ИЧИ ӨРТ МЕНЕН ЖАЛЫН БОЛУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Абдан катуу кайгыруу, күйүт тартуу, күйгүлтүккө түшүү. Жигиттин ичи өрт менен жалын болду («Чалкан»). В.: Ичи өрт менен жалын. Ичи өрт менен жалын, а өзү болсо эптеп жатып чачынын бүтүн жагын оюк жагына теңеди да, күзгүдөн тезирээк качып чыкты (Акматов). Ичи чок болуу. Ойлосом ичим чок болот, Айтпасам көңүл бук болот («Манас»). Баятан берки сөзүңдү, байкасам күйүп ичим чок («Курманбек»). Ичи өрттөнүү. Ошондо ансыз да ичи өрттөнүп, көпкө дейре өпкөлөп ыйлаган экен (Акматов). Кудаяр кандын ичи өрттөндү (Касымбеков). Ичин өрттөө. Эрксизден эриндери дирилдеп, аргасыз ачууга, ичин өрттөгөн ызага, баласы экөөнүн башына түшкөн кайгыга чыдабай, кайрадан сыздап ыйлады (Айтматов).