Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Адам менен тез эле жакындашып, аралашып кетүү, эпилдеп жумшак мамиле жасоо, ишенимге өтүү. Мени - «энеке», сени - «атаке» деп, ичи-койнубузга кирип жүргөн себеби да ошол тура (Баялинов). Акмөөрдүн өргөөсүнө жеңкетайды март чачып, ичи-койнуна соорулап кирген Жантайдын шум жигити - Карбоз (Бейшеналиев). Азыр куру-намысты коюп, кекирейбей, чекирейбей, ышылдап-шыпылдап ичи-койнуна кирди (Тойбаев). Ич-койнуна кирип, ага эркелей берип, кээде Зарылды күлдүрө турган тамаша кептерди айтып салуучу (Сыдыкбеков). Акбаевдин ичи-койнуна кирип, коштоп алып, көп жерге барса керек (Бектенов). Адамдын ичи-койнуна бат эле кирип кетет (Айтматов)