (см. ип);
2. перен. тонко, тщательно;
ичке талдап очень тонко, тщательно отбирая или выбирая;
3. лингв. (о звуке) переднего ряда, палатальный, мягкий.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Ичкерген көрүнүштөгү, жоон эмес, субагайынан келген жоондун карама-каршысы.
2. Жоон чыкпаган, күркүрөп чыкпаган (үн жөнүндө). Шахтёрлор Ашырдын ичке үнүн алда кайдан эле таанышчу (Сасыкбаев).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Бул сөз түрк тилдеринде абдан айырмалуу болуп айтылат: инже (турец., ктат-), инче (аз.), инче (түркм., кум.), чинже (чув.), ниске (хак.), ничке (баш.), ничке (тат.), инчке (кбал.), ингичкә (өзб.), йиңишке (ног,), жиңишке (каз., ккал.), чиңге (тув.), чичке (алт.), сиинъигес (як.), ичке (кырг., лоб.). Э. В. Севортян бул сөздүн уңгусун инч этиши деп эсептейт (Севортян, 1974, 365). Биздин оюбузча, ичке сөзү алгачкы түкчө (<түк+ча) сөзүнөн келип чыгат. Ошол сөздүн т тыбышы ч, с, й, н, ж тыбыштарына алмашуудан түрк тилдериндеги формалары жаралган. Ал үчүн алгачкы түкчө сөзүнүн к тыбышы кээ бир түрк тилдеринде н тыбышына алмашса, кээ биринде кч тыбыштары чк болуп метатезаланып кеткен: түкчө> түчке>чичке >ничке>ичке; түкчө>түңче > йүңче> йүничке>жиңичке>инче; түкчө>түңчө> сииьничес. Кыргыз тилинде ичке нерсени кылга салыштыруу көнүмүш нерсе. Ошондуктан кылдай ичке делет. Байыркы түрктөр да ичке нерсени кылга салыштырган. Ан үчүн алар ошол кездеги «кыл, жүн» маанисиндеги түк сөзү алып, ага кичирейтүүчү же соалыштыруу маанидеги -ча мүчөсүн жалгап, түкчө сөзүн жасаган. Ал сөз эң алгач «кылдай, кылча» маанисин берген.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бою, тулкусу жагынан алганда болук эмес, жоондугу жагынан алганда ичкелик артыкчылыгы бар, жоон эмес. Ал ичке бойлуу, кара тору келин (Жантөшев). Уруя ичке манжаларын кырсылдатты (Байтемиров). Анын же шоона жип же ичке чынжыр экени байкалбайт (Сыдыкбеков). 2. Жоон эмес, чыйылдаган (үн жөнүндө). Ашырдын ичке үнүн шахтёрлор алда кайдан эле таанышчу (Сасыкбаев). 3. Кенен эмес, чоң эмес, кууш, тар. Кербен сарай, эски дубал уранды, Ичке булак ар жагында безилдейт (Токомбаев). Как ошол жерден ичке сай бойлоп, Кара жол кетет жыландай сойлоп (Абдыраманов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
действовать тонко, дипломатично, осторожно, незаметно;
ичкелеп айт- сказать тонко, дипломатично;
ичкелеп билчи потихоньку разузнай-ка;
ичкелей басып осторожно ступая, незаметно идя.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бойдун, ар кандай нерсенин жоон эмес экендигин, ичке экендигин билдирүү сапаты. Сапар ичкелигиненби, Шариптен кырдуурактай көрүнөт (Бейшеналиев). 2. Үндүн, тыбыштын жоон эместиги, ичке экендиги.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көнүмүш болуп калуу, көндүм болуп калуу, адатка айлануу, демейдегидей эле көрүнүш катары эсептелүү. Кийин жеңемдин таягы да ичкен ашындай болуп кетти (Жапаров). В.: Жеген ашындай болуу. Байбиченин жемеси мага жеген ашымдай болду (Жантөшев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Абдан кадырлоо, сыйлоо, жакшы көрүү. Сагынбек десе балдар ичкен ашын жерге коёт (Жантөшев). Абыкем сизди эстегенде, ар качандан бир качан ичкен ашын жерге койгон пенделерден болуп бара жатат («Чалкан»). Садыр - тууган дегенде ичкен ашын жерге коё койгон адам (Бердикеев). 2. Бир ишке берилип, аны аткарууга бүткүл дитин берүү, аны абдан самоо, эңсөө, аябай берилүү, көргүсү эле келип туруу. Алыста жүрсө да, түн ичинде болсо да сени дегенде ичкен ашын жерге койчу экен («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Абдан кадырлоо, сыйлоо, жакшы көрүү. Сагынбек десе балдар ичкен ашын жерге коет (Жантөшев). Абыкем сизди эстегенде, ар качандан бир качан ичкен ашын жерге койгон пенделерден болуп бара жатат («Чалкан»). Садыр – тууган дегенде ичкен ашын жерге кое койгон адам (Бердикеев). 2. Абдан самоо, эңсөө, аябай берилүү, көргүсү эле келип туруу. Алыста жүрсө да, түн ичинде болсо да сени дегенде ичкен ашын жерге койчу экен («Ала-Тоо»). В.: Ичкен ашын жерге таштоо. Футбол дегенде жаштар ичкен ашын жерге ташташат («Советтик Кырвызстан»). Ичкен аягын жерге коюу. Бекен болсо китеп дегенде ичкен аягын жерге коет (Каимов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бир нерсеге катуу санааркап тынчы кетүү, санаасы тынбай кыйнала берүү. Колуктум ичкени аш болбой сарсанаа болуп жүргөнун кийин өзү айтып берди (Абдукаримов). Алиги жаштайымда баш кошкон байкушум кантти экен дегенимде ичкеним аш болбойт (Сыдыкбеков). Акыретте көк эшек минишет деп ичкеним аш болбой жүрдү эле (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсеге катуу санааркап тынчы кетүү, санаасы тынбай кыйнала берүү. Колуктум ичкени аш болбой сар санаа болуп жүргөнүн кийин өзү айтып берди (Абдукаримов). Алиги жаштайымда баш кошкон байкушум кантти экен дегенимде ичкеним аш болбойт (Сыдыкбеков). Акыретте көк эшек минишет деп ичкеним аш болбой жүрдү эле (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бир нерсеге сары санаа болуп кыйналуу, азап жей берүү, тынчы кетүү, катуу санаркоо. Өзүңө бир балээ баштоочудай деген ушак-айыңды кулагыбыз чалып, тилмеч досуң экөөбүздүн ичкенибиз ирим, жегенибиз желим (Бейшеналиев). А турсун үй-бүлөсүнүн үрөйү учуп, ичкени ирим, жегени желим болуп жатпайбы (Бердикеев). Өзү согушуп жүрсө, ансыз да ичкени ирим, жегени желим болуп жүрсө жети өмүрүн жерге киргизбейли (Айтматов!) Анын да жашагысы келет да, сенин да ичкениң ирим, жегениң желим (Айтматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсеге сары санаа болуп кыйналуу, азап жей берүү, тынчы кетүү, катуу санаркоо. Өзүңө бир балээ баштоочудай деген ушак-айыңды кулагыбыз чалып, тилмеч досуң экөөбүздүн ичкенибиз ирим, жегенибиз желим (Бейшеналиев). А турсун үй-бүлөсүнүн үрөйү учуп, ичкени ирим, жегени желим болуп жатпайбы (Бердикеев). Өзү согушуп жүрсө, ансыз да ичкени ирим, жегени желим болуп жүрсө жети өмүрүн жерге киргизбейли (Айтматов). В.: Ичкенин ирим, жегенин желим кылуу. Нинанын күндүр-түндүр үй бетин көрбөй, Осмон сыяктуу комсомолго жаңы өткөн жаштар менен үгүт-насыят таратып, айыл-кыштакты кыдырып кетиши да анын ичкенин ирим, жегеним желим кылат (Саатов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. ИЧКЕНИ ИРИМ, ЖЕГЕНИ ЖЕЛИМ БОЛУУ Нинанын күндүр-түндүр үй бетин корбой, Осмон сыяктуу комсомолго жаңы өткөн жаштар менен үгүт-насыят таратып айыл-кыштакты кыдырып кетиши да анын ичкенин ирим, жегеним желим кылат (Саатов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ичке болуу, ичке абалга келүү, мурдагыга салыштырганда ичке боло баштоо. Арыктап адам ичкерет, Азаптуу ишке кайгырса («Олжобай менен Кишимжан»). Мойнуң кылдай ичкерет, Сары оору мээнет дарт менен (Токтогул). 2. Кууш абалга келүү мурдагыдай кеңири, жазы болбой тар, ичке абалга келүү. Күрпүлдөк суусу барган сайын ичкерип, жайлап агып, кара сууга айланып, жээгине теңселип камыш өнө баштайт (Сыдыкбеков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
~: от ичкерештир- поправлять огонь в очаге, подкладывая наверх оставшееся по краям недогоревшее топливо;
оң колу менен куурай ичкерештирип, оттун күйгөнүн тиктөөдө правой рукой поправляя (горящий) курай, он пристально смотрит на огонь.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Куурай, чырпык сыяктуу отундардын күйүп бүтө элек кийинки бөлүктөрүн улам алга, ичкери жакка жылдырып, ондоштуруп туруу. Дарияхан Айдарга суу берип, эки жагын кымтыды да, күйүп жаткан отту ичкерештирди (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
такт. Бир нерсенин ички жагы, ичи; ич жакка, илгери карай. Ичкериде балбылдап күйгөн чоң лампанын айланасындагы кишилерди көрдү («Эл
акындары»). Тор кашканы мамыга байлап ичкери кирди («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Турак жайдын, үйдүн ж. б. ички тарабы, ич жагы. Ичкери киргиле,– деп Зейпи бөлмөнүн эшигин ачты (Абдукаримов). Эшикти акырын чертсем, ичкериден жооп болбоду (Мавлянов). 2. Ич жакты карай, илгери карай. Базыл жобураган бойдон ичкери жөрмөлөдү (Касымбеков). 3. Чет жактагы эмес, ички борбордук тараптагы, ичкерки. Ичкери шаарларда окушка Осмонкулга мүмкүнчүлүк болгон жок («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Чет жакалардагы же борбордон алыс жайда эмес, борборго жакын. Бактын, гүлдүн шаары деген сөздү ичкерки жерди көп кыдырган адамдардан бир нече жолу угушкан (Бейшеналиев). 2. Ич жактагы, түпкү, төр жактагы, ички. Ичкери үйгө кирдим (Абдыраманов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Эч кимге айтпоо, сыртка чыгарбоо, башкага билдирбөө. Ал көргөн кегин ичке сактап жүрдү («Ала-Тоо»). Мына ошондуктан баягы ууда жүргөндө эсине түшкөн Салкын Айсулууга жаздык жаңыртуу жөнүндөгү оюн ичке сактай турууну чечти (Көчкөнов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Сыртка чыгарбоо, билгизбөө, жашыруу, айтпоо. Согумуң чүйгүн болсо, ичиңе сакта (макал). Ал көргөн кегин ичке сактап жүрдү («Ала-Тоо»). Мына ошондуктан баягы ууда жүргөндө эсине түшкөн Салкын Айсулууга жаздык жаңыртуу жөнүндөгү оюн ичке сактай турууну чечти (Көчкөнов).

Русско-кыргызский словарь переводов Чоробека Сааданбекова

Кыргыз адабий тилинин үндүүлөр системасы 14 формадан турат. Тилдин катышына же горизонталдык абалына карай: жоон (а, о, у, ы) ↔ ичке (э, и, ө, ү) үндүүлөр болуп бөлүнөт.

Ичке үндүүлөр (уччулдар)  -- ичке үндүүлөрдү айтканда тилдин учу алга карай бир жүткүнчүктөп, тилдин ортосу тандайды көздөй көтөрүлөт да, өпкөдөн чыгып келе жаткан аба ичке чыгат. Ичке үндүүлөргө: э, и, ө, ү, ээ, өө, үү кирет.

Киргизско-русский словарь Юдахина
ички I
в разн. знач.
внутренний;
ички оорулар внутренние болезни;
ички соода внутренняя торговля;
ички пикири его тайные мысли;
ички кырдаалдар внутренняя обстановка;
ички саясий кризис внутриполитический кризис;
ички жумуштарды мен тындырып тургандыктан, атам тышкы иштер менен болду так как внутренние (по хозяйству) дела справлял я, отец мой был занят делами внешними.
ички II
то же, что ичкилик I 1.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Ич жагын караган. Ички бети түктүү кездеме.
  1. 2.                  Ич жактагы, төр жактагы. Каныбектер ички үйгө киришти (Жантөшев).
  2. 3.                  Ичтеги, жарыялана элек, көмүскө. Эки курбу баш кошуп, Сүйлөшсө ички сыр кызык (Токтогул). Эми, элим, силерге ички пикиримди айтайын («Курманбек»).
  3. 4.                  Өз ич арасына гана таандык, башкаларга, бөтөн тарапка тиешеси жок. Ички саясат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир нерсенин сыртына карама-каршы жагындагы, ич тарабындагы, ич жагын караган. Ички бети түктүү кездеме. 2. Ич жактагы, төр жактагы, төркү Каныбектер ички үйгө киришти (Жантөшев). 3. Ичтеги айтыла элек, жарыялана элек, көмүскө. Ар бири ички дартын айткысы келет (Каимов). Эми элим силерге, Ички пикир, сырды айттым («Курманбек»). 4. Ич арага таандык, сыртка, бөтөн тарапка, башкаларга тиешеси жок. Ички жумуштарды мен тындырып тургандыктан, атам тышкы иштери менен болду (Жантөшев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИЧКИ АСКЕРЛЕР – КР ИИМдин объекттерди кайтаруу, коомдун, мамлекеттин жана инсандардын кызыкчылыктарын коргоо, жарандардын конституциялык укуктары менен эркиндиктерин кылмыш ж. б. укукка каршы колсалуулардан сактоо боюнча аскердик-кызматтык милдеттерди аткарууга багытталган аскерлери. И. а-дин милдети: мамлекеттик маанилүү объектерди жана атайын жүктөрдү кайтаруу; эмгек-түзөтүү мекемелерин күзөтүү, камалган жана соттолгон адамдарды айдоо; КР ички иштер органдарына коомдук тартипти сактоо боюнча көмөктөшүү; өзгөчө кырдаалдарда коомдук коопсуздукту жана укук режимин камсыз кылуу; КР аймагын коргоого катышуу.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИЧКИ АУДИТ – КР мыйзамдарына ылайык өзүнүн ички көзөмөлдөө тармагынын натыйжалуулугун жана ылайыктуулугун, кабыл алынган чечимдердин, табылган жаңылыштыктардын тууралыгын баалоо максатында аны атайын дайындалган кызматкерлери тарабынан компаниянын каржылык отчетун, ошондой эле эсептеринин ишенимдүүлүгүн текшерүү.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Кодекс этики внутренних аудиторов (The code of ethics of internal auditors) —Кодекс этики международного Института внутренних аудиторов, который включает Принципы, относящиеся к профессии и практике внутреннего аудита, и Правила поведения, описывающие поведение, ожидаемое от внутренних аудиторов.  

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИЧКИ ДЕҢИЗ СУУЛАРЫ – мамлекеттин ички сууларынын, демек, анын эгемендүү аймагынын ажырагыс бөлүгү. Дүйнөлүк океандын мамлекеттин кургак аймагы менен аймактык суусунун ортосунда жайгашкан бөлүгү да кирет.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Валовый внутренний продукт (Gross domestic product) —Рыночная стоимость всех конечных товаров и услуг (то есть предназначенных для непосредственного употребления), произведённых за год во всех отраслях экономики на территории государства для потребления, экспорта и накопления, вне зависимости от национальной принадлежности использованных факторов производства. Существует три метода расчета ВВП: 1) путем суммирования всех доходов в экономике: заработной платы, процентов на капитал, прибыли и ренты; 2) путем суммирования всех произведенных расходов: потребления, инвестиций, государственных закупок товаров и услуг, а также чистого экспорта; 3) путем суммирования всех добавленных стоимостей.  

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИЧКИ ЗАЙЫМ ОБЛИГАЦИЯЛАРЫ – ички мамлекеттик зайымдарды жолжоболоштуруу каражаты болгон баалуу кагаздардын бир түрү. И. з. о. адатта көрсөтүүчү жакка карата чыгарылат. Киреше түрлөрү боюнча ал өзара пайыздуу жана пайызсыз болуп бөлүнөт. Киреше утуш таризинде да төлөнөт (атайын утуш нускасы). И. з. о. жайгашкан чөйрөнүн субъекттерине жараша алар мындайча бөлүнөт: эркин жүгүртүлүүчү же жүгүртүм алкагы чектелген (м.: юридикалык жактар арасында гана). Ыктыярдуу негизде таркатылат. Ошого карабастан, көптөгөн мамлекеттердин тарыхында И. з. о-н мажбурлоо аркылуу (тилкат боюнча) жайгаштырган учурлар дагы белгилүү. Ошондуктан, жайгаштыруу түрү боюнча да тапташтырылышы мүмкүн. Төлөө таризи боюнча мындай болушу мүмкүн: мамлекеттик валюта боюнча төлөнчү; чет өлкө валютасы боюнча төлөнчү (кээ учурларда чыгаруу шарттарынын өзгөчөлүктөрүнө жараша). Эмитентине жараша: КР Өкмөтү же КР Каржы министрлиги тарабынан чыгарылган облигациялар; жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тарабынан чыгарылган облигациялар.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИ (ИИМ) – өз ыйгарым укуктарынын чектеринде адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укук тартибин сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөлөрүндө мамлекеттик башкарууну ишке ашыруучу жана КР ички иштер органдарынын жана КР ИИМдин ички аскерлеринин иштеринин негизги багыттарын түздөнтүз жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин органы. ИИМ курамына облустук, райондук, шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн башкы башкармалыктары, башкармалыктары жана бөлүмдөрү, темир жолдогу, аба транспортундагы бөлүмчөлөрү (линиялык бөлүмдөр жана бөлүмчөлөр), мамлекеттик автоинспекция, ички иштер органдарына жана ички аскерлерге жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн түзүлгөн ишканалар, мекемелер жана уюмдар кирген ички иштер органдарынын тармагын башкарат. Ички иштер органдары жана ички аскерлер ИИМ тутумун түзөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИЧКИ ИШТЕР ОРГАНДАРЫ – коомдук тартипти, инсандык жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча аткаруучулук-тескөөчүлүк иш-милдеттерди жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар. КРде КР ИИМ, ага баш ийген обулустук жана Бишкек шаардык ички иштер башкармалыктары, транспорттогу бөлүмдөр, И. и. о-нын шаардык, райондук, шаардагы райондук, айылдардагы бөлүмдөрү, ошондой эле өзгөчө жана режимдүү объекттер, окуу жайлар, мекемелер жана уюмдар КР И. и. о-нын бирдиктүү тутумун түзөт. И. и. о-нын түзүмүн КР Ички иштер министри аныктайт жана КР Өкмөтү бекитет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИЧКИ КЕМЧИЛИКТЕР – камсыздандырылган жүккө тийешелүү, анын жок болушуна жана бузулушуна (чирүү, күйүп кетүү, жарылуу, ным тартуу ж. б. у. с.) алып келүүчү касиеттер. Жүктөрдүн И. к-инен улам тартылган зыяндар, табигый касиеттер тобокелчилик түшүнүгүнө жатпагандыктан, ал камсыздандырылбайт.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Внутренний контроль (The internal control) —Система мер на всех уровнях процесса управления, который обеспечивает разумную уверенность в том, что организация эффективно достигнет своих целей и решит поставленные задачи при соблюдении всех нормативно-законодательных актов. Любые действия руководства и других сторон по управлению рисками и повышению вероятности достижения поставленных целей и выполнения задач.  

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Адекватность внутреннего контроля (Adequacy of the internal control) —Это контроль, обеспечивающий разумную уверенность в том, что управление рисками осуществляется эффективно, а цели и задачи организации будут выполнены наиболее эффективным и экономически оправданным способом.  

Киргизско-русский словарь Юдахина
ичкилик I
1. напиток; спиртной напиток;
"ишке чык" десе, укпайсын; "ичкилик" десе, чуркайсың стих. скажет: "иди на работу",-ты не слышишь, скажут: "выпивка",- ты бежишь;
ичкилик-жегилик пития и яства;
2. пьянство;
ичкиликке берилип предавшись пьянству.
ичкилик II
южн.
то же, что ичилик 1
подкладка (портновская).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кыргыз элинин өткөндөгү турмушунда уруулук жиктелүү күчтүү болгон. Анткени көп кылымдар бою уруучулук-феодалдык түзүлүштө жашап келген. Ошого байланыштуу жалпы кыргыз элин түзгөн уруулар негизги үч топко бөлүнгөн: оң, сол, ичкилик. Оң менен сол сөздөрү аскердин оң жана сол канаты, арааны дегенден улам келип чыкканын өткөн кылымда эле В. В. Радлов айткан. Ал эми ичкилик деген терминдин кандайча пайда болгону азыркы күнгө чейин кыргыз тилчилери, тарыхчылары тарабынан аныктала элек. Биздин оюбузча, ичкилик сөзү оң, сол сөздөрү сыяктуу эле аскердик түзүлүшкө байланыштуу келип чыккан. Ички сөзү ич+ки бөлүктөрүнөн куралып, ал 15–16-кылымдарда Орто Азиядагы элдерде «борбордогу, хандын карамагындагы» деген маани берген. Ушундай маани бергенин ошол кезде арабча, персче, түркчө жазылган кол жазмалардан окууга болот. Анткени оң жана сол канат ар бири өзүнүн аскер башчысы бар өзүнчө топ болгон. Ал эми борбордук топко хан өзү жайгашкан. Хан борбордук топтогу өзүнүн тикеден-тике көз алдында турган колду башкаруу менен бирге, оң жана сол канатка, жалпы шартка көз салган. Борбордук топтун аскерин ичкилерден чыккандар түзгөн. Хандын өзүнө түздөн-түз баш ийип, анын ордосунда кызмат кылгандар ички аталган. XVI кылымда жазылган Мухаммад Салихтын «Шейбанийнома» аттуу чыгармасында «Унгу сул борга кийиндилар чуст, Белларин богладилар размга руст. Ичкиси доги мукаммал булди, Ичкидин хоннинг эшиги тулди» - деген маалымат айтылат (106-бет). Ал эми хандын бийлигин таанып, ага баш ийүү менен, өзүнчө уруу болуп, ханга тиешелүү кызматын кылып берип тургандардан куралган оң менен сол канаттагылар тышкы, тышкылык аталган дешке болот. Азыркы күнгө чейин тышкылык деген жалпы аты сакталбай, анын оң жана сол деп ажыратылган калыбындагысы гана сакталган. Ичкиликтер болсо борбордук туунун кай жагына жайгашканына жараша оң жана сол болуп бөлүнгөн. Ошондуктан алар да оң колдук ичкилик, сол колдук ичкилик (чап колдук) болуп өз ара айырмаланышкан. Мына ушундайча ичкилик жана тышкылыкка ажыратуу, анын ар бирин оң жана солго бөлүү байыркы замандаи бери келе жаткан салттан улам келип чыккан. Байыркы түрк жазууларында ички деген термин жогорку ички сөзүнө жакын маани берген, тактап айтканда «1) мамлекеттин чегинин ичиндеги баш ийгендер 2) хандын өзүнүн карамагындагы, ордосундагы» дегенге жакын маанини билдирген. Ичкилик сөзү XV–XVI кылымдарда гана активдүү колдонгонуна караганда, кыргыз элинин өзүнчө аскери болуп, мамлекеттик түзүлүшкө келген мезгили да ошо мезгилге жашташ же андан бир аз мурдараак болушу мүмкүн. Кантсе да уруулардын союзунан кыргыз эли түзүлгөн кезде оң канатта турган жана ага аскер бере турган уруулар жалпысынан бириктирилип, оң аталып калган. Ошондой эле жол менен сол канаттагы уруулар аталган. Борбордук корпус ички, ичкилик аталган.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИЧКИ СУУЛАР – жээктери бир мамлекетке тийешелүү болгон өзөндөр ж. б. көлмөлөрдүн суулары. И. с-дын укук тартиби мамлекеттин улуттук мыйзамдары менен, ал эми чегара сууларыныкы чектеш мамлекеттер менен түзүлгөн макулдашуулар боюнча аныкталат.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бирөөнүн ийгилигин, жетишкендигин көрө албастыктан, ыза болгондуктан, ардангандыктан пайда болгон ич тардык сезими. Адегенде намыс кайнап, ич күйдүлүк болсо болор Барманда (Сыдыкбеков). Бизге жете албай өтө ызаланып, ич күйдүлүгү уламдан-улам күчөп жатат ко (Абдукаримов). Кезек баарыбызга келет, эртеби-кечпи, баарыбыздын барар жерибиз чогуу, ич күйдүлүктүн кереги жок (Абдукаимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөнүн ийгилигин, жетишкендигин көрө албастыктан, ыза болгондуктан, ардангандыктан пайда болгон ич тардык сезими. Адегенде намыс кайнап, ич күйдүлүк болсо болор Барманда (Сыдыкбеков). Бизге жете албай өтө ызаланып, ич күйдүлүгү уламдан-улам күчөп жатат го (Абдукаримов). Кезек баарыбызга келет, эртеби-кечпи, баарыбыздын барар жерибиз чогуу, ич күйдүлүктүн кереги жок (Абдукаимов). В.: Ич күйдү. Кудай бизге берген бакты, Көрө албаган ич күйдү эшек кулактар (Шүкүрбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Дилде, ичте сакталган таарыныч, нараазылык. Ич күптүсү эми чыккандай көөдөнүн кере дем алды («Ала-Тоо»). Сөз аңдып контордон чыкпайт, Ич күптүсү барларга ыктайт («Чалкан»). Ашырбек нечен-нечен ич күптүсүн кыйкырып жибере жаздап, бирок ага оозу барбай ачуусун ошол тушта суу көтөрүп чукул келип калган аялын көздөй атырылтты (Акматов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Дилде, ичте сакгалган таарыныч, нараазылык. Ич күптүсү эми чыккандай көөдөнүн кере дем алды («Ала-Тоо»). Сөз аңдып контордон чыкпайт, Ич күптүсү барларга ыктайт («Чалкан»). Ашырбек нечен-нечен ич күптүсүн кыйкырып жибере жаздап, бирок ага оозу барбай ачуусун ошол тушта суу көтөрүп, чукул келип калган аялын көздөй атырылтты (Акматов).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Байыркы түрк тилинде ичлик сөзү кыргызча ичмек сөзүнүн маанисин берип, ичмек сөзү «козунун терисинен жасалган ичик» маанисин туюнткан (ДТС, 202). Кыргыз тилинде байыркы ичмек сөзүнө туура келген сөз ичик болуп өзгөрүп, л тыбышы түшүп калса, мааниси да өзгөрүп, киши кие турган тыш кийимди билдирип калган. Ошол сыяктуу болуп ичмек сөзү да өзгөргөн. Азыркы кыргыз тилинде бул сөз аттын жонуна эң биринчи салына турган токумдун биринин атын билдирет. Ичмек сөзү ич+мек бөлүктөрүнөн турат. Анын -мек мүчөсү мааниси боюнча -лык мүчөсүнө туура келет. Бирок ар бир тилде -лык же -мак мүчөсү дифференцияланып, ар бири уланган сөзүнө өзгөчө маани берип калган.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Тердиктин алдына токулуучу жумшак кийиз, токулга. 40 ээрди ичмек, тердиги менен өткөрүшүбүз керек (Сыдыкбеков). – Апаке, тердиктин ичмеги менен басмайылды мага эле бер («Жаш ленинчи»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кылык-жоруктары, болгон өнөрлөрү ичинде катылуу, кылган иштери, ой-пикири купуя. Күйүнүп да койбой, сумсайып, ичмекейи ичинде (Осмоналиев). Өзгөчө ар дайым иштин оңоюн көздөп, маянанын көбүрөгүн качырган, сыртынан караганда, момун көрүнгөнү менен ичмекейи ичинде, менин дос сөрөйүм бул иште эч кимди алдына салбайт («Кыргызстан маданияты»). Бегалы бөлөлөрүнүн ачык айтпаганы менен ичмекейин ичине каткан каяшалары болуп жатпайбы («Ала-Тоо»). Сатар ичмекейи ичинде тилсиз ээрчий басты (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кылык-жоруктары, болгон өнөрлөрү ичинде катылуу, кылган иштери, ой-пикири купуя. Күйүнүп да койбой, сумсайып, ичмекейи ичинде (Осмоналиев). Өзгөчө ар дайым иштин оңоюн көздөп, маянанын көбүрөгүн качырган, сыртынан караганда, момун көрүнгөнү менен ичмекейи ичинде, менин дос сөрөйүм бул иште эч кимди алдына салбайт («Кыргызстан маданияты»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Тамактангысы, же ичип-жегиси келип турган абал, курсагы ачтык же ток пейилдик, апетит. Көкөнүн ичтейи биротоло ачылып кетти окшойт, эч кимге карабай палоону лукулдатып сугунуп кирди, (Касымбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Аябай азап чеккенин сыртына чыгарбоо, катуу күйүү, билгизбей өзүнчө капалануу. Ал дагы күйүттүү эне, ичтен зеки кайгысы козголуп, ичтен боздоп, акырын эрдин кыбыратып алды да, башын аргасыз ийкей өзүнчө улутунду (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Аябай азап чеккенин сыртына чыгарбоо, катуу күйүү, билгизбей өзүнчө капалануу. Ал дагы күйүттүү эне, ичтен эски кайгысы козголуп, ичтен боздоп, акырын эрдин кыбыратып алды да, башын аргасыз ийкей өзүнчө улутунду (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ооруу, санаа сыяктуу жагымсыз нерселердин бир канча убакытка чейин алдыртан адамдын тынчын алуусу. 2. Астыртан, тымызын чыккынчылык кылма, билгизбей ишти бүлдүрмө. Ансыз деле ичтен жеген курттай болгон сары санаасы ырбады (Бердикеев). Кычаштык кылгандай жан дүйнөнү аза күттүрткөн өңдөнүп, ичтен жеген курттай билгизбей сөөк какшаткан муңдуу күүнү сыбызгытууда (Исмаилов). Колунан бийлик тайыган соң ичтен жеген курттай дале болсо, күбүрөп-шыбырап, туура жүргөн активдердин артынан коңгуроо шылдыратат (Сыдыкбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Астыртан, тымызын чыккынчылык кылма, билгизбей ишти бүлдүрмө. Ансыз деле ичтен жеген курттай болгон сары санаасы ырбады (Бердикеев). Кычаштык кылгандай жан дүйнөнү аза күттүрткөн өңдөнүп, ичтен жеген курттай билгизбей сөөк какшаткан мундуу кууну сыбызгытууда (Исмаилов). Колунан бийлик тайыган соң, ичтен жеген курттай дале болсо күбүрөп-шыбырап, туура жүргөн активдердин артынан коңгуроо шылдыратат (Сыдыкбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. ИЧИНЕН СЫЗУУ - Эмне кылайын, кууса куугандыр, - деди Момун ичтен сыздап (Айтматов). Ал эрдин бек кымтып, ичтен сыздап, оозуна сөз кирбей отуруп калды (Касымбеков). Сыртынан сыр бербегендери менен аялы экөө туяксыз жүрүшкөнүнө ичтеринен сыздачу (Кушубеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. ИЧИНЕН СЫЗУУ Кимдин жарыгы эрте өчтү дегиче, манап ошол аялыныкында экенин билишип, ичтен сызып, өзүнчө күптү болуп, шордуулар өчүн ак мамыктан чыгарчу экен (Кушубеков). Сени эңсеп гана ичтен сызып каламын (Жусупов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кайгы-капасы, өкүнүчү, ызасы ичинде болуу, ичинен кайгыруу, күйүү, кайгы-капасын сыртына чыгарбай өз ичинен, убайым тартуу. Жаш кыз ичтен сызды (Сыдыкбеков). Балалуу болбогонума аялым ичинен сызып жүргөнүн байкачумун (Абдукаримов).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ИЧТЕН ТУЮНТУУ «Манас» айтуу өнөрүндө. «Манас» айтууда манасчы актёрдук өнөрдүн И. т. (переживание) принцибин пайдаланат. Бир да образ көрсөтүп туюнтуу (представление) аркылуу жаралбайт. «Манас» айтып жаткан аткаруучу сөзсүз түрдө кейипкерлеринин «терисине кирип» кетет да, образды анын ички ал-абалын көрсөтүү аркылуу жаратат. Ошон үчүн манасчынын эмоциялык абалы өзгөчө концентрацияланган деңгээлде турат. Манасчы каарманы кубанса кошо кубанып, кайгырса кошо муңга чөгөт. Маселен, Каныкейдин Тайторуну чапканын айтканда Саякбай Карала уулунун көзүнөн бурчактаган жаш кетип, өңү буркураган муңдуу абалга келет Же болбосо Манас жоосун жеңип кубанып турганда манасчы жадырап-жайнап, үнү шаңдуу чыгып, жигерденип калат. Айтуучу жеке эле кейипкеринин ички ал-абалын көргөзүп гана тим бөлбөйт, ал өзү да чын дилинен кошо кубанат, кошо кайгырат (сопереживание). Бул принцип да актёрдук өнөрдүн бир белгиси болуп эсептелет.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бала (ал жакшыбы, жаманбы-баары бир) - эт менен жүрөктөн жаралган, ал баары бир өз үчүн жакшы, сүйкүмдүү (бул сөз көбүнчө кейигенде, бала чеки иш кылганда айтылат). Бала түшкүр, эне үчүн - дайыма бала: эси болобу, эси болбойбу, бою болобу, бою болбойбу, - ичтен чыккан ийри жылан (Касымбеков). Өз уулу менен соттошуп жүрүүнү намыс көрөбү же ичтен чыккан ийри жыланды жамандыкка кыйбайбы, айтор, ичтен сызып жүргөнү - жүргөн экен («Ала-Тоо»). Ичтен чыккан ийри жылан өзүңдөн сырын жашырган соң... (Байтемиров).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бала жакшыбы, жаманбы – баары бир ата-эне үчүн жакшы, сүйкүмдүү (бул сөз көбүнчө кейигенде, бала чеки иш кылганда айтылат). Бала түшкүр, эне үчүн – дайыма бала: эси болобу, эси болбойбу, бою болобу, бою болбойбу, – ичтен чыккан ийри жылан (Касымбеков). Өз уулу менен соттошуп жүрүүнү намыс көрөбү же ичтен чыккан ийри жыланды жамандыкка кыйбайбы, айтор, ичтен сызып жүргөнү – жүргөн экен («Ала-Тоо»). Ичтен чыккан ийри жылан өзүңдөн сырын жашырган соң... (Байтемиров).