Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Оюн, сырын, пикирин кишиге айтпаган, ачык-айрым эмес, көп сүйлөбөгөн, бейчеки сөз айтпаган, түнт. Ичим тап бир мүнөз бар чыкпайт сыры, Сакталат жүрөгүндө сөздүн чыны (Тоголок Молдо). Жүрөккө түпөйүл болгон кайгы башкалар менен ырк кошпогон ичим тап кишилер үчүн коркунучтуу болот (Каимов). Исхак сынган бутун сыйпалап, көзүнүн төбөсү менен отургандарды сыдырып тиктеп, эрдин бек кымтып, ичим тап болуп отурду (Касымбеков). Ичим тап Суусардын бул сөзүнө ала көөдөк Төлөмүш анчалык маани бербеди (Бердикеев). Баягы жадырап-жайнаган кайниси бул күндө ой тереңине чөмүлүп, ичим тап боло баштаган (Өгөбаев).