ИЧКЕ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Бою, тулкусу жагынан алганда болук эмес, жоондугу жагынан алганда ичкелик артыкчылыгы бар, жоон эмес. Ал ичке бойлуу, кара тору келин (Жантөшев). Уруя ичке манжаларын кырсылдатты (Байтемиров). Анын же шоона жип же ичке чынжыр экени байкалбайт (Сыдыкбеков). 2. Жоон эмес, чыйылдаган (үн жөнүндө). Ашырдын ичке үнүн шахтёрлор алда кайдан эле таанышчу (Сасыкбаев). 3. Кенен эмес, чоң эмес, кууш, тар. Кербен сарай, эски дубал уранды, Ичке булак ар жагында безилдейт (Токомбаев). Как ошол жерден ичке сай бойлоп, Кара жол кетет жыландай сойлоп (Абдыраманов).