ИЧИ-КОЙНУНА КИРҮҮ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Адам менен тез эле жакындашып, аралашып кетүү, эпилдеп жумшак мамиле жасоо, ишенимге өтүү. Мени – «энеке», сени – «атаке» деп, ичи-койнубузга кирип жүргөн себеби да ошол тура (Баялинов). Акмөөрдүн өргөөсүнө жеңкетайды март чачып, ичи-койнуна соорулап кирген Жантайдын шум жигити – Карбоз (Бейшеналиев). Азыр куру-намысты коюп, кекирейбей, чекирейбей, ыпылдап-шыпылдап ичи-койнуна кирди (Тойбаев). Ич-койнуна кирип, ага эркелей берип, кээде Зарылды күлдүрө турган тамаша кептерди айтып салуучу (Сыдыкбеков). Акбаевдин ичи-койнуна кирип, коштоп алып, көп жерге барса керек (Бектенов). В.: Ичи-бооруна кирүү. Мукамбай тим эле кишинин ичи-бооруна кирип турган киши экен (Абдукаримов). Таттуу сүйлөп, ичи-бооруңа кирет.