Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Бул сөз ичирке+н морфемаларынан куралган. Анын ичирке уңгусу жогорку итирке сөзүнө т тыбышы ч тыбышына алмашусу боюнча туура келет. Ага этиш жасоочу -н мүчөсү жалганып, ичиркен сөзү жасалган. Муздак суу жылаңач этине чачыраганда адам ичиркенет. Сууктан, муздак суудан ичиркенип кеткенде колдонулчу ичикий сырдык сөзү да ушул ичирке сөзүнүн р тыбышы түшүшүнөн келип чыгышы мүмкүн: ичирк+ий>ичикий.