Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бала (ал жакшыбы, жаманбы-баары бир) - эт менен жүрөктөн жаралган, ал баары бир өз үчүн жакшы, сүйкүмдүү (бул сөз көбүнчө кейигенде, бала чеки иш кылганда айтылат). Бала түшкүр, эне үчүн - дайыма бала: эси болобу, эси болбойбу, бою болобу, бою болбойбу, - ичтен чыккан ийри жылан (Касымбеков). Өз уулу менен соттошуп жүрүүнү намыс көрөбү же ичтен чыккан ийри жыланды жамандыкка кыйбайбы, айтор, ичтен сызып жүргөнү - жүргөн экен («Ала-Тоо»). Ичтен чыккан ийри жылан өзүңдөн сырын жашырган соң... (Байтемиров).