Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кыргыз элинин өткөндөгү турмушунда уруулук жиктелүү күчтүү болгон. Анткени көп кылымдар бою уруучулук-феодалдык түзүлүштө жашап келген. Ошого байланыштуу жалпы кыргыз элин түзгөн уруулар негизги үч топко бөлүнгөн: оң, сол, ичкилик. Оң менен сол сөздөрү аскердин оң жана сол канаты, арааны дегенден улам келип чыкканын өткөн кылымда эле В. В. Радлов айткан. Ал эми ичкилик деген терминдин кандайча пайда болгону азыркы күнгө чейин кыргыз тилчилери, тарыхчылары тарабынан аныктала элек. Биздин оюбузча, ичкилик сөзү оң, сол сөздөрү сыяктуу эле аскердик түзүлүшкө байланыштуу келип чыккан. Ички сөзү ич+ки бөлүктөрүнөн куралып, ал 15–16-кылымдарда Орто Азиядагы элдерде «борбордогу, хандын карамагындагы» деген маани берген. Ушундай маани бергенин ошол кезде арабча, персче, түркчө жазылган кол жазмалардан окууга болот. Анткени оң жана сол канат ар бири өзүнүн аскер башчысы бар өзүнчө топ болгон. Ал эми борбордук топко хан өзү жайгашкан. Хан борбордук топтогу өзүнүн тикеден-тике көз алдында турган колду башкаруу менен бирге, оң жана сол канатка, жалпы шартка көз салган. Борбордук топтун аскерин ичкилерден чыккандар түзгөн. Хандын өзүнө түздөн-түз баш ийип, анын ордосунда кызмат кылгандар ички аталган. XVI кылымда жазылган Мухаммад Салихтын «Шейбанийнома» аттуу чыгармасында «Унгу сул борга кийиндилар чуст, Белларин богладилар размга руст. Ичкиси доги мукаммал булди, Ичкидин хоннинг эшиги тулди» - деген маалымат айтылат (106-бет). Ал эми хандын бийлигин таанып, ага баш ийүү менен, өзүнчө уруу болуп, ханга тиешелүү кызматын кылып берип тургандардан куралган оң менен сол канаттагылар тышкы, тышкылык аталган дешке болот. Азыркы күнгө чейин тышкылык деген жалпы аты сакталбай, анын оң жана сол деп ажыратылган калыбындагысы гана сакталган. Ичкиликтер болсо борбордук туунун кай жагына жайгашканына жараша оң жана сол болуп бөлүнгөн. Ошондуктан алар да оң колдук ичкилик, сол колдук ичкилик (чап колдук) болуп өз ара айырмаланышкан. Мына ушундайча ичкилик жана тышкылыкка ажыратуу, анын ар бирин оң жана солго бөлүү байыркы замандаи бери келе жаткан салттан улам келип чыккан. Байыркы түрк жазууларында ички деген термин жогорку ички сөзүнө жакын маани берген, тактап айтканда «1) мамлекеттин чегинин ичиндеги баш ийгендер 2) хандын өзүнүн карамагындагы, ордосундагы» дегенге жакын маанини билдирген. Ичкилик сөзү XV–XVI кылымдарда гана активдүү колдонгонуна караганда, кыргыз элинин өзүнчө аскери болуп, мамлекеттик түзүлүшкө келген мезгили да ошо мезгилге жашташ же андан бир аз мурдараак болушу мүмкүн. Кантсе да уруулардын союзунан кыргыз эли түзүлгөн кезде оң канатта турган жана ага аскер бере турган уруулар жалпысынан бириктирилип, оң аталып калган. Ошондой эле жол менен сол канаттагы уруулар аталган. Борбордук корпус ички, ичкилик аталган.