ИЧКИ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Бир нерсенин сыртына карама-каршы жагындагы, ич тарабындагы, ич жагын караган. Ички бети түктүү кездеме. 2. Ич жактагы, төр жактагы, төркү Каныбектер ички үйгө киришти (Жантөшев). 3. Ичтеги айтыла элек, жарыялана элек, көмүскө. Ар бири ички дартын айткысы келет (Каимов). Эми элим силерге, Ички пикир, сырды айттым («Курманбек»). 4. Ич арага таандык, сыртка, бөтөн тарапка, башкаларга тиешеси жок. Ички жумуштарды мен тындырып тургандыктан, атам тышкы иштери менен болду (Жантөшев).