Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өзүнөн башкага жакшылык каалабаган, бирөөнүн ийгилигин, жакшы жагын көрө албаган, ага ич тардык кылган. Айтканындай эле, ичине кара таруу айланбаган тар, күнүчүл экен (Каимов). – Өзүнчө эле туталанып, куйкасы курушуп, итатайы тутулуп кеткен, ичине кара таруу айланбаган, териси тар адамдар болот (Медетов). В.: Ичине бүкүрү таруу айланбаган. Ал ичине бүкүрү таруу айланбаган, а түгүл бирөөнүн морунан коюу түтүн чыкканын көрө албаган бир неме экен (Жигитов). Ичине кара кыл айланбаган. Ичине кара кыл айланбаган байкушум а... (Сыдыкбеков).