ИЧ КҮЙДҮЛҮК
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Бирөөнүн ийгилигин, жетишкендигин көрө албастыктан, ыза болгондуктан, ардангандыктан пайда болгон ич тардык сезими. Адегенде намыс кайнап, ич күйдүлүк болсо болор Барманда (Сыдыкбеков). Бизге жете албай өтө ызаланып, ич күйдүлүгү уламдан-улам күчөп жатат ко (Абдукаримов). Кезек баарыбызга келет, эртеби-кечпи, баарыбыздын барар жерибиз чогуу, ич күйдүлүктүн кереги жок (Абдукаимов).