Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Үшүгөндүктөн же муздак суу тийгендиктен адамдын бүткөн бою дүүлүгүү, чыйрыгуу. Сууктан ичиркенген Акбар эки ийнин куушурду (Убукеев). Жаан суусу мойнуна тамса, ага арабакеч ичиркенип да койбойт (Сыдыкбеков).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Бул сөз ичирке+н морфемаларынан куралган. Анын ичирке уңгусу жогорку итирке сөзүнө т тыбышы ч тыбышына алмашусу боюнча туура келет. Ага этиш жасоочу -н мүчөсү жалганып, ичиркен сөзү жасалган. Муздак суу жылаңач этине чачыраганда адам ичиркенет. Сууктан, муздак суудан ичиркенип кеткенде колдонулчу ичикий сырдык сөзү да ушул ичирке сөзүнүн р тыбышы түшүшүнөн келип чыгышы мүмкүн: ичирк+ий>ичикий.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Үшүгөндө, чыйрыкканда, дене муздак сууга тийгенде ж. б. бүткөн бой дүүлүгүп калтырай түшүү. Эмнегедир ичиркенип, боюм курушкансыйт (Абдукаримов). Жаандын суусу мойнуна тамса, ага арабакеч ичиркенип да койбойт (Сыдыкбеков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от ичиркен-;
кабыргаң жарып, ок тийсе, ичиркентпе этиңди фольк. если (даже) пуля пробьёт тебе ребро, ты не дрогни телом;
Ыманбайдын бул кеби Касейинди ичиркентти эти слова Ыманбая очень неприятно подействовали на Касейина.