ИЧИНЕ КАРА ТАРУУ АЙЛАНБАГАН
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Өзүнөн башкага жакшылык каалабаган, бирөөнүн ийгилигин, жакшы жагын көрө албаган, ага ич тардык кылган. Айтканындай эле, ичине кара таруу айланбаган тар, күнүчүл экен (Каимов). - Өзүнчө эле туталанып, куйкасы курушуп, итатайы тутулуп кеткен, ичине кара таруу айланбаган, териси тар адамдар болот (Медетов).